көөнө баяндар, жүрүм- турум эрежелерлери, өлкөнү башкаруу, Тоорат, Инжилден алынган баяндар бар. Пайгамбар эл аралап, жер көрүп жүрүп ошол баяндарды кулагына сиңирип алган зирек адам болгон. Аларды адам тааныгыстай кылып башкача өзгөртүп алган. Аларга жаңы маани, укмуш көркөмдүк берген. Натыйжалуу насыяттарды, негиздүү осуяттарды, куттуу кулакка угумдуу сөздөрдү иргеп, Алланын гана айтканы деп, өзүнчө көркөм тил, жагымдуу үн менен ички мазмунуна сырткы кыраатын келтире айткан. Алгачкы эргүүдөн жаралган 550 аят абдан чоң ийгиликке жетип, арабдар аны жатка айткан. Пайгамбар курандын маани-мазмунуна өзгөчө көңүл бурган. Эгерде ал кайсыдыр бир жеринен жаңылып, жаратканга шек келтирип алса анын жаны кылыч мизинде турганын өзү да түшүнгөн. Арабдар ал кезде көп кудайларга баш ийген. Алардын жүрүм-турум эрежелери да башкача болуп, ынтымагы жок болгон. Ошол үчүн аларды бир элге, бир журтка, бириктирүүнү пайгамбар ойлонгон. Ошол үчүн жалгыз гана бир Кудайга сыйынууга Мухаммед пайгамбар чакырган. Ошондуктан кандайдыр бир жол менен баардык арабдарды бириктириш үчүн бир ишти ойлоп табуу зарыл экендигин Пайгамбар түшүнгөн.
Ошентип, мурдагы ыйык китептерде, улуу жазмаларда кезикпеген жаңы адабий тексти ойлоп табуу чоң эрдик, кенен акыл эсти, шык-жөндөмдү, көп кыйынчылыктарга, жан-милдетке, өзүн туш кылган. Пайгамбар куранды ойлоп табууда көпкө ойлонгон, ойлорду көңүлүнө аябай түйгөн, үнүн кыраатка келтирип аябай такшалган. Ал куранды жатка айтууга көнүккөн. Эгер желкайып абалында куранды айтпаса ага эч ким көңүл бурмак эмес. Куранды чыгарууда жалгыздап, үңкүрлөргө барып жатка айтып чыгара баштаган. Куранды чыгарууда көлкүп-толкуп, кээде ыйлап, жараткандан жардам тилеп, баян жорго сөз, дастан, ыр кайрыктары жанып, сөздөр бир-бирине өтө уйкаш келип угуп отурган адамдын көңүлүн өзүнө буруп алган. Адамдар аргасыз курандагы ыйык сөздөргө берилип, аргасыз ага баш ийишкен. Пайгамбар бул баянды чыгарууда байыркы арабдын элдик поэзия, ырларына, санжыра сөздөрүнө, уламыштарына, эрдик баяндарына, үрп-адат сөздөрүнө аябай көңүл бурган. Ошондуктан куран китеби укмуш чоң жетишкендикке ээ болгон. Башкача айтканда Куран пайгамбарга желкайып абалында келгендей болгон.
Курандагы эң эле ыйык сүрө 112. Ал болгону 7 гана аяттан турат. Ал бүткүл курандын мазмун-маанисин өз ичине батырат. Фаатиха сүрөсү окулбаса ал куран болбой калат дешет. Бул улуу генийалдуу сүрө.
Айт: « Алла таала бирөө гана,
Ал түбөлүктүү!
Ал төрөбөдү, Өзү да төрөлбөдү
Кудуреттүү, теңдешсиз эч ким Ага!»
Мен аны төмөн жакта да келтирип өтөм. Силерге анын маани-мазмунун айтып берейин. Мусулман баласы куранды окуп жатканда жөн эле окуй бербестен анын маани мазмунун,
баянын, ички сезимин туюп окуса ошондо гана аны даана түшүнөт. Же болбосо, жөн эле окуй берсе, андан эч нерсе түшүнө албайт. Ошол окуган нерсеңен ойлонуп бир нерсени
табышың керек. Ошондо гана анын маанисин сен түшүнгөн болуп ачыла келет же кемелине толот.
Ошондуктан ар бир сүрө, пайгамабардын жан сыры, жан дүйнөсү, ыйманы, чыгармачылык илхамы, ички дүйнөсүнүн тазалыгы, же жан сүйгөн перзенти. Куран китеби Мухаммед пайгамбардын атагын ай-аалмага чыгарып аны түбөлүк даңкка бөлөдү. Азыркы учурда бул динге 1,5 миллиард адамга жетип, дүнө элдеринин төрттөн бири сыйынат. Бирок бул динге элдерди сыйынтуу оңой болгон жок. Эчен согуш, алааматтардын аркасында жетти. Арабдар элдерди кылыч мисинин жардамы менен мусулманчылыкка киргизди.
Биз эми ыйык китептерди жазган пайгамбарларга келсек алар ар кандай аталат. Ыйык китептерди өтө билимдүү адамдар жазган. Жалпы эле китеп жазуу ыйык билимди жана көптөгөн окууну талап кылат эмеспи. Андан башка алардын талант илхамы болуш керек да. Дүйнөдө пайгамбарлар арбын алар ар бир элде ар кандай аталат. Мисалы: Абраам-Ыбырайым, Ной-Нух, Лот-Лут, Исаак-Ыскак, Израил-Ысырайыл, Измаил-Исмайыл, Иаков- Жакып, Иосиф- Жусуп, Моисей- Муса, Аарон-Аруун. Иоб- Аюб, Давид- Дауд- Дөөт, Соломон-Сулайман, Илия- Илияс, Иисус-Иса, Идирис- Ыдырыс, Салих- Саалы, Захарий- Закир, Али- Аалы жана башка толуп жаткан көптөрү бар.
Биз эми куран көп тилге которулган деп айтпадыкпы. Ошолордун ичинен Куран орус тилине
да коорулган. СССРде жашаган элдер орус тили аркылуу куран менен таанышкан. Орус тилине 1871 жылы генерал Д.Н. Богуславский которгон. 1878-жылы Г.С. Саблуков которгон. Бул адамдын котормосу 100-жыл кызмат кылган. 1920-1930-жылдары которгон И. Ю. Крачковскийдин котормосу эң негизги оорунду ээлейт. Ал чоң окумуштуу арабист болгон. Аны илимий жеткиликтүү тилде которулганы көрүнүп турат. Ал эми кыргыз тилине ушул кишинин котормосунан алып, акын жана котормочу Э. Турсунов 1991-жылы чыкты. Мындан сырткары араб тили аркылуу бир канча котормолор чыкты. Алар менен кеңири түрдө таанышып окуп чыктык. Бул котормолордон биз куранды арабача шыгыр, уйкаштыгын, көркөмдүгүн жете түшүнбөсөк дагы анын маани-мазмунун түшүнгөндөй болдук.