* * *
Жашоонун өңү кызыл. Ал күрөштүн өңү. Демек жашоодо күрөшсүз жашай албайбыз. Күрөш бизге жаңы өмүрдү ачып берет.
* * *
Турмуш агып жаткан улуу дайра. Анын үнүн угуп жашоо биз үчүн керемет.
* * *
Бизде биримдик, сыйлоо, урматтоо, эмгекчилдик бар.
Демек бизде баары бар. Алар болсо биз бактылуубуз.
* * *
Жашоодо эмне төмөн, эмне жогору. Чындык, акыйкат, үмүт баарынан жогору. Коркоктук, көрө албастык, бузукулук, ач көздүк баарынан төмөн.
* * *
Жашоонун өзү жомок. Ал жомокту кандай жараттың, ал биздин чыгармачылык тагдырыбыз.
* * *
Тазалыктын өзү күзгү, анда турмуштун жаман, жакшы жактары даана көрүнүп турат. Ошол үчүн биз күзгүдөн өңүбүздү каранып тазаланып турушубуз керек.
* * *
Араа: «Даракты арааласам», – дейт.
Балта: «Даракты жарсам», – дейт.
Уста: «Үйүн салсам», – дейт.
Үй-бүлө: «Ошол үйдө жашасак», – дейт.
Демек баарынын эле жумушу жана үмүтү бар.
* * *
Жаратылыш бул өзүнчө аалам, ал эми кээ бир адамдардын жаратылыштай кенен болуп жаралышы башка пенделер үчүн чоң аалам.
* * *
Өлбөс даңктуу нерселерди адамдар жаратат. Анан ошол адамдар өлбөс даңктуу болумушка айланат.
* * *
Колум өзүнчө жомок. Бутум өзүнчө жомок. Өткөн өмүрүбүз өзүнчө жомок. Келечегибиз жарала элек жомок. Демек биз жомоктор дүйнөсүндө жашап келе жаткан экенбиз.
* * *
Кимдир бирөөнүн балалыгы оор жана кайгылуу өткөн аны эстөө өзүнчө бир кайгы жана өкүнүч. Ал ошол кайгыга жолукпас үчүн келечекте жакшылыкка умтулуш керек.
* * *
Өгөй энелердин өз энелерден бир эле айырмасы бар.
Анткени алар мээримсиз аялдар ошонусу менен армандуу.
* * *
Ичкиликти көп ичүү өкүнүч экенин билебиз. Анда эмне үчүн көп ичип жатабыз? Ошого таң калам?
* * *
Ыймандуу таза адам болуу, бул да жөнөкөйлүктүн бир жакшы нускасы. Ал жашоонун биз көрө элек жаңы нускасы.
* * *
Ар бир адам күндө жаңы кубанычты жаратып турса, анда бул аадамга жакшылык гана жаралып, адлам ошонусу менен бай болмок.
* * *
Балаңа мээримиңди чач, баардык жакшылык ошондо турат. Мээрим чача албасаң анда аталык, энелик вазыйпаң кайда кеткен? Же андан ажырадың беле?
* * *
«Өмүрүң кандай өтүп жатат?» – дейт. «Жакшы өтүп жатат» – дейм. «Армандуу жагы барбы?» – дейт. «Армансыз өмүр болмок беле» – дейм.
* * *
Ар бир адамдын таянычы анын ыйманы, кандай адам экенин кудай ошол таянычтан көрүп, билип турат.
* * *
Бир адамдын аты тарыхта калса, жүз адам сүйүнөт. Жүз адамдын аты тарыхта калса, миң адам сүйүнөт. Миң адамдын аты тарыхта калса, анда биз жашап турган аалам сүйүнөт.
* * *
Мен өзүмү-өзүм качан көрөм жана кайдан көрөм?
Жооп:
– Сен өзүңү, өзүңдүн эмгегиңден көрүп турасың. Ошону биле элек белең?
* * *
Улуу адамдар биз көрбөгөн нерселерди көрүп турат.
Алардын көз карашы бизден алдыда, ошол үчүн алар улуукту кармап турат.
* * *
Жашообуз келечек. А келечектин өзү кийинки муунга арналган ыр.
* * *
Түн – уйку. Ал эс алуучу маал. Күндүзгү күн келечекке жол алган күрөш. Ал – эмгек.
* * *
Жакшы адамдын эмгеги эсте болсун. Эсте эмес ар дайыма жүрөктө болсун. Жүрөктө эле эмес ар дайыма элде болсун.
* * *
Жакшы бала атасынын сөзүн угат. Жакшы кыз энесинин сөзүн угат. Экөөнүн сөзүн укса алар андан кийин кудайдын сөзүн да угат.
* * *
Эл башкарган жетекчи жана бийликтегилер наадан болсо, ошол эл үчүн коркунуч. Жана ар бир адамга – азап. Бул жерде бүткүд элге наадандыкты жараткан эл башчысы башкы наадан.
* * *
Күнөөбүз көбөйгөн сайын кудайды көбүрөөк эстейбиз, а эмне үчүн мурун эске салган эмеспиз.
* * *
Тозок менен бейиштин ортосу бир эле карыш экенин Наполеон өз өмүрү менен аныктап койгон. Ошол бир карыш жолдон анын өмүрү көп нерсени билип алыптыр.
* * *
Чынгызхан менен Гитлердин өмүрү бул чоң согуштун белгиси, же кыргын азап-тозоктуу өлүмдүн белгиси. Алардын өмүр баянын эскерүү да, адамдар үчүн коркунучтун белгиси.
* * *
Өлгөн күн туулган күндөн артык, себеби сен жер үстүндөгү баардык азап-тозок жана душмандарыңан кутуласың, Бирок туулган күн сен үчүн жаңы эранын башталышы.
* * *
Адамдын көзү кичинекей эле болот, бирок ач көз адамдын көзү өзүнөн миң эсе чоң байлыкты көрүп ага тойбойт.
* * *
Эл башкарып, дүйнөгө тойбогон адам өзүн жеп салуудан да кайра тартпайт. Алар дүйнөгө тойбостугунан көп адамдарды жеп салган. Башка чоочун адамдарды гана эмес өзүнүн бир туугандарын жакын адамдарын кошо жеп салган.
* * *
Кыйкырып өкүрүп коркутуу, тарбияны негиздебейт, чыныгы тарбия чындык, акыл айтуу, кеп-кеңеш боорго тарткан ишеним менен келген.
* * *
Мен асманы ачык талааны көрдүм, учуп жүргөн куштарды көрдүм, эмгектенип жаткан адамдарды көрдүм, кыскасы мен жакшылыктын элесин көрдүм. Демек мен кадимки эле айланамдагы жайнаган жакшы турмушту жана жаратылышты көрдүм.
* * *
Күн дагы жолочу, түн дагы жолочу, экөө менен жарышып бараткан адамдар да жолочу.Анда баарыбыз өмүр өткөргөн жолочу экенбиз.
* * *
Өмүрүбүз бар, жайнаган жаштыгыбыз бар, демек бизде баары бар.
* * *
Карылар карылыгы менен жаштар жаштыгы менен демек, баардыгы өз жолу менен.
* * *
Туулган жерден ата-бабалардын ыры угулат. Ошол ырлардын шаңы менин жан дүйнөмөн дагы угулат.