Мен эки китепти ыр түрүндө жазгам. Ыр чыгармачылыктын мырзасы, эгер жакшы жазылса. Аны окуган адамдын жан дүнөсү кеңип, учкан куштай алдыга сызып канат кагып жүрүп отурат. Кийин бир топ убакыт өткөндө ал чыгарманы кайра окуп, өткөндү эскергиси келет. Кээ бир жакшы жазылган кереметтүү саптар анын эсинде калат. Туулган жердин баяны, ар бир адамдын баяны ыр түрүндө жазылганы кандай сонун. Аны жазуу өзүнчө бир тозок. Ал үчүн көп окуп, көп эмгектенүү керек. Ар бир адамдын образын эки куплет ырга салып берүү бир топ эле кыйындыкка жатат. Ал эми калган эки китепти кийин окуйбуз. Ал китепте Ырыскан, Долон бийдин жана башкалардын кыскача баяндары биздин айылган келген Түмөнбай, Абадан, Ураалы аталардын баяны кара сөз түрүндө берилип жүрүп отурат. Буюрса анда баарыныкы жазылган. Кара сөз чыгармасы ырга караганда түшүнүктүрөөк болот. Анда ар бир баян сөз түрүндө айтылып, узап жүрүп отурат.
Бизден мурунку бабалардын баянын окуу дагы бир өзүнчө керемет. Бир гана арман ошолордун баянын толугураак билбей калдык. Санжыра айткан карылардан жакшы укпай калыптырбыз. Бирок бизде негизги деталдары бар аларды алыбыздын келишинче киргиздик. Эми санжыра ар кандай болот. Кошуучу жери кошпоочу жери болот. Ар бир чыгарманын тарбиялык, реалисттик мааниси болуш керек. Тарбиялык мааниси болбосо кандай болот. Ошол жагы менен биздин кийинки муундарыбызга пайда келтирет. Жана дагы жаштарыбыз ошол санжыра баяндарды окуп өздөрүнүн түшүнүгүн кеңейтсин. Турмуштун жакшы жагына барсын, жаманчылыктан такыр эле качсын. Башка элди көрсүн, алардын жакшы жагын өзүнө алып, жаманына жолобосун. Биз айтпасак дагы жашоонун образы, илими ошондой эмеспи. Алар өздөрүнүн турмушун жакшы өткөрүү менен жакыр туугандарына жардам берип, алардын кыйынчылыктан кутултуп кеткенине кол кабыш кылсын. Ошондо туугандыктын да, жашоонун да жакшы жактары чечилет.
Ким-кимден келип чыкканын билбей, тамак жеп, курсагын тойгузуп жашап жүрүү өзүчө бир маңкурттуктун чыныгы образы болуп эсептелет. Ал ошол санжыра китепти окуп эле койбой, ал китептен адамкерчиликти, жакшылыкты, ата –бабаларынын жакшы элесин коргөндөй болсун. Ошолорду көрүп, жашоого кайраттанып, жакшы жашап, биздин элди сүйүп, бир атадан таралганыбызды сезип, туугандык ымалага келсин. Жогоркуларды аткарбаса да, эл ичинде жакшы эмгектенип башкалардын алдында кор болбой жашасын. Азар баарыбыз бир айылда жашабай калдык турмуштун огуна тушугуп, жаштарыбыз ар кайда кетип жатат. Антпесек болбойт, алар ошол жерге барып, тыйын-тыпыр таап жашоолорун жакшы жагына бурбаса болбой калды. Ошол алыскы биз көрбөгөн жерде жети атасын, байыркы аталарынын тарыхын жакшы билип, алардын арбагына сыйынып, куран окуп, өздөрүнүн жашоосун жакшы өткөрүп, аман-эсендикте жүрүүгө аракет кылсын.
Биздин айыл улам-улам өсүп, кийинки жаштардан азамат уландарыбыз чыгып келатат. Алар өздөрүнүн эле намызын коргобостон жалпы айлыбыздын кадыр-баркын көтөрүп элдин алкоосуна татыктуу болууда. Ылайым эле ошондой болсун. Алардын эл алдына чыкканы, биздин алдыга чыкканыбыз. Баягынын тукму, же уруусунан чыккан улан ушинтип өсүп жатат деген сөздү уксак гана. Ошол ар –бирибиздин сыймыгыбыз болуп эсептелет. Ылайым эле ошондой болуп, башка журттун алдында биздин кадыр-баркыбыз өсө берсе гана. Айта турган дагы бир жакшы окуя болуп өттү. Мына даңазалуу Ысабек атанын тукуму болгон Шайлоо инибиз жалпы эл менен бирдикте, касиеттүү Беккулу атанын 350-жылдыгын чоң шаани менен өткөрдү. Ал дагы биз үчүн жалпы эле көл айланасындагы журт үчүн зор кубаныч болуп эсептелет. Ошондой эле эзели салынбаган Ыйык Мечит курулуптур. Бул дагы болсо, биздин айыл үчүн жакшы нерсе. Журтубуз мусулманчылыктын жакшы жактарын даңазалап, жаштарыбызды жаман жоруктан сактап калат. Бул демилгени өткөрүүдө таланттуу агабыз Мусажан байкенин дагы чоң салымы бар экени айтпасак да сезилип турат. Ал байыркы ата бабанын өнөрүндө эң сонун ажайыптуу эстеликти орнотуптур. Ушул эле сонун эстеликтен байыркы биздин ата бабаларыбыздын эң сонун элеси чагылып турат. Айлыбыздын ар бир адамы өзүнүн колунан келишинче ушундай жаңылыктарды жарата берсе ал жеке адамдын ийгилиги эмес баарыбыздын ийгилигибиз экенин түшүнүүгө убакыт келди. Жердештерибиздин сүрөтүн чогултушуптур. Ар бир адам өзүнчө санжыра, жомок. Анын өмүр баяны бир китеп. Демек алар жөнүндө бир унутулбас баян жазып, аны жалпылап чогултулган каражат менен чыгарса да болот. Ошондо ал ыйык эстелик кийинки муунга таберик сыяктуу кала бериши ыктымал. Кандай жашадык, жер үстүнө эмне эстелик калтырдык? Аны баалоо кудайдын бир иши. Эмне эмгек калтырганыңды айланаңдагы адам билет, ал билбесе кудай билет деген ыйык кеп бар эмеспи. Ошондой эле бир адамдын аты, ысмы бир сап ырда же, бир сүйлөмдө эскерилип кетсе кандай кубаныч.