Токомбай менен Уулбала таң калды үйлөрүнө сыйкыры бар кыдыр адамдар конуп кеткендей болушту. Бирок алар эч нерсеге ишенишкен жок. Ошондон көп өтпөй эле дагы бир сырдуу окуя болду. Ошол баян унтулбай калыптыр. Аларга жакын конушта, Токомбайдын агасынын баласы Ыманаалы деген бар эле. Алар орто чарба малдуу болсо да, алардын баласы жок болчу. Ыманаалын аялы, Каке экөө Токомбай менен Уулбаланы жактырчу.
Каке Ыманаалыга:
– Уулбаланын боюнда бар экен аман-эсен төрөсө биз ошону багып алалы.
– Токомбай ойлогонун бербеген кырс адам эле ал ошого көңүлдөнөбү?
– Көңүлдөнөт саап ичерге уюу жок болуп жүрүшөт. Кара кунаажынды ошолорго берели, тукум кылып алсын. Макулбу?
– Макул, мейли.
Жаздын жаадыраган күнү болчу. Ыманаалы менен Каке дасторконго эт, нан ороп, кара кунаажынды жетелеп Токомбайдын үйүнө жол келишти. Алар ошол үйдө сый көрүп жатып оюндагы кебин айтышты:
– Токо, бизге кудай бала бербей койду, Уулбаланын боюнда бар экен, ошону бизге ыраа көрүп койгула, наристе жытын искеп аман-эсен чоңойтуп алалы,– деп улгагйган Ыманаалы жашыды. Аны Каке жиреп кетти:
– Айрылышпаган тууганбыз, биздин үйдө бала жок, силердин бала бизге бала болсун, керек болсо, эки үйгө тең болсун, – деп жер карады.
Токомбай менен Уулбала бул өтүнүчтү аткармай болушту. Анан убакыт өтүп, Уулбала бүркүттүн жүрөгүнө талгак болуп калды.
– Элдин аялы этке, сүткө, сүзмөгө, талканга талгак болчу эле мүнүшкөр эмесмин бүркүттүн жүрөгүн кайдан табам,– деп Токомбай барбактап күлүп калды.
– Бүркүттү жүрөгүнө талгак болсо жакшы белги аны кайдан да болсо таап келейин,– деп жоош кула атын минип, Ыманаалы мылтыгын асынып, мергенге аттанып калды. Ал чоң таштын үстүнө конуп отурган далдайган бүркүткө окшош чоң кушту көрдү. Аны атып калды. Ок кушка тийген экен оордунан канатын булгай учуп, Кашка сайдын жээгине калдалаңдап барып жатып калды. Ыманаалы сүйүнгөн тейден кула атын чапкылап келсе, балта жутаар жоруну атыптыр. Шаабайы сууй түштү.
– Бүркүт,– деп ушул жорунун жүрөгүн алпарсам эмне болот, арам ой башына кылт эте түштү. – Кой, андай болбойт ал чыныгы эркектин жасаар иши эмес, анын үстүнө төрөлүүчү наристенин келечеги эмне болот. Андан көрө бүркүттүн эле жүрөгүн таап келейин,– жоош кула атын минип андан ары сапар тартты. Ал бүркүттүн жүрөгүн издеп Тескей тоолору менен жол жүрүп отуруп саяктардын Акылбек деген мүнүшкөрүнүн үйүнө келип, болгон окуяны айтат. Анын жаш эки кыраан бүркүтү бар эле.
– Аны бере албайм, буларды Какшаалдын тоосунан кармап келгем,– дейт.
Саяк туугандар Ыманаалыны Темир-Канаттагы же Көңдөйдөгү бүркүтчү, мерген Ысабек деген байдын үйүнө ээрчитип келет. Ал саяктардын күйө баласы болчу. Мергенчи Ысабектин үйүнө ар кандай куштардын түрү, калдайган кыраан эки бүркүтү бар экен. Ысабек элге-журтка алымдуу меймандос аябай жакшы адам болгон. Келгендерди куйруктуу кара кой союп коноктойт.
– Силер менден бүркүт сурап келдиңер беле?
– Жок биздин бир келинибиз бүркүттүн жүрөгүнө талгак болду. Ошонун талгагын жаза албай жатабыз, – деп Ыманаалы күлүп калды.
– Мындай нерсени укпагам, кабыландын, жолборстун жүрөгүнө талгак болот деп уккам, бүркүттүн жүрөгүнө талгак болсо ал бала тегин болбойт го, таң калыштуу нерсе экен.
– Иним ошондой иш болду эмне кылсаң да бизге жардам бер анын акысын жакшылап төлөп беребиз.
– Менин бүркүтүм жаш анын жүрөгүн алыш үчүн өлтүргөндө болбойт жаш неменин убалы болот.
– Сорок Таш деген жайлоодо бир улгайган бүркүт бар эле, ошого аңчылык кылып келгиле,– деп эки жигитти жиберген экен.
Жигиттер эки күн болот дегенде араң барып ошол бүркүттү атып келет. Бүркүт чын эле карып калыптыр. Аңчылар аны бат эле билип алышты. Бүркүттү алып Ыманаалы Ысабек байга акча берди. Ысабек бай аны такыр албай койду.
Ошентип Ыманаалы Тоңго барып жолдуу келди. Эне бүркүттүн жүрөгүн жеп талгагы жанды. Мезгил өтүп курсактагы бала чоңоё берди. Анан дагы бир окуя болду. Бала төрөлгөн күнү ошол айылда Кара мерген деген атактуу киши болгон экен. Ошол адам тоонун көчкүсүнө кабылып, капылеттен каза болот. Ошол күнү Уулбала эркек сары бала төрөйт. Шарт боюнча карыялар асан чакырып баланын атын «Аалы» деп аташат. Бул кадимки эле дүйнөгө белгилгүү улуу акын, кыргыз адабиятынын залкар өкүлү, Аалы Токомбаевдин (Балканын) дүйнөгө келген күнү болчу. Улуу акындын кайсы жылы төрөлгөнүн ата-энеси билбей калыптыр. «Же, Кара мерген көчкүнүн алдында калган жылы төрөлгөнсүң»,– деп ата-энеси кеп кылат экен. Акындын даңкы ааламга тарап, ал бүркүттөй кыраан болуп адабияттын тарыхында калбадыбы.
Ушул баян Аалы акындын өмүр таржылмалынан жана кыргыздын санжырасын жакшы билгендер Темиркан менен Шайык карыялардын айтуусу менен жазылып жомокко айланды.
АТАҢДЫН КӨРҮ МЕЗГИЛ
Эртең менен атам, Дүйшөн байкем үчөөбүз кой айдап баратканбыз. Отор акырындык менен жайылып баратат. Атам: