Тоо түбүнө барсам, таш короом туруптур. Анын айланасына коко тикен, уйгак, чалкан жана башка чөптөр өсүптүр. Таш короом айтты:
– Сен бул жерден адамдардын изин издеп жатасыңбы? Алардын мага каттабай калганы кыйла заман болгон. Андан көрө шамал, жел, жалгыздыктын изин издесең таап алмаксың, – деди. Жоопту угуп көзүмө жаш тегеренди.
* * *
Жаз жылуулукту чакырат, эмгек бакытты чакырат.
Жакшы ишеним өмүрдү чакырат.
* * *
Жалган, чындык менен аралашып жүрө берет, бирок анын жалган, же чындык экенин мезгил кийин айтып берет.
* * *
Өмүргө кеч кирип, таң да атат. Адам кеч менен караңгынын ортосунда жашайт. Таң – өмүр, караңгы – өлүм шекилденет. Өмүр, өлүмдүн ортосунда табышмак бардай сыяктанат.
* * *
Кайгы менен кубаныч бирге жашабайт. Кайгы болгон жерден кубаныч качат. Кубаныч болгон жерде кайгы качат.
* * *
Кол менен жасалган улуу эмгек акылы чексиз адамды элестетет. Акылы чексиз адам мелмилдеп аккан дайраны элестетет. Анла
узун дайра эмнени элестетет?
* * *
Жашоодо жаңы сонун ыр жаралган күнү акындарды энеси кайра-кайра төрөй берет.
* * *
Сүйүү – бул айтып бүткүс поэма. Анын даамын таткандар бар. Таткандар – бактылуу, татпагандар – бактысыз. Ал эми таза сүйүүнү булгагандар – бул дүйнөдө эки эсе бактысыз, же жүз эсе армандуу.
* * *
Көп адамдар менен түбөлүккө коштоштук… Алардын үнү алыстап кала берген күкүктүн үнүндөй муңдуу болчу…
* * *
Сонун ырлар кереметтүү ырчынын жүрөгүнөн жаралып, башкалардын жүрөгүнө учуп өтөт. Ал кереметте канат бар беле? Же болбосо эмнеге учуп өтөт?
* * *
Куш даракка, аскаларга уяласа чындык адамдын жүрөгүнө уялайт. Аскадагы уяга жете албайбыз. Ал эми чындыктын өзүнө жетип кубандык.
* * *
Өмүр дарагы кайда болот деп жер шарын кезип келатам. Көөнү келсе, ал өзүмдүн эмгегимде жана жүрөгүмдө эле экен.
* * *
Жазында албууттанган дарыя күз келгенде тынчып, үстүнө муз тоңуп, кышта тынч уйкуга чөмүлөт. Муз астында суу агып жатса, өмүрдүн үнү угулат. Ал үн менен жашоонун шаңы уланып жатканы угулат.
* * *
Мен кудайга таяндым, кудай чындык, акыл ойго, түбөлүк ак жашоого таянды. Ак жашоо өмүрдүн өлбөс чексиздиги.
* * *
Романды окуп, андан роман тапкым келет. Аңгемени окуп, андан аңгеме тапкым келет. Өзүмдү окуп жатып, андан өзүмдү же чыныгы адамды тапкым келет.
* * *
Ар бир адамдын үйгө кирип-чыкканын, эшик кыйч-куйч этип эсептеп жатат. Ал эми ар-бир адамдын, өмүрүнүн өткөнүн, убакыт эсептеп жатат. Артыбызга эмне эмгек таштап кеткенибизди ким эсептеп жатат болду экен?
* * *
Кедейдин карызын бербесек болбойт, улуу адамдын осуятын аткарбасак болбойт, сапар узаар карынын акыркы сөзүн укпасак да болбойт.
* * *
Кайгычыл кишиге ар бир кадамы сайын кайгы жолугуп, учураша саламдашып турат.
* * *
Кайгычыл адамкайгыны чакырабы же, кайгы кишини чакыраб?, Экөө бири-бирин чакырат. Андай жерде кайгы ошол кишини оңой менен таштап кетпейт.
* * *
Жаратылышты башкаруунун купуя жашырын сыры бар ошол сырды жакшы өздөштүрсөк анда биз да, жаратылыш энебиз да капа болбойт.
* * *
Улгайганда акыл кирген адам, жолго кеч чыккан жолочуга окшош.
* * *
Тунук акыл далай жакшы нерселерге жол ачат.
* * *
Оома адам менен жолго чыкпа, бир күнү сени жолго таштап ооп кетет. Ошол үчүн адамдан да, оома сапат эң коркунучтуу. Ал жолдо келатып эде тең салмагын сактай албай ооп кетет.
* * *
Адамдын адамга жакшылыгы, бул тунук акыл аркылуу келет. Тунук акыл аркылуу жашоонун жакшы жагы келет.
* * *
Куураган дарактын өңүнөн анын келечеги эмес бүткөн өмүрү көрүнүп турат.
* * *
Акылман адам дайыма бийикте, ошол бийиктикке аны тунук акылы жеткирген.
* * *
Майда адамдын өмүрүн майда турмуш, майдалап жашоосун кемиреек кылганын өзү да билбей калган.
* * *
Кээ бир жетекчинин өмүрү, өмүр бою чындык менен кармашын өтүп баратат. Демек чындыкка каршы чыгып, өзүнүн таламын жактаса, ал баарыбыз үчүн коркунучтуу.
* * *
Өмүр өтүп жатканына кубанбайм, көп өмүр бекер өтүп жатканына кайгырам.
* * *
Учкул сөз жазган адам бул тоодой кумдун арасынан алтын иргеген адам.
* * *
Макоо адам баардык пендени өзүндөй көрөт. Ошол адам өзүнүн макоо экенин барып-барып өмүрүнүн көбү өткөндөн кийин түшүнөт. Ошонусу оорду толбос жоготуу.
* * *
Көптүн арасынан бир келесоо чыкканы өтө жакшы, анткени башка адамдар «Ошол келесоодой болуп калбайлы», – деп сактанып жашашат.
* * *
Кээ бир адамдар өлкөнү урук-тууганы менен күчтөп башкарып келет. Анан өлкөнүн байлыгын талап-тоноп башка жакка качышат. Мунун баары акылы жок, же ата-мекени жок келесоолор иштөөчү жумуш.
* * *
Жетилген тунук акыл адамды көп жаманчылыктан сактап келатат.
* * *
Үнөмчүл сарамжалдуу адам ашкере коромчулуктан корогоно алат.
* * *
Башкаларга акыл чачып кеңеш берип турган адамдар, ашкере таалайлуу пенделер.
* * *
Жашоодо трагедия, комедия бар. Адам өмүрү ошол экөөн аралап өтөт. Трагедия болсо, кайгырып ыйлайбыз.Комедия болсо, каткырып күлөбүз.
* * *
Карыяларыбыздын калыс, ойчул, кеменгер болуп жашаганы эле жакшы жаштар ошол сапатты үйрөнүп келечек жашоого умтулат.
* * *