Акыры ал кайтып үйүнө келди. Ал улуу байбичеси Ак келиндин өргөөсүнө бурулуп, көңүлсүз чабдар аттан түшүп, жол жүрүп чарчаган окшойт чепкенин айкарасынан жамынып жата кетти. Анын башына « Жаш курагым да өр таянып баратат баласыз өтөмбү» деген ой калкылдап туруп алды.
Аба салкындап, күндүзгү жылуулук качып, алыскы тарап тынчтыкка даярданат. Күн батканга камынып, улуу тоолор көлөкө жамынып, жайлоого кеч келатты. Жайытка кеткен мал түнөгүнө кайтып жаткан. Ак келин бир абысыны менен бээни саап бүткөн. Жылкылар дүбүрт таштап оттогуна кетип жаткан. Үйгө кирип ак келин Беккулуга кайрылды:
– Күүгүи кирип келатат, байым, кечинде төшөк жамынып жатчу эмес. Баса бүгүн кайда барып келдиң?
– Чалкашканын үйрүн көрүп келдим. Андан башка жок издеп келатам. Жогум табылган жок,– Ак келин сөздүн маанисине түшүнгөн жок.
– Жолдон бирөөнө жолуктум.
– Ал ким экен. Эмне деди?
– Эчтеке деген деле жок. Үч сака берди,– Беккулу чүкөлөрдү аялына сунду. Ак келин таң кала сакаларды алды: – Кебетеси тоо кийигинин чүкөлөрү окшойт, чоңдугуна караганда,– деди Беккулу.
– Жакшы аппак чүкөлөр экен. Улгайган киши сага жаш баладай чүкө бергенин карасаң,– деп Ак келин каткырып күлүп калды. – Илгери үмүт менен балалуу болсок ошолор ойносун,– дегени го. Тактанын астындагы чүкө салынган тулупту алып, сакаларды ошого кошуп койду.
Ошентип жылдыздар чыгып акырындык менен түн көшүлөт. Ошол түнү Буккулу ата түш көрдү. Түшүндө үйүнө карай үч кыраан куш канат кагып учуп келатты. Аны ээрчип жайнаган топ куштар Беккулунун бөз үйүнүн үстүнө уя салып мекендеп киришти. Куштарга Беккулу ата өз колу менен жем берип жатат. Эртеси бул түштү «көз тиеби» деп эч кимге айткан жок. Жакшы аян берген түштү көпкө чейин эстеп жүрүштү. Ошондон көп өтпөй акыркы алган жары жаратканымдын буйругу менен ыйык эне Кутбүбү: Курумшу, Бүтөбөй, Шоңко деген үч бала төрөдү.
Ошол үч бала бой керип чоңойду. Анын уландары көлдүн айланасын мекендеп кыргыздын кыйрын аралады. Бир адамдын тукумунан көптөгөн түтүн булап укум-тукуму уланып жатты. Атанын урпактары Тоң Районундагы Темир Канат жана Большевик айлындагы калкты түзүп турат. Андан башка көптөгөн жерлерде бар. Темир Канат айлы бүтүндөй Беккулу атанын тукумдары. Бул элдин айлы Курумшу, Ураалы, Бүтөбай, Шоңко деген тукумдарынан таралган. Касиеттүү Темир Канатты Беккулу айлы деп койсо да болот.
Баятан бери санжыра айтып жаткан карыя чарчап калган окшойт бир азга эс алып, анан сөзүн улады:
– Баягы Беккулу атага жолдон жолуккан Боз атчан киши бакыт даарыган Кыдыралейсалам эле. Ал баардык эле кишиге жолуга барбайт. Сейрек гана адамдарга жолугат. Ага кезиккен адамдын бактысы ачылып, тукуму уланып кетет. Атага Кыдыралейсалам жолукпаса туяксыз болуп калат беле ким билет. Анда биздин бул дүйнөгө келишибиз арсар болот болчу. Ырас ал атабыз Кыдыр алесаламга жолугуп жаратканым жалгап анын тукумдары көбөйбөдүбү. Ал эми тарыхта тукумсуз өтүп унутулган пенделер ааламда арбын эле эмеспи. Атанын боз үйүнө келип конгон үч куш: Курумшу, Бүтөбай, Шоңко уландары эле. Бул баян улама болсо дагы турмуш менен айкалышкан чындыгы бар болуп жатат. Ушу аңыз санжыраны мен атамдан уккам. Атам өз атасынан уккан экен. Биздин жети атабыз ушул улама санжырада унутулбай айтылып келатат. Ушул баян кеп биздин түпкү атабыздын санжырасынын бир бүркүмү гана. Ал эми кийинки жолукканда калган уламаны айтып берем деп асыл карыя сөзүн аяктады. Санжырачы баянын бүтсө да биз тунжурап ойго батып калдык. Байыркы аталарызбыздын санжырасын угуу биз үчүн канчалык кубаныч, канчалык таалай. Алар биздин көз алдыбызга тирилип келгендей болду.
Күн ачык. Алыстан аба термелип закым жасайт. Ыйык күн өз сапарын улап кетип баратат. Айланада чыккан суурдун үнү болбосо тарап тынч. Ободо бир бүркүт үн салып чыгышка карай канат сермеп токтобой учуп баратат. Кыраан учуп канат сермеп, баатырдыкты көрсөтпөсө, ал жашай албай калат. Ата бабабыз өскөн касиеттүү Тешик Көл акырын көбүк чачып жайкалат. Жел менен жаралган тармал толкундар жээкке карай тынымсыз келип- кетип турат. Бул жер ошол санжырада айтылган биздин бабаларыбыздын ыйык турагы
***
Асмандап учкан ылаачын,
Жетөө экен көз салсам.
Жете албай келген өмүрдө,
Жети атам тура санасам.
Көктө учкан шумкардын,
Жетөө тең чыкты карасам.
Жеткис жылдыз өңдөнгөн,
Жети атам экен байкасам.
***
БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ