* * *
Ай чыккан түн ажайыптуу, ошол түндө жазылган ыр ажайыптуу, ырдын кооздугуна тийген ай нуру ажайыптуу.
* * *
Кыш бат эле өтүп, жаркыраган жаз келээрин унутпа! Оор күндөр кетип, жаркыраган кубанычтын келээрин дагы унутпа!
* * *
Калкылдап заман өттү, аны менен кошо өмүрүбүз өттү, бирок ошол өмүр калкылдатып ак эмгекти жаратып өттү.
* * *
Эмгекчилдин колу берекелүү, баатырдын жолу берекелүү, бала үчүн эненин ак сүтү берекелүү.
* * *
Күнөөлү адамды кечирүүгө болот эгер ал өз күнөөсүн мойнуна алып оңолууга багыт алса.
* * *
Күн сайын жан дүйнөсү жаңырткан адам бактылуу адам, анткени ал күн сайын жакшылыкка аттанган.
* * *
Үй-бүлөгө кереги жок адам ашыкча адам, анткени ал үй-бүлөөнүн ийгилигине салым кошпой жаткан адам. Ошол үчүн ал баардык жерде ашыкча адам.
* * *
Уламаларда, санжырада, жомоктордо айтылат: «Кудай адамга баарын берген бирок, адамдын пейли оңолмоюн өзү эч убакта оңолбойт. Бул сөздө улуу чындык жатканына ишене бергиле!».
* * *
Ата балага мээрим чачпаса, анда баласынан жакшы мээрим төгүлөөрүнө ишене албай жатам.
* * *
Кээ бир адам:«Өмүр өттү» – дейт бирок анын кандай өткөнүнө жыйынтык чыгара албай келе жатат.
* * *
Бир адам айтты: «Жашап келем бирок канча убакытты уурдап жок кылдым, кудай алдында анын эсебин так айта албайм».
* * *
Өткөн жылдарды эскерүү жакшы, бирок ал жылдардагы кемчиликти эстеп, кайра-кайра кайгыра берүү пайдасыз, анткени ал күндөр учуп кеткен куш, баары бир ал сенин колуңа кайта келип конуп бербейт.
* * *
Жандүйнөңү күндө жаңыртып жакшы алып жүрсөң, күндө бир жакшы жакшылыкка жолуга бересиң.
* * *
Жашоо бул жакшы нерсе, ал эми кандай жашадың, ал өзүңүн ишиң. Демек жыйынтыкты адам өзү чыгарат.
* * *
Күлкүчү, куудул адамдын кылыгында бир сонун жери бар, анын жараткан окуяларын эстегенде, жылмайып терең кубанычка батабыз.
* * *
Рухий байлык адамдын көзүнө көрүнбөгөн байлык мал, мүлк. акча адамдын көзүнө көрүнгөн байлык. Тирүү жанга эеөө тең керек.
* * *
Күн тийип турса деле, адам-адамдын жүрөгүнө жарык чачып турсун. Анткени жылуулук күн аркылуу эмес жүрөк аркылуу өтүп турсун.
* * *
Ар бир элде баатырлар сөзсүз чыгат. Баатыры жок элде Ата-Мекен жалгызсырайт.
* * *
Бай болгон жакшы, аны менен бирге жардыларга кайрымдуу болгону андан бетер жакшы.
* * *
Чоң кишиге баладай мамиле кылба, анткени алар балалык курактан небак өтүп кеткен.
* * *
Бактысыз кишиге жардам берип, аны бактылуу адамга айлантуу баардык эле адамдын колунан келе бербеит.
* * *
Бизге берилген өмүр бир мүнөттөн куралат, ошол бе-рилген өмүрдү сараңдык менен колдонбосок, оңой менен ийгиликке жете албайбыз.
* * *
Макал-лакап сөздөрүн бир эле киши түзгөн эмес, аны эл түзгөн. Ошол үчүн ал улуу.
* * *
Улуу адамды мактай берүү жарабайт, анткени ал мактоо курактан небак эле өткөн. Же улуулуктун өзү санат жеткис мактоо.
* * *
Улуу ойчулдар деле биздей адамдар. Бирок алардын коомго кошкон байлыгы биздикинен артык болуп жатат.
* * *
Жакшы китеп дагы чоң байлык, ал эми жакшы китептер чогулган китепкана өлбөс түбөлүктүү элдин байлыгы.
* * *
Нааданды кайра тарбиялоо өтө оор, агткени ага жабышып алган наадандыкты кууп чыгыш керек. Андан көрө жаш наристени тарбиялоо жүз эсе жеңил.
* * *
Адам бир бийиктикке жетиш үчүн эмгектенип жанын үрөйт, Анан ал бийиктикке жетет. Ал жерден дагы бийиктикке жетүүнү самаш керек.
* * *
Улуу ойчулдар жараткан учкул сөздөрдүн оюу бири-бирине окшош. Бирок алардын сөздөрү ар башкача куралган.
* * *
Көп адамдар өздөрүнүн көлөкөлөрүн баалабай өтүшөт. Ошол көлөкөсүнөн жашоонун элеси чагылып турат. Көлөкөсү тирүү жүрөм деген сыйкырдуу элес болчу.
* * *
Акылмандар деле адам. Алар бизден өтө терең акылы менен айырмаланат. Бизде бийик акыл болсо, биз деле акылман болмокпуз.
* * *
Жашообузда жакшы иштер жаралып турса, биз тирүүбүз. Анда өмүрүбүз арманга батпайт болчу.
* * *
Наадандыктын чеги бар. Акылмандуулуктун чеги жок.
Ошол үчүн ак жашообуздун жолу улуу.
* * *
Өтө күчтүү душманга бетме-бет барыш үчүн сага дагы ошондой эле күч кайрат керек.
* * *
Терең жана тунук ой жүгүртүүдөн, жакшы иштер жаралат. Биз ошонун кубанычын күтүп турабыз.
* * *
Ар бир адамга өмүр бир эле жолу берилет. Эки жолу берилсе, биз анда кеткен кемчилдикти оңдоп салмакпыз.
* * *
Ата-энеси балдарга өз сүйүүсүн берет. Балдар деле ошол мээримди кайра жакшылык менен кайырбай койбойт.
* * *
Акыл-эс жана талант менен байыган байлык жакшы, ал бизге кайрымын кайра кайрып берет.
* * *
Акылдуу адам ден-соолугуна карайт, ден-соолугу анын өмүрүн жана келечегин коргоп турат.
* * *
«Күлкүлүү окуялар бул турмушта өтө көп, бирок мен бир да жолу күлкүлүү окуяны жарата элекмин».– дейт бир мерес адам.
* * *
Күлбөй жүргөн адамдарга суктанбай, күлүңдөп шайыр жүргөн адамдарга суктанам.
* * *
Жаштык кылып жаңылганым эчтеке эмес, ошол жаңылыштыкты оңдоп салсам, андай жаңылыштыктан бир жолу кутулган болои.
* * *
Ичи тар адам ааламдын кенендигин билбей жатат, Ааламды ал өз көз карашы менен кичинекей кылып өлчөп-ченеп карап жатат.
* * *