Көз көрөт, кулак угат, ооз сүйлөйт. Эгер ушулардын бирөө эле туура эмес жумуш аткарса, анда иш бузулат.
* * *
Сапар тартып кетип баратам. Артыман балалыгым кол булгаласа, астыман карылыгым мага кел дейт. Артка бурулууга убакыт жок. Астыга карай жол кетип баратам.
* * *
Хандын ордосунан элге карай жаман иштер иштелип жатат. Ошол тараптан элге сасык жыт тарап жатат. Эл ханга каршы бир нерсени даярдап жатат.
* * *
Агала чач болгон адам кара чалгы менен чөп чаап жатат. Агала чач жомоктогу карылык экен. Чалгысы ажал болгон экен. Ажал бизди кайсы күнү чалгы менен чабаар экен?
* * *
Поэзия бул асылдык. Ал адамды ар кандай жаман нерседен сактап турат. Ал ошонусу менен улуу, назик жана кол жеткис, көркөм.
* * *
Адамда эки окуя болот: Кайтып келүүчү жана кайтып келбөөчү. Пендеге келүүчү окуя арман жана кубаныч.
Кайтып келүүчү нерсени кубанып тосуп алалы, келбөөчү окуяны да коштошуп узаталы.
* * *
Кудай сени көңүлүңө жаман нерсе уяласын деп жараткан эмес. Бирөө сенин көңүлүңө жаман окуяны таштап кетүүгө акылуу эмес, андан калса, көңүл байкуш арамзалыкты алып жүрүш үчүн жаралган эмес.
* * *
Жакшы окуя түштөн башталат, анын баалуулугу ошондо.
* * *
Кемчилик кетирген адам ойлонот. Өмүрү сая кеткен адам ойлонот. Бир нерсеге талпынып ага жетпей калган адам дагы ойлонот.
* * *
«Эмне өтсө ошонун баары жакшы», – дедим. «Өкүнгөнүң менен аларды кайра калыбына келтире албайсың», – дедим.
* * *
Жаштар айтты:
– «Өмүрүбүз жаңы бүр ачып келечегибиз алдыда».
Орто курактагылар айтты:
– «Өмүрүбүздүн жарымын жашап бүттүк, келечектен жакшылыкты күтөбүз!»
Карылар айтты:
– «Жашаарыбызды жашап бүттүк, аз өмүрүбүз калды. Биз дагы адамдардан жакшылыкты күтөбүз».
* * *
Гүлдесте түркүн гүлдөрдөн туруп, кооздукка нурланат. Адамдын өмүрү да ар түрдүү, изденүү эмгектен куралып, жана жашоосу маанилүү бай болуп, гүлдесте сыяктуу кооздукка нурланат.
* * *
Эсте калчу, эсте калбоочу нерселер болот. Кээ бир адамдардын жакшылыгы менин эсимде калыптыр. Алардын жакшылыгын жакшылык менен кайтараармын. А менин жакшылыгым кимдин эсинде калды болду экен?
* * *
Журт үчүн иштеген жетекчи өлгөндө:
– «Эми мындай адамды таппайбыз, жаткан жери жайлуу болсун», – деп муңканышат.
Кара башы үчүн иштеген жетекчи өлгөндө:
– «Эми мындан бир жолу кутулдук», – деп кубанышат.
* * *
Илимдеги эң сонун ачылыштар турмуштун өлбөстүгүн жана өмүрдүн мындан ары уланып, жашообуздун жеңил болоорун кабарлайт.
* * *
Ата-Журттун кенендигин ата менен эненин мээриминен сезилген. Ата журтта да ата менен эненин мээрими жатат.
* * *
Устаттын сага үйрөткөн өнөрү дарыянын башындагы булакка барабар. Дарыя булактан башталат.
Чоң өнөр кичине нерседен башталганга барабар.
* * *
Жоомарттыктын башында бир жакшы нерсе жатат.
Ошондо сонундукту үйрөнөлү.
* * *
Ар бир адам калкы менен катар бараткан. Ошол калкты улуу кеменгер жетекчи баштап бараткан.
* * *
Жакшылык менен башталган нерсе жакшылык менен кубанычтуу аяктасын.
* * *
Ата-эненин жакшы осуятын аткара албай калган бала асыл нерсесин жоготкон бала.
* * *
Адамды көргө койгону баратабыз, анын жакшы жактарын эстеп, кубанып баратабыз. Начар жактарын ойлоп кайгырып баратабыз. Аны менен сапарда акыркы жолу баратабыз.
* * *
Жаңылыштык кетирген өлкө башчысын сот соттойт. Сот да анын тарабында болсо, аны эл соттойт, элди күч менен басса, анда аны калыстык менен тарых соттойт.
* * *
Адамдын эки энеси бар. Биринчиси өз энеси. Экинчиси айланасындагы табият энеси. Көп адамдар экинчи энеси жөнүндө кабары жок болуп, өтүп кетет. Ошонусу чоң жаңылыштык.
* * *
Өзүмчүл кара ниет адамдын өлкөнүн башына келиши калың элге кырсыктуу окуянын башталышы.
* * *
Учкул акыл жана чечкиндүүлүк бириккен жерде ойго сонун нерселер келип-кетип турат. Баарынан мурун адамдарга жаңы жаңылык жаралып турат.
* * *
Карышкыр менен коён бирге жашаган эмес. Анткени коён андан коркот. Коркуу болгон жерде өмүр, өлүмдөн коркот.
* * *
Ар бир адам улуу нерсени жаратканга умтулат. Андай жерде дүйнөгө майрам жаралып, өмүр алдыга умтулат.
* * *
Бир ойду беш сөз менен түшүндүрсөң ал эң жакшы. Он сөз менен түшүндүрсөң ал да дурус, жакшы. Ал эми андан көп сөздөр менен түшүндүрсөң, сүйлөгөн сөздүн мааниси кетет. Андан көрө түшүндүрбөй койгон жакшы. Анткени сенин сүйлөгөн сөздөрүң көркөм жана жакшы болсун.
* * *
Бардык адамдар байлыктын үйүн ачып алып, дүйнө мүлккө жетсем дешет. Бирок анын ачкычы кайда?
* * *
Оорундуу тамаша болгон жерде оорундуу сөз, орундуу жүрүм-турум болот. Ошондо адамдардын жашоосу оорундуу болот.
* * *
Арак ичип мас болуп жүрө берсең, акыры соолугасың, ал эми турмушта жаштыгыңа мас болуп жүрө берсең, качан соолугасың?
* * *
Ниет менен көз караш жакшылыкка умтулса, ал адамдын жан дүйнөсү дагы жакшылыкка умтулат.
* * *
Олуттуу көз карашта тереңдик жатат. Тереңдиктен ары сыймыктануу, толгонуу, токтолуу жатат.
* * *
Бактылуулук жалпы элге келсе, журтта кубанычтуу жылыштар жылып келет.
* * *