Күң да буга макул болду. Ал башкача кыла албайт эле эненин тилин алыш керек. Алдыда чамынып күрүлдөп-шарылдап агып жаткан тентек суу. Эки атчан тентек сууга туш келип такалды. Бул жер кечмелик эмес эле, жаныбарлар да ошону билип, өйдөкү кечмеликке карай бурулуп туруп алышты.
– Келе баланы мага бергин,-деп өкүм айтты айым.
Күң аттын тизгинин тартып, алдындагы бешикти айымга кармата салды. Айымдын мингени келишимдүү чоң тору ат. Күңдүкү бышты чабдар ат. Мындай алсыз жаныбар сапырылып кирип жаткан сууга туруштук бере алабы?
Эне караңгы түндө:
– Суу атаасы Сулайман көлдөй көр жаратканым өзүң жар бол, кандай күнгө туш келгенбиз, -деп атчандар теңирге муңун билдиришти.
Айымдын аты өкүмдүк менен астыга умтулуп, суу ургаачынын тизесин жаба берди. Жүрөгү үшүп, суу жаба бербесин деп бешикти өйдө көтөрдү.
– Кудай арбак колдой көр, кандай суу ушунчалык терең беле, кокуй,-дегенге араң жарады. Айым оң колу менен бешикти бек кармап, сол колдоп тизгин жана ээрдин башын бек мыжып жатты. Ылдам кечип кетсек деп буту менен атты теминип коёт. – Чу, чу жаныбар, суу атасы Сулайман колдой көр, ата бабанын арбагы колдой гөр.
Арттан « Аа…ааа…ааа…»– деген бакырык угулду.
Катуу кирген тилсиз суу күңдү ат-маты менен агызып кетти. Кара жаны менен алек болгон айым аны даана байкап, денесин калтырап коркунуч аралап жатты. Көңүлү уйгу-туйгу болуп, жүрөгүнөн коркунуч каптап турду. Айымдын минген атын суу жаба берип, анын колундагы баланын бешигин тилсиз суу жулуп кетти. Аялдын «Аа…ааа…ааа..» деген алсыз чаңырыгы алыска угулду. Ээрдин кашын бек кармап, аркы өйүзгө өтүүгө аракет кылды. Жаныбар күчтүү экен күрүлдөп кирген сууну омуроосу менен жиреп аркы өйүзгө аман-эсен чыкты да силкинип-силкинип жиберди. Бермет эне бешиктеги баланы жакшы кармай албай сууга агызып жиберди. Айым эми эле колдо баласын сууга агызып ийип, улуп-уңшуп ыйлап жатты:
– Ай, кудай ай, ушундай да күн болобу, кокуй күн колумдагы балам кайда кетти? –анын үнүн суу угузган жок. Бирок тоонун тентек жели алыска-алыска айдап кетти. Күңдү минген аты менен суу агызып кетпедиби. Ай караңгы түндө көз ачып жумганча ушундай алаамат окуялар болуп кетти. Бир заматта ушундай кокустуктар болуп өттү. Айым эмне кылаарын билбеди, кийми жети катары менен суу болуп, үшүгөн денеси калтырап-титиреп чыкты. Бермет эненин минген аты аркы өйүзгө аман-эсен чыгып, от жылтылдап жанга үйлөргө карай бурулуп басыгын ылдамдатты. Ат боз үйгө ылдам эле жакындап келди. Булар черик уруусунун боз үйлөрү болчу. Аларды кабанак иттер арылдап тосуп чыгышты. Арыдан эки жигит чыкты.
– Келаткандар кимдер?
– Мен.
Эненин үнү араң чыкты.
– Мен деген ким?
– Мен Тагай бийдин аялымын.
Жигиттер ушундай үндү угуп, бир алаамат болгонун болгоолоп, аялдын атын алып, отту улуу жагып, анын киймин кургата баштады. Үч жигит ат минип, суу жээктей чапкылап, агып кеткендерди караганы кетишти. Жайылмада күңдүн аты оттоп жүргөн экен аны айдап келишти. Издегендер баланы да аялды да табышпады. Эне түн боюу кирпик каккан жок. Суук тийген шекилдүү эти ысып чыдай албай кыйналып чыкты, ар кандай сөздү сүйлөп, сөзүндө бешиктеги баласын чакырып жатты.
Түйшүктүү түн өтүп, эч нерсе ойдо калбагандай болуп, эртең менен күн улуу тоонун башынан шоодурай шоокум салып чыгып, тоону, сууну баарын мээрим чачып жылыта баштады. Эне ооруп жатса да суу кийми менен ылдый басып, баласын издеп жүрдү. Эненин курган үмүтү «балам бешиги менен бир жерден чыга калса», дейт. Он чакты жигит өйүз-бүйүзгө аттарын чапкылап агып кеткендерди шашып-бушуп издеп жүрүшөт. Күң суунун эпкини менен жээкке чыгып, чоң таштын түбүндө жылуу жерде үргүлөп уктап жаткан экен. Бир гана кийми суу болбосо калганынын баары оордунда. Бир жигит аны атка мингизип үйүнө алып кетти. Алар наристени издеп жүрүштү. «Тентек суу муштумдай баланын денесин майдалап салды го каяктан издейбиз»-дешти. Шайдоот жигиттер аттарын чапкылай, ылдый карай шашкан тейден салып-уруп жүрүп отурушса, суунун ортосунда балжууран, коко тикен, калың чөп өскөн таштуу жайык аралча жайгашыптыр. Ошол аралда ургаачы көк жал жолборс сууну жээктеп басып турган экен. Аралда бешик турат анын жанында элечекчен эне отурат. Шайдоот жигиттер салып-уруп ошол аралга карай ашыгышты. Касиеттүү көк жал суу кечип, тоону этектеп капталдай кетип баратып, анда-мында аралды карап, каардуу үн салып ырылдап үн чыгарып коёт. Жигиттер сууну кечип ошол жерге чаап келсе, жасалгалуу бешикте, бала суу болбой мемиреп уктап жаткан экен. Ууруту сүт болуп, эми эле эмчек эмгени билинип турат. Жигиттер бул окуяны көрүп аң- таң калышты.
Уламаларда Кылжыр атанын колдоочусу касиеттүү көк жал экен. Аны көк жал колдоп, өзүнө, укум-тукумуна көп ийгиликтерге жетиштирген шекилденет.
***