Читаем Адамдын Асыл ойлору полностью

Бир уй бир короо уйду түзгөн эмес. Бир барак бир китепти түзгөн эмес. Анткени ал баракта бир китептик касиет болуш керек.

* * *

Учуш үчүн жалгыз тал канат жетпейт. Ал үчүн кушта болгон баардык тал канат болуш керек.

* * *

Күнөөсүз адамды күнөөлөгөн, өзү күнөөгө баткандык.

* * *

Көңүл ынанымдуу болгон жерде, жашоо ынанымдуулукка айланып, андан ары жылууга болот.

* * *

Жупунулук көрк, анын маңызы жөнөкөйлүктө.

* * *

Тынч мүнөз биз суктанган тынчтыкты жаратат. Буркан-шаркан түшкөн мүнөз изденүү кээде жаңылыкты, же жаңылыштыкты жаратып жиберет.

* * *

Рухий байлык – бизди, биз – рухий байлыкты жаратабыз.

* * *

Тарбиялуулукту китептерден, адамдардан жана коомдон, жаратылыштан үйрөнүп, аны жүрөгүбүзгө байыр алдырабыз же, сиңирип жатабыз. Ошолор менен чыныгы адам болуп жашайбыз.

* * *

Дүйнөдө жети керемет бар дейт. Кыргызда деле жети керемет бар. Алар: Ала-Тоо, Ысык-Көл, боз үй, комуз, Манас, ак калпак, эне тил, бешик. Кыргыздар бул жети кереметинин бирөөнөн эле айрылса, алар үчүн оорду толгус жоготуу.

* * *

Адам өзү жасаган ишинен бакытты көрүп турса, анын өзү эле бакыт.

* * *

Талант менен байлык укумдан-тукумга кала берет. ал эми жалкоолук, ар кандай жаман сапаттар укумдан-тукумга калды деп уккан эмеспиз жана көрбөдүк.

* * *

Чыныгы талант тынчтыктын жана эмгектин нурунан жаралат. Талантты тынчтыктын, эмгектин казанынан сузуп алып кылымдарга калтырабыз.

* * *

Кара өзгөй адамдар жакшы пенделер үчүн жүрөгүнө бир нерсени салып жүрөт. Анда алар эмнени салып жүрдү болду экен?

* * *

Терең ойлонуу болгон жерде жакшылыктын башталмасы бекемделет жана анда келечек бар.

* * *

Тынымсыз ийгилик күрөш болгон жерде жеңиштин түбөлүктүү өмүрү башбагат.

* * *

Акылдын нугу, мектеби – ынаным. Ынаным болгон жерде тарбия – өз нугу менен агып өтөт. Ал дагы ынаным.

* * *

Тарыхтагы ар бир жаңы ачылыш жаңы китеп, аны ачкан адам жаңы төрөлгөн адам.

* * *

Кайсы кылымда илимдин ачылышы көп болсо ошол кылым алтын кылым деп аталган. Кайсы кылымда улуу маданият жаралса ошол кылым дагы алтын кылым деп аталган.

* * *

Кээде бир класстагы окуучуну тарбиялоого караганда, бир баланы тарбиялоо өтө оор жүктөй сезилет. Тарбиялоо өтө оор экенин ошондон эле билүүгө болот..

* * *

Көңүлүң эмнени кааласа, ошону аткар. Ал акылың жана жүрөгүңдүн кезиккен туундусу.

* * *

Ашкере жулунганың менен бай боло албадың, байлыкка жетүүнүн да өз ченеми, өз өлчөмү бар тура.

* * *

Мага дүйнөдөгү улуу керемет жай – өз үйүм, өз очогум экенин алыста жүргөндө сезгем.

* * *

Жаңы ачылышты жасаш үчүн жаңы кайрат керек. Кайратты жаратыш үчүн талыбаган изденүү керек.

* * *

Улуу чыгармаларды руху күчтүү таланттуу, маданияттуу адамдар жаратат.

* * *

Жаңы өсүп келаткан муун өлкөнүн келечеги. Анткени, адамдар алардан көп жакшылыкты, ачылышты жана башканы күтүп жатат.

* * *

Жалган атак тарап кеткен түтүндөй, аны биз таппайбыз жана көрбөйбүз. Ал эми күйүп жаткан жыгачтан чындыкты жана түтүндү табабыз.

* * *

Ыр менин жүрөгүмдү издебейт, менин жүрөгүм ырды издейт.

* * *

Биз чындыкты ылай суудан сузуп албастан таза суудан сузуп алышыбыз керек. Анткени, чындыктын өзү тазалык.

* * *

Адам мурун жаралды беле же, сүйүү мурун жаралды беле, менимче адам жаралып, сүйүү куш болуп учуп келип, анын жүрөгүнө кирип кеткен болуш керек.

* * *

Адамдар өсүмдүк гүлүн жерде өстүрүшөт. Ал эми сүйүү гүлүн жүрөктө өстүрүшөт. Ал көрүнбөйт. Аны жүрөктүн өзү гана, же аны жараткан адамдын көзү гана көрө алат.

* * *

Балаңды жакшы тарбияласаң, анын келечегинен жаадыраган күндү жана өзүңдү көрө ласың.

***

Бешик терметип турган аялдан:

– Баарынан эмне түбөлүктүү? – деп сурадым.

Ал айтты:

– Бала менен бешик.

* * *

Жакшы чыгарма узак өмүрдүн улуу элесин берет. Ал деле

тер агызган улуу эмгектен жаралган.

* * *

Балаң менен жан дүйнөңдү ачып аңгемелешсең, анын жан дүйнөсүнүн ички сыры терезе сыяктуу ачылып сага көрүнөт.

* * *

Эки атчан аңгемелешип отуруп тоодогу конушка кандай жеткенин билбей калышыптыр. Эки жаш сүйүшүп баш кошушту эле, экөө катар жүрүп отуруп, карылыкка абышка- кемпир болуп кандай жеткенин билбей калышыптыр.

* * *

Бүгүн биздин айылда бир бала төрөлүп, бир адам каза болду.

Бул дүйнөлүк деле жаңылык эмес. Бирок кичинекей айыл үчүн чоң эле жаңылык болгон.

* * *

Күн алыстан караганда жылуулук чачкан кичинекей эле нерсе, болуп көрүнөт. Бирок анын ааламга нур тараткан улуулугу улуу.

* * *

Өмүр бою көп нерсени үйрөнүп келатам. Дагы көп нерселерди үйрөнөт окшойм. Ар бир нерсени үйрөнүп билип, тааныш үчүн төрөлгөн окшойм.

* * *

Тынымсыз изденүү болгон жерде жашоо жаңылыкка умтулат, өмүрдүн өзү деле жаңылыкка умтулуудан турат.

* * *

Ар бир кылым өчүп калбас үчүн өзүнүн каарманын жаратып жүрүп отурат. Каармандын өлбөс иши кийинки муун үчүн үлгү жана түбөлүк унутулгус жарык.

* * *

Өмүр бою ыр жазып келип, аны чыгара албаган акынды аяп турам. Жакшы ырды чыгара албаган элди аяп турам.

* * *

Көп ачууланба, анын уусу жүрөгүнө сиңип кетсе, аны кетире албай азаптанасың.

* * *

Перейти на страницу:

Похожие книги