Ошол мелдеште Бөрү баатыр жеңишке жетишет. Калмак тайшысынын убадасы боюнча Бөрү же ал жердеги кыргыздар баары эркиндик алып бошонот. Бөрү кыргыздар менен көлгө карай көчүп жөнөйт. Көлгө келсе эч ким жок, калмактардын да алы кетип өз жерине көчө качып жаткан экен. Ансыз деле калмактардын күчү кетип, алар чыгышка карй сүрүлөт. Бул кезде бийлик талашып, ич ара согушуп жаткан болчу. Түштүккө кеткен кыргыздар кайра өз жерине келип отурукташа баштайт. Алсыз кыргыздар кокондук ханга көз каранды болуп калды. Ошондо кокондуктар ак үйгө үй-бүлөсү менен билимдүү киши жибергиле, бул жерден силер менен болгон карым-катнаш алаканы жөнгө салып турсун дешет. Анан бугу уруусу Жамангулдун баласы Төрөкочкорду аялы менен Кокондук хандын ак эшигине кызматчы кылып жиберилет. Төрөкөчкор ишке берилген, өз элин сүйгөн, баатыр сымал мусулман дининин жөрөлгөсүн жакшы билген адам эле. Ошол сапатын туугандары туура баалап аны аялы менен алыска жиберүүнү ыйлайык табышты. Анын аялы белсемдүү баатырдын кызы болуп, өңдүү-түстүү маңдайы жарык жаркылдаган ургаачы болчу. Төрөкөчкор менен жан дүйнөсү бир болуп, булар башынан туура табышкан ынак курбулардан эле. Аты Токтоайым болчу. Бирок жыл айланбай ак өргөөдө жүргөн Төрөкочкор атага уу берилип жок кылынды. Токтоайымды ак сарайдагы бирөө алмак болуп жаман алаамат башталат. Токтоайым эненин боюнда бала калган эле. Эне аман-эесн төрөйт. Атанын керези боюнча балага Сейит деген ат коюлат. Анткени атанын Сейит деген досу болгон экен. Эне «Тулпардын туягын аман-эсен туулган жерине жеткирсем»– деп кудайдан аябай тилеп санаага батат. Бугу уруусундагы адамдар да Кокон хандыгына барып, баатырдын жарын жана баласын алып келүүнү басса-турса ойлонушат. Белектин тукуму Акүчү деген атка чак, тайга жеңил баатыр атактуу дубанга белгилүү Желжетпес деген күлүктү минип атадан калган жалгыз тукумду куржуна салып Теңир Тоого алып келиптир. Баланын Сейит аты өчүп куржунда келгендиктен эл аны Куржун деп атап калыптыр. Куржун ата алты балалуу болгон. Анын улуу баласы Торгой эле. Ал беш эркек үч кыздуу болот. Торгой атанын улуу баласы Беккулу болчу. Санжыраны айтып жаткан кары жөтөлүп, бир азга тыным алып анан алтын сөзүн улантып кирди. Беккулу жаш чагында суукка урунуп оорулуу болуп анан оңолуп кетти. Ал үч аял алып, бирок балалуу болбой жүрдү. Улуусу Ак келин, ортончусу Сулуу келин, ал эми кичүүсү Наз келин деп аташкан. Аларды ошол өңү түсүнө карап аташкан. Баарысы тең акыл эстүү болуп, сырткы кебете- кешпири жагынан жаратканым эчтекени аяган эмес экен. Бирок аларга кудай этегинен айтпай бир дагы тукум бербей койбодубу. Ургаачынын тукумсуз болушу өзүнчө эле кордук эмеспи. Беккуулу Белек баатырдын тукумдары менен алыш-бериш алакка түзүп жүрдү. Таалайга жараша аларды Белек тукуму да жакшы көрчү.
Уланып күндөр өтүп жатты. Тукум жоктугу атанын да капалантты. Ал өзүнүн капасын бир күнү кичүү иниси Майназарга айтты: – Иним, канча кылса да бир жатындан чыкпадыкпы. Короомдө толгон кой, адырда үйүр-үйүр жылкым бар. Бирок аларга ким ээлик кылат. Аны багаар балам жок, жоо алка-жакадан алып турганда душманга, тууганга сес көрсөтүп, камчы үйрөөр тукумум жок кор болот экенсиң,– деп арманы түтөп турду. Ошондо агасынын айтканын Майназар иниси угуп арманданды. Беккулу кайраттанып чыңалды. Бирок Майназар ары ойлонду, бери ойлонуп:-Үч аялы бар агам «Атаке» деп айтаар тукумсуз калабы, кой алдынан бак айткан ылайыктуу ургаачы издейин деп, эки жактан акмалап, айылдан айыл аралап, агасына төп келген жар издей баштады. Ошентип Беккулунун иниси Майназар тапкан Жумгалдык саяк уруусунан чыккан Кургакчүкөндүн ак жуумал бетинен нур ойногон татынакай кызы Кутбүбүгө үйлөнөт. Ал ары акылман, адамдын жан дүйнөсүн терең байкаган ургаачы эле. Беккулу ата дагы бир ургаачыга үйлөнгөнүнө кубанбай ушул алган жарымдан балалуу болсом экен деп, үмүтү астыга умтулуп, жылдыз болуп жанып учуп турду.