Баардык эле заманда, баардык эле кылымда, кыргыз элине акылман Бакайлар, сарала жаргак шым кийген, сарала сындуу ат минген акылман Алманбет, баатыр Манас, эбегейсиз элин коргогон Сыргак, Чубак, көп тил билген Ажыбай, Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Күлчоро жана башка акылмандар керек. Алар болбосо кыргыз элинин сакталышы кыйын болуп турат.
* * *
Башыбыздагы ак калпак байыркы энелерибиз бизди кийсин деп жасап таштап кеткен. Ак кар баскан Ала- Тоону ата-бабабыз бизди жашасын деп таштап кеткен. Бул экөө бизге арналган байыркы ата-бабалардын эч кимге карматкыс ыйык таберик белеги.
* * *
Көз көрөт, кулак угат, ооз сүйлөйт, бул үчөө биздеги жүрөктөн чыккан асыл нерсени элге жеткирип турса, анда биз жаңылбайбыз.
* * *
Эмне үчүн биз Жусуп Абдыракмановду, Төрөкул Айтматовду, Баялы Исакеевди, Султан Ибраимовду кайра-кайра аттарын айтып,эскере беребиз. Алар эл үчүн иштеп, үлгү көрсөтүп кеткен. Ошол үчүн алар бизге баардык кезде керек. Унутулгус адамдардй улам-улам эскере беребиз. Ушундай адамдарыбыз көп болсо кана. Тилекке каршы алардын саны такыр эле аз болуп арбыбай жатпайбы.
* * *
Таза адамдын жан дүйнөсү кооздукту жаратат. Кооздукту көргөн адам ага суктанып, ал дагы кооздукту жараткысы келет. Демек кооздук өлбөйт жана түбөлүк үлгү.
* * *
Гүлдөр бир-бирине ач көздүк кылып, сулуулукту булгабайт ага отоо чөптөр көрө албастык кылып оордун талашат. Бирок адам колу отоо чөптөрдү отоп, ааламдагы залимдикти жок кылып гүлдөрдүн сулуулугун сактап турат. Демек ар бир адам жер үстүндөгү кооздукту сакташ үчүн жаралган сыяктанат.
* * *
Сабатсыз адамдын жан дүйнөсүндө караңгылык уюп жатат, Эшикте дагы караңгылык көз ачырбай уюп жатат. Бирок тура туруп, таң агарып, ыйык күндүн нуру чачып келатканын дагы унутпай туралы!
Жаратылыш энеге таң агарды, береги караңгы адамдын ички дүйнөсүнө дагы таң агарып ак жрык болсун биз ага ошону каалайбыз!
* * *
Эл үчүн адал иштеген адамдарды ушактап булгабайлы, аларды жамандоо оорду толбос кыянаттык. Кыянаттыкты жараткан киши жакшы уктай албайт жана жакшы түш көрө албай өзүн азаптуу кайгыга салат.
* * *
Бирөө менден сурады:
– Тазалык кайда?, -деп.
– Ал сенин жүрөгүңдө,– дедим.
Жүрөгүндө тазалыгы жок адам аны эч бир жерден жакшылыкты, ак жарыкты таба албайт.
* * *
Улуу казак эли менен ар дайыма биргебиз Алардын кубанычы биздин кубанычыбыз. Алардын арманы биздин арманыбыз. Анткени алар менен кан -жаныбыз, тилибиз, дилибиз байыркы замандан бери бирге жашаган эгиз элбиз, жана бир тууганбыз. Жана мындан ары да бирге жашап келе беребиз. Алар менен үмүтүбүз, ой санаабыз түбөлүк бирге.
* * *
Эмне үчүн кээ бир пенделер таза адамдарды жок кылат. Алардын жан дүнөсүндө: назиктик, боорукердик, жакшылык каалоо, келечекке умтулуу сезимдери жок беле! Жандүйнөсүндө жалгыз гана мыкаачылык өмүр сүрүп калды беле!
* * *
Журт башчыдан эл түңүлсө, эл башчы да элден түңүлөт дей бер. Эми эки жакты бириктирүү оңойго турбайт. Себеби андай алкы бузукту эл кечирбейт, элден мурун жаратканым кечирбейт.
* * *
Таланттуулар айтат:
– Ийгиликтин жолу түз эмес, ийри -муйру ошентип далай адашууларды көрүп, анан акыры түз жолго жетебиз,-дешет.
* * *
Комузубуздагы үч кылдын ар биринин мааниси бар. Алардан биздин өткөндөгү арманыбыз, кубанычыбыз көрүнүп турат. Же болбосо комуз күүлөрүнөн өткөнүбүз, азыркыбыз, келечегибиз даана сезилет. Демек комузубуз байыркы ата-бабаларыбыздын санжыра, тарыхын басып өткөн жолун айтып берүүчү ыйык китеп.
* * *
Булбулдар айтты:
– Биз түштүктөн келдик, эми силерге жакшы сайрап беребиз.
Чымын, чиейлер, көпөлөктөр айтты:
– Күзгү суукка чейин биз силерге караан болуп бирге жашайбыз.
Келген жаз айы айтты:
– Биз силерге баарын алып келдик, эми мезгилдин ырыскысын көрүп, эмгектенип жакшы жашай бергиле!
* * *
Акылмандан сурашты:
– Океан тереңби, же адамдын акылы тереңби?
– Адамдардын акыл океандын тереңдигин эчак эле ченеп салган. Албетте адамдардын акылы океандан алда канча терең.
* * *
Акылмандан сурашты:
– Тоолор эмне үчүн картабайт?
– Канча кылым болду, аны шамал, бороон, жамгыр да карыта албады. Демек бийик нерсе ар дайыма улуу болот жана эч убакта картайбайт.
* * *
Менин сүйүктүү адамдарым, каар, жек көрүү, жамандоодон башка адамдарга жакын сүйүү, көңүл көтөрүү, кубаныч, таалай бар экенин, унутуп салбагылачы!
* * *
Мен өмүр боюу мектепете татынакай балдар, кыздардын арасында жөнөкөй мугалими болуп иштедим. Аларга акыл насаатымы айтып, тарбия бердим. Ошол жылдарда иштип жүрүп, акыл насаат сөздөрүмү чогултуп, «Адамдын асыл ойлору» деген китепти жараттым. Татынакай окуткан балдарым болбосо, ал китебим жаралаар беле ким билет?
* * *
Мугалимден, ата –энеден жана коомчулуктан жүрүш- туруштун үлгүсүн алып, балдарыбыздын жакшы тарбияда болушу келечек жолдун ишке ашкан кубанычы.
* * *
Мен улуу педагогдор Макаренконун, Сугомлинскийдин жана Януш Корчактын китептерин ыйык чыгарма катары окуп суктандым. Аларды көрбөсөм да, китептердеги насаат иштери мага аябай чоң үлгү болгон жана аларды окуп балдарды тарбиялап, өзүмө жакшы нерселерди алдым. Ал китептер мага үлгү болгон жана боло берет.
* * *