Совет убагында куран китеби окулмак түгүл куран дагы унутулуп бараткан. Биз кийин айылга барып иштеп калганда, айылда куран окуган адам калбай калган абалга жеткен. Биздин тегеректен атам окуур эле. Ал кишини чакырып куран окутушкан.
Ал эми куранда көп жакшы нерселер бар экенин биз кийин гана түшүндүк. Биздин айылга эл жана мыкты азаматтарыбыз жардамы менен мечит салынды. Эл ислам динин бел тутуп, куран окуп, өздөрүнүн жашоосун жакшы улантып жатат. Жаштарыбыз намаз окуп ар кандай жаман нерселерге барбай ыйман-адеп деп өмүр сүрүп, жакшылыкка бел байлоого өтүп жатышат. Мунун өзү бизден мурун Касиеттүү жараткан жана Биз адамдар сүйүнө турган эң сонун нерсе экенин баарыбыз түшүнүп жана бел байлап турабыз. Биздин ар бирибиз Жараткан бар десек анда, Жакшылык бар деген болобуз. Жакшылыктан үмүт эткен адам баарынан үмүт этет деп ойлойбуз. Ал адам эч убакта жаманчылыкка барбайт. Баардыгы жакшы адамдар ойлогондой болот. Темир-Канат айлында же, Беккулу атанын айлында аз эле адам жашайт. Көптөрү жашоо турмуш үчүн башка жактарга көчүп кетип жатышат. Антпесе, болбой калгандай. Ошол жактан иштеп жанын багууга туура келип жатат. Улам карылар азайып, жаштарыбыз өсүүдө. Айлыбыз ошол жаштарга бел байлайт. Бизден кийинки иштерди ошолор иштеп бүткөрөт деп турабыз. Демек айлыбызда жашаган баардык адамдарыбыз, жаштарыбыз баарысы. баардыгы аман-эсен болуп, биз сыйынган Жаратканымдын өзү колдоп, алар Ыйык Куранды окуп андан жакшы таалимдерди алып, эл үчүн кызмат кылып, өздөрүнүн жашоосун уланта берүүсүн каалап, Ыйык Куран жөнүндө сөзүбүздү аяктап, эми кантип куран окуш керек ошол баянга өтөлү.
КУРАН ОКУУНУ ҮЙРӨНӨМ ДЕГЕНДЕР ҮЧҮН
Ассалому алейкум, азиз Инсан!
Ауузу биллахи минаш шайтоон ир-ражиим.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир рахиим!
Алхамду лиллаахи раббиль ааламиин.
Ар-рахман ир-рахиим. Маалики иаумид-диин.
Ииякки на буду ва иияка настаин.
Ихдинас-сираатал мустаакиима,
Сираатал-лазиина ан-аита алэхим,
Гарил магзууби алейхим ва лад-дааин.
Кул-ху –аллааху ахадь,
Алла хус-самадь,
Лам иалид ва лам иуулад, 3-жолу
Ва лам иакул-лаху куфухан ахадь
Субхааана раббика раббиль
Иззати ьамма ясыфуун.
Ба салоомун алал мурсалиин
балхамду ли-ллаахи лиллаахи раббиль ьааламин.
Оомийин!
Кыргызча мааниси
Эң кайрымдуу, ырайымдуу Алланын ысымына
Даңаза мүлдө ааламды Жаратканга!
Боорукер мээрбанга!
Өкүмдары-кыямат-сурак күндүн!
Өзүңө табынабыз, жардам сурап жалынабыз!
Туура жолго баштагын, каарыңан сактагын,
Адашкандын багытында аздырбай,
Жолуна сал кут-береке алгандын.
Айт: «Алла таала бирөө гана.
Ал түбөлүктүү!
Ал төрөлбөдү, Өзү да төрөлбөдү,
Кудуреттүү, теңдешсиз эч ким Ага!»
Жогорудагы окулган сүрөнү, жаратканым асмандан эки жолу түшүргөн экен. Ошол үчүн ал ыйык сүрө болуп эсептелет. Башкача айтканда бул улуу сүрө Ыйык Курандын Энеси же баардык Курандын маанисин түзүп турат. Бул сүрөнү «Фаатиха» сүрөсү деп да аташат. Аны бир күндө канчалык окусаңыз ошончолук сага ырахат берет дешет. Бул « Улуу Сөз» же адамдардын келечегине кайрат берген «Улуу Баян» болуп эсептелет. Бул сүрө болгону кыска жети гана аяттан турат. Ошол жети аят «Ыйык курандын» баардык маанисин элестетип тургансыйт.
Кыргыздын ай аттары
Бирдин айы. Он сегизинчи январда кыш чилдеси түшөт. Кырк күндөн кийин он сегизинчи февралда гана кетет. Бул убак кыштын кыраан чилдеси болот. Аны тогуз тогол айы деп аташат. Жалган куран. Эликтин эркегин куран дейт. Жети тогол деп аташат.
Чын куран. Беш тогол айы деп да аташат. Бул айда мусулмандардын Нооруз майрамы болот.
Бугу үч тогол деп да аташат.
Кулжа. Бир тогол деп да аташат.
Теке. Жайдын жеткен узун күнү болот. Аны 23-тогол деп да аташат.
Баш оона. Кээ бир жерлерде 21-тогол деп да аташат.
Аяк оона. Он сегизинчи августа кырк күнгө созулган кыш чилдеси чыгат.
Тогуздун айы. 23-сентябрда күн менен түн теңелет.
Жетинин айы.
Бештин айы.
Үчтүн айы.
Жер секундасына 30-км же мүнөтүнө 1800км ылдамдык менен 365 күн 6 саата күндү айланып чыгат. 22-июнь эң узак, 22-декабрь эң кыска күн 21март, 23 сентябрь күн менен түндүн теңелген маалы болот.
Ыйык пирлер кайсылар
Имам Мазам- соодагер пири
Жер Эне-кара жердин пири.
Кыргыз Ата-кыргыз эилинин пири.
Умай Эне-аялзаттын жана наристенин пири.
Калкаман-элдин пири.
Элеман-Журттун пири.
Малабай-малдын пири.
Адам Ата-адамзаттын пири.
Кыдыр Ата – адамды колдоочунун пири.
Секелек кыз, Асан Шайыр- акылдын, акындын, ырчынын пири.
Зулайка Жусуп- сүйүүнүн пири.
Ак тайлак- шамандыктын ликтин пири.
Камбаркан- күү -обондун пири.
Баба Дыйкан- дыйкандын пири.
Улукман-табыпчылыктын пири.
Кырк Чилтен-жоокерчиликтин пири.
Очок Эне-оттун пири.
Шайы Баба-акылдын пири.
Тастар Ата-тоонун пири.
Күлдүр Ата-чагылгандын пири.
Дөөтү Ата- устанын пири.
Үркөр Ата-жылдыздын пири.
Жел кайык-шамалдын пири.
Бай Терек-теректин, дарактын пири.
Аяз Ата-сууктун пири.
Жез Тырмак-кара ниеттин пири.
Кырдач-сууктун пири.
Кайберен- кийиктин пири.
Дөөтү куш-бакыттын пири.
Шаймеден-жигиттин пири.
Заңги Ата-уйдун пири.
Ак Мүйүз-топоздун пири.
Чие Ата-чычкандын пири.
Кумайык –иттин пири.
Чолпон Ата-койдун пири.
Камбар Ата-жылкынын пири.
Ойсул Ата-төөнүн пири.
Шыйпаң Ата-эчкинин пири.