Катуу оору адамдын шайын кетирип, кемирип жеп келатат. Катуу кайгы адамдын жүрөгүн алсыратып келатат. Ошентип экөө тең кыйнап келатат.
* * *
Такыр келбейм деген уул, өз үйүнө кайтып келди. Бирөөнө жакшылык кылдың эле, жардамы сага кубаныч болуп кайтып келди. Күн кайра өз уясына эс алганы кайтып келди.
* * *
Илимдеги кымбат ачылыштын өмүрү түбөлүктүү. Ал ошонусу менен таалайга бөлөнөт. Өлбөстүктүн өмүрү да түбөлүктүү. Ал да таалайга бөлөнөт.
* * *
Улуунун сөзүн тыңшап, жыйынтык чыгаргандар, өз тарбиясына келечектүү бүтүм чыгаргандар.
* * *
Бул дүйнөдө бир эле арман бар, ден соолугу жок адамдар, армандуу адамдар.
* * *
Өмүрлүк жарыңды капага салдың, эмне үчүн капаланды, Анын капасы сенин жүрөгүңдү да жашап жатат.
* * *
Үйлөнүү бул жөнөкөй эле нерсе эмес, үйлөнгөн эки жаштын келечеги биригип андан ары жол кетет. Алар турмушта бактылуу жолго жетсек дешет.
* * *
Өмүрүндө көп китеп окуган адам болот. Бир дагы китеп окубаган адам болот. Көп китеп окуган адамдар көзү ачык, көп нерсени билет. Бир китеп окубаган адам караңгы, жарды. Көп китеп окугвн адамдар рухий байлык күтөт.Рухий байлык жан дүйнөнүн амандыгын сактап турат
* * *
Менин кулагым: «Күз келатат» –деген шыбырады угуп калды.: «Күз келатпай эле сага карылык келатат», – деп өмүрүм шыбырады.
* * *
Баардык доордо көп окулган китептер бактылуу. Китеп эле эмес аларды окуган адамдар да бактылуу.
* * *
Сокур адам менен көзү көргөндөрдүн ортосунда айырма бар. Сокур көрбөйт, көзү таза адам көрөт. Бирок көздүү адам көрбөгөн нерсени сокурлар жүрөгү менен көрүп коюушу ыктымал.
* * *
Биринчи келгин куштун үнүн уктум, Демек мен келаткан жаздын үнүн уктум,Келгин кушум мага: « Жаз келатат аны сага мен алып келдим»-деп айтып жатыптыр.
* * *
Үй-бүлөдө ар биринин өз оорду болот. Ата-эненин, кызынын, баласынын. Бирөө эле өз оордун таппаса, келишпестик пайда болот.
* * *
Улуу адамдар жана майда адамдар болот. Улуу адам кичинекей терезеден сырттагы кеңири ай ааламды толук көрөт. Ал эми майда адам чоң терезеден көрүнгөн кичинекей эле жерди көрөт.
* * *
Мезгил келсе, муун алмашат. Тирүүлөр кетет, анын оордуна башка жаңы муун келет. Муун өтүп, муун жашарат деген ушул.
* * *
Жаман нерсени жасасаң, анын акыр түбү бекем эмес.Анткени, анын жолу чындык менен жашоодон оолак болот
* * *
Ал мага таянды, мен чындыкка таяндым. Демек биздин жолубуз ийри эмес түз.
* * *
Начар адам жаман менен жакшыны айырмалай албайбы! Ошол сыңары өлүм менен өмүрдү да айырмалай албайбы!
* * *
Адам улгайып баратканда кайра-кайра өткөнүн эскерип, мурункуларга кайрылгысы келет. Ансыз өмүрдү эскерүү көңүлсүз.
Улгайган өмүр жашоонун жакшы-жаманын чыпкалап келет.
* * *
Даанышмандуулуктун ичинде кенен мейкиндик, улуулук, өлбөстүк болгону дагы чын. Ошондо андан өчпөстүктүн изи жаркып жатканы дагы чын.
* * *
Баланы сыйлаганың, келечекти сыйлаганың, карыны сыйлаганың, азыркыны, өткөндү, баарын сыйлаганың.
* * *
Көрүстөнгө адамды койгону баратабыз. Маркум баарыбызды ээрчитип баратат. Ал угузбай жүрөгүбүзгө шыбырын айтып турду:
«Мен жасаган кемчиликти кайталабагыла, адамдарга жасап кеткен жакшылыгымды уланткыла жана дайыма мени унутпай эскере жүргүлө! Анткени, мен силердин араңарда жашап өтүп, кетпедим беле!»
* * *
Бүткүл өтөгөн өмүрүбүз, жакшылыктын күбөсү болсо ал – таалайлуу окуя.
* * *
Эмнеликтен А.Орозбеков, И. Раззаков. С.Ибраимов, Ж.Абдрахманов жана А.Масалиев, Т. Кулатов, Исанов жөнүндө эл жакшы ойду айтышат. Алар жөнүндө айтып жатканда кубанышат. Алар журт үчүн абийирдүү иштеп, жакшылыкты артына таштап кеткен адамдар экен. Буларды эстөө кубаныч. Ошондой уулдарды тапкан кыргыз элге да ырахмат!
* * *
«Менин денем эт менен сөөктөн турган, ага жан кошулганда мен адам болуп кыймылдайм», – дейин. «Өзүмү тирүү
алып жүрүш үчүн азык зат тамак керек болду», – дейин. «Аны табыш үчүн арам эмес адал жолду тандайын, менин адамдык парзым ошол болот», – дейин.
* * *
Чыгармаларымда жаңы бир нерсени түзөйүн деп жатам, демек мен тирүү жашап жатам.
* * *
Баланын өнүгүүсү менен тарбиясы, ойлонуусу учкан куштай эркин болсо, ал келечекте кенен мейкиндикке ошол куштай канат кагып өзүнүн бактысын ийгиликтүү таап алаар.
***
Ата бабалар ашуу ашып ар дайыма жылдыздар турган бийиктикке умтулган. .Ошол бийиктиктен биздин ийри-муйру кетнп, баскан жолдорубуз даана көрүнөт. Ошол жолдордон санжырачылар саежыра жаратып, көмузчулар күүгө салып, ырчылар ыр чыгарганда, басып өткөн жолубуз унутулбай ыр-күүгө айланып жашап калган.
* * *
Өмүрдө кууш жана кенен жолдор бар. Анын жолу кууш болду. Кууш жол коркунучка кептелет. Тигинин жолу кенен болду, ал алдыга карай тартынбай кетет.
* * *
Биз ишке ашыра албаган элге арнаган асыл нерселерди келечек муундар ишке ашырат. Атасы иштей албаган нерсени, баласы ишке ашырат.
* * *
«Аары балым бар», – дейт. Бай адам «Байлыгым бар», – дейт. Жарды адам «Жарды жашап жатам», – дейт.
* * *
Артыңы кылчактап көп карай бербе, артыңдагы жаңылыштыгыңдын жыйынтыгын чыгарып ойлон!,Анан сенин келечегиң артта эмес алды жакта.
* * *