Бала жыгылып туруп, жерден жети токмок жеп акырындык менен чоңоё баштады. Мойну ийри болгондуктан баланы «Кылжыр» деп чакырып жүрүштү. Бермет эне Тагай бийге көп кайрылган экен «баланын мойну ийри болуп калды аны Самаркандагы мыкты дарыгерге көрсөтүп, мойнун оңдосок болот эле го» – дейт. Тагай бий ага көнбөй «Көрөсүң балдарымын ичинен ушул эң мыктысы болот. Жаратканым баланын ошондой жаратты ошол бойдон кала берсин» – дептир. Кылжырдан Орозбакты жана Дөөлөсбакты төрөлөт. Биринен Бугу уруусу, экинчисинен Сарбагыш уруусу тараптыр. Санжыра окугандар бул уруулардан көптөгөн баатырлар, олуя чечендер, эл бийлөөчүлөр жана башка адамдар чыкканын биз айтпасак да белгилүү эмеспи. Бул ысым унутулбай кала берди. Уламаларда атанын Сарбагыш аты көп айтылбай Кылжыр болуп кала берген экен.
***
Тагай бийдин үч баласы тең турмуштун ысылы- суугуна кабылып чыйрак болуп чоңоюшту. Богорстон жаратылышынан манап сыяктуу таза, сылык, сыпаа эле. Оозунан эч бир жаман сөз чыкчу эмес экен. Аны эч ким үйрөтпөсө деле жаратылышынан ошондой адам болгон сыяктуу. «Мен алам» деп дүр-дүйнөгө да такыр жутунчу эмес дешет. Койлон көйрөңүрөөк, башка адамдарга эч бир залалы болгон эмес экен. Ал эми Сарбагыш жаштайынан эле өкүм, курч, керек болсо каардуу, маанилүү ишти кармабай бат чечип, бирок такыр сараң эмес колу ачык чачылып-төгүлгөн адам болгон дешет. Ал өз элин аябай сүйүп, каршы жоосуна айбаттуу сокку урганга даяр турган. Жана баардык жерде тигиге же буга кол ийрисине тартпай чындыкты айтып, туура чечим чыгарганы менен айырмаланганы байкалып турчу. Ал үнүн катуу чыгарып өкүм сүйлөгөн адам эле. Кылжырдын сөзүн Богорстон, Койлон а түгүл Тагай бий да укчу экен. Кылжырдын өктөм сапаты калмактарга да а түгүл Моголдорго да угула баштады.
***
Ошентип жер күндүн айланасында айланып, убакыт закымдап өтө берди. Кылжыр бой тартып чоңоюп, үйлөнөр кези келди. Бул кезде кыргыздар менен калмактардын ортосу кээде тынч, кээде коогалаңдуу учрлар өкүм сүрүп турду. Калмактар кыргыздарды өз жеринен сүрүп салып, алардын жерин ээлеп алгысы келет.
Жай айы бүтүп, мезгил күзгө кадам салып бараткан учуру эле. Гүлдөр небак солуп карайып сабагы эле калган. Бирок шыбак чөбү күзгү сүйкүм жытын дале чачып турат. Талаадгы сасык кычы бадалга окшош чөптүн майда мөмөсү саадакча келип, анын өңү бозоруп өңүнөн тайып, табияттын мыйзамына аргасыз баш ийгендей. Шалбаалардын жана көлмөлөрдүн жээгинде өтө кооз жашыл ыйлаак чөп дале көрктөнүп өсүп анын гүлү кызгылт же кочкул кызыл түстө сулуу тартып, караган адамдын көңүлүн өзүнө бурдурат. Асмандагы булуттар катып, жаан эми жаабай калды. Тоо ичи түшкү ченде ысык болот да, анан кечкисин акырындап барып салкын тартып, түнкүсүн суук түшүп, нымдуу абадан кыроо түшөт.
Кылжыр жигиттери менен калмактардын жылкыларын тийип келүүгө камына баштады. Муну Тагай бий билип калып айтты:
– Кылжыр балам калмакка каршы чабуулуңу кой, алар менен ынтымакта турганыбыз эле оң –деп айткан.
– Жок ата бизге тийишпесе дагы алыстагы кыргыздардга көп асылып турат алардын сесин бир жолу кайтарып коёлу.
– Кой, балам антпесең, ал майда барат көрүнүш алар менен ынтымакта турганыбыз эле оң.
Кылжыр атасынан ыйбаа кылып унчукпады. Ал кечинде он жигит ээрчитип, жээрде кашка ат минип, кайдадыр бир жакка жөнөп кетти. Түн. Кылжыр баштаган он жигит калмактардын жылкыларына жакындап келатты. Айлана тынч анда-мында үн салган түнкү куштардын үнү чыгат. Айдарым жел тоодон ылдый согуп адамды ичиркентет.
Кылжыр:
–Акырын карааныңарды көбөйтпөй бириңерге-бириңер жакындап ыктай бастырып, тизгинңерди тарта жүргүлө!
Алар калмактардын жылкыларына жакындады. Жоо тарап шекти билип калган окшойт, ат кошкуруп, кайдадыр бир тараптан жылкы кишенеди. Бөтөн адамдар шек алып калгансыды. Кийинки учурда алар өтө сак болуп, жылкыны көптөп кайтарып калышкан. Он жигит беш-бештен бөлүнүп, жылкыларды бөлө качырып айдап келатышты. Ошол кезде калмактар айгай салып, кыргыздарды кууп калышты. Ортодо салгылашуу жүрүп, карсылдаган чокморлордун карс-курс деген үнү угулат. Ошол салгылашуу кармашта Кылжыр эки жигити менен колго түшүп, аны орго салып коюшту. Бул абалды билип калмак байы Дорбу айтты:
– Ордо жаткандар ким экен?
– Байым Тагай бийдин баласы эки жигити менен жатат.
Тагай бийдин атын укканда бай сестене түштү:
– Кой, Кылжырды бошотконубуз оң кыргыздар менен каршы болгонубуз жакшылыкка алып келбейт. Кыргыздар оңой эл эмес алар кек куушат.
Жигиттер Кылжырды эки жигити менен ордон чыгарып, аларды кийиндирип, жуундуруп, Дорбу байга ээрчитип келишти.
– Уулум кечирип кой, сен Тагай бийдин уулу Кылжыр экенсиң.
Кылжыр күнөөсүн мойнуна алып:
– Ардактуу бай кечирип коюуңуз, күнөөбүздү мойнубузга алабыз, жылкы уурдайбыз,-деп уят болдук.
Дорбу ыраазы болуп:
– Мейли күнөөңөрдү мойнуңарга алсаңар ал кечиримдүү болот.
Кылжыр эки жигити менен сый көрүп, жүрө берди.
Ошондо калмактын көзү ачыгы Дорбуга айтты:
– Байым бобу жигитте бакыттын жышаанасы төгүлүп жатат муну ордого алып кетсек эмне болот. Аны колунун жана бетинин бырыштарынан байкоого болот.