Шаар ичинде сайраган куштун үнүнө караганда, чөлдүү жерде сайраган куштун үнү мукам. Анткени ал өзүн эркин сезип, добушун жагымдуу мукам чыгарат.
* * *
Сүйүү бул таза нерсе, ал булганыч жерде жаралбайт.
Булганыч жерден, ал булганып калат.
* * *
Ызы-чуудан чарчаган адам жымжырттыкка умтулат.
Аялы чанган эркек жакшы аялга умтулат.
Жардылыктан чарчаган адам байлыкка умтулат.
* * *
Турмушта комедия, драма, трагедия өтө көп болуп келген. Жашоо ошонусу менен армандуу жана кубанычтуу. Анан адам баласы ошондой чыгарманы аралап жашайт. Турмуштун өзү деле жазыла элек чыгарма.
* * *
Адам кандай болсо анын сүйлөгөн сөзү ошондой, сөз адамдын акылы менен анын ойлонуусунан жаралган керемет. Сөз эч убакта кармалбайт. Кереметтин учкуну көңүлдө гана кармалат.
* * *
Өзү өскөн жерине батпай калган күнөөлүү адамга, үйү да тар болот. Ага кенен көчөсү да, тар болот. Көчөсү эмес бүткүл айылы тар болот.
* * *
Күн алыс, бирок анын чачкан жарыгы биздин жүрөгүбүзгө жакын. Жалганга караганда чындык адамга жакын.
Алыскы жылдыздарга караганда ай жерге жакын.
* * *
Жакшы сонун жасалган буюм кичинекей эле болот. Ал ошонусу менен көркөмдүккө бөлөнгөн.
* * *
Талаанын турмушун өскөн шыбак айтып берет.
Тоодо өткөн турмушту койчу айтып берет.
Аты өлүп, талаада калган жолочу, башындагы арманын айтып берет. Кыскасы айтылбай калган нерсе болбоду.
* * *
Кытайдан качып келген Алманбет баатырдын арманы жалпы кыргыздарга сабак. Кыргыздар өз баатырын батырбай башка жакка качырса, ал андан бетер сабак.
* * *
Жакшы өнүккөн өлкөдө жакшы жаңылык бар, а өнүгө албаган жакыр өлкөдө эмне жаңылык бар?
* * *
Көз жаштын артында оор тагдыр жатат.
* * *
Сапар келип тоодогу таш короону көрдүм, Ата-бабамдын жашоосун көрдүм, анан өзүмдүн балалыгымды ккошо көрдүм.
* * *
Асыл ойдун касиети тоодой ойду ичине батыргандыгында, Тоодой ойдун улуулугу анын тереңдигинде.
* * *
Мээримдүүлүк менен достук болгон жерде сөзсүз бир жакшы нерсе башталат. Ар кандай сонун иштер бизге ошол жактан келип турат.
* * *
Чындык оңго, жалган солго кетти. Баардык китептеги жомок ошондой башталып, ушундай бүткөн.
* * *
Жек көрүү, арам саноо, көрө албастык жүрөгүмө кайдан келди, аны дагы изилдейин, жаркын үмүт, жакшылык, берешендик, кенендик жүрөгүмө кайдан келди, муну дагы изилдейин.
* * *
Мен ага эчтеке деген жокмун, ал мага бир нерсе айткан жок, биз үнсүз сөзсүз гана коштоштук…
* * *
Макоого менин айтканым түшүнүксүз, анын мага айтканы түшүнүксүз, экөөбүз үчүн бул дүйнөнүн баары түшүнүксүз
* * *
Элет жер. Бир гана куштар, бир гана тынчтык
– Куштар кандай жашооңор жакшыбы?, – дедим.
– Жакшы биз тынчтыкта жашап жатабыз, – дешти.
– Тынчтыгыңарга береке берсин силер тынч болсоңор биз да тынчпыз, – дедим.
* * *
Бир кары айтты:
– Бүтүндөй өмүрүм тоодо мал багуу менен өттү. Досум-жамгыр, иним-шамал, кошунам-туман, өлөң төшөгүм, асман менен жер. Ырчыларым: Бороон менен албууттанган дайранын үнү болгон, – деди. Ошол менин өмүр бою мал багып өткөн атам экен.
* * *
Кел жагымсыз жаман нерсени сүйлөбөй, жагымдуу бир жакшы нерсени ойлонуп отуралы!
* * *
Жаманчылыкты билбей туруп жаңылган адам күнөөлү эмес, билип туруп ошого барган адам күнөөлү.
* * *
Чындыкты айтса, жалгыз адамдын сүйлөгөн сөзү да оорундуу, миң адамдын атынан бир жалгыз адамдын сүйлөгөн сөзү да, андан бетер орундуу.
* * *
Бала энесин түшүндө көрсө, ал сагынычтын элеси, суук кышта жаздын жаркын элесин түшүндө көргөн, ал үшүгөндүктүн элеси.
* * *
Үшүгөн адам «Отун кайда?»-дейт, ачка адам «Тамак кайда?»– дейт, элинин каары жанып, жаалданган журттун эл башчысы «Тынчтык кайда?» дейт.
* * *
Бир жөнөкөй адамга жакшылык кылсаң жалгыз адам сүйүнөт, бир үй-бүлөгө жакшылык кылсаң ата – энеси сүйүнөт, жалпы элге жакшылык кылсаң журт атасы менен кудай сүйүнөт.
* * *
Улуу адамдын тиги дүйнөгө узап кетиши ошол элге келген жетимчилик.
* * *
Күндүн чыгышын токтото албадык, залим ханга каршы элдин толкунун токтото албадык, мезгилдин өтүшүн дагы токтото албадык.
* * *
Чынчыл киши өлгөн, бирок анын жүрөгүндөгү чындык өлгөн эмес.
* * *
Терезеден кирген желден эшик ачылат, пендеге жакшылык чачсаң ал адамдын жан дүйнөсү сага карай ачылат, өнөрдү барктап бааласаң сага таланттын эшиги ачылат.
* * *
Билгенимен билбегеним көп экен, айтканыман айта элегим көп экен, көрбөгөнүмөн көрө элегим арбын экен.
* * *
Жалган атак-даңктан көрө көзү өткөн жакшы адамды эстеген убак улуу, жалгыз бир адамдын чирип жаткан байлыгынан көрө, маңдай тер менен тапкан бир сындырым нан улуу, курк-курк эткен кузгундун үнүн уккандан көрө, булбулдун бир кайрыгын уккан улуу.
* * *
Өз элинин эсебинен байып алган хан, хан эмес ал жөн эле жеп ичкич дүйнөкор адамдын сөлөкөтү.
* * *
Соо убакка караганда оору оор, топуракка караганда таш оор, байлыгың жакшы, жардыга жокчулук оор.
* * *
Кыштын ызгаарынан жаздын жели жумшак, жан ооруткан орой сөздөн, назик сөз жумшак, жокчулук күнгө караганда, бапыраган барчылык жумшак.
* * *