Жаратканымын буйругун ким тосо алат, анык тагдыр экен, Чоң Жергес жеринде Баястан атанын үйүндө энени жоктогон өкүрүк чыкты. Бүбүайым энени жоктоп, таяк алып балдары боз үйдүн тегерегинде сабылып ыйлап жатты. Балдарынын алды небак эле үйлөнүп бой тартып калган. Кыздары турмушка чыга элек эле. Тагдыр экен ата Бүбүайым эне менен жаны бирге болуп калган эмес беле. Сөөктү коюуп келгенден кийин атанын көзүнөн жаш мончоктоп акканы адамдын зээненин кейитип турду. Ыйлабаганда эмне кылат сиркедейинен бириккен, чуркап ойноп келишкен асыл жубайлар эмес беле. Эл ага кайрат айтып жатты. Ал кайраттуу адам эмеспи акыры кайратын жыйып, балдарын жетилтүүгө аракет кылып жатты. Өлгөндөр өлөт экен, өлбөгөндөр турмушун улантууга мажбур болот экен.
Алыбек, Көлөй өтө токтоо солк этпеген уландар эле. Алыбек узун болуу кебетеси таякелерин тарткан шекилденет. Ал эми Көлөй ар бир сөзүн баамдап сүйлөгөн, башы оор, баардык нерсени жагдайына карап салмактап чечкен жай сүйлөгөн адам эле. Анын ар бир окуяга жооп бергени тозок, бирок айткандары жөндүү болгон. Балдарынын ичинен өнөргө шыктуу ушул Көлөй болду. Бүтөбай чоң атасындай комузду бабына келтирип чертчү экен. Санжыраны да токтоо тартып саймедиреп атканда адамдар угуп эле турчудай болуптур. Баястан ата бир нерсени иштеердин алдында ушул Көлөй менен кеңешип калчу. Ал өзү сом темирдей болуп токтоо, бекем жана көрүп жүргөн кишилер анын ушул жагын үйрөнүүгө ашыгышкан. Ал эми Язбек көзгө чапма, чыдамы жок бир нерсени тез эле чечүүгө аракет кылган бирок курч батыл адам болгон экен. Бат эле жини келип, кайра бат эле жазылып кетчү экен. Көлөйдүн ымтырап турганын жини келип кээде жактырбай кетип турчу. Ал бир нерсени шар баштап, шар бүтүрүүгө аракет кылган экен. Ошондой ополоң-тополоң заманда ушундай мүнөз да керек болгон. Анын тайманбай шар жүргөнү көп жагынан оң утушка ээ болгон. Ошондуктан Баястан ата бир иш иштеерде Көлөй, Язбек, балдары менен акылдашып эң аягында Көлөй уулунун тилин алган. Алардын ичинен чоң санжырачы, сөз билги чечен адамдар болгон экен. Алар элге чоң жыйындарда санжыраны саймедиреп айтып беришчү дешет. Кыргыздын кутту сөздөрү алардын оозунан чубуруп түшүп, ар бир жанды толкундаткан.
***
Чоң Жергес жери жайкалып, жаадырап күн тийип турат. Талаа түзөңдө ыргалып өскөн өсүмдүктөр, алардын аңкыган керемет жыты жыттанат. Тоонун этегинде бөрү карагат, кайың талдар өсүп турат. Токой жыш, айланада түркүн дүйүм чөптөр. Карагайдын арасында желип-жорткон бөрүлөр, кой-козунун башын тоголотуп, бөлтүрүктөрүн машыктырып жаткан шекилденет. Бөлтүрүктөр кой-козунун башын талашып, ырылдаша кетет. Чоң эркек карышкыр кой-козунун башын тиштеп карагай аралай качты. Анткени ары жактан бир шектүү караан келе жаткандай болду.
Карагайлуу тоонун этегинде Алымбайдын өтөгүндө Баястан ата эки жылдан бери конуштап келатат. Анын балдары чоңоюп, аяк-башын жыйып бир топ тыңып калды. Бирок ата алиге үйлөнө элек. Аны балдары айрыкча келиндери кор кылбай жакшы багып жатат.
Ушул күндөрдүн биринде Баястандыкына Курумшунун баласы Койсойбос келип түштү. Күн илеби ысык жаз күндөрүнүн бири болчу. Үйдө көр тирликтен чарчап, Баястан ата эс алып жаткан. Сырттан келген мейманды үй ээси салам берип, тосуп алып, төргө отургузду. Эки тууган сүйлөшүп жатты.
– Качан үйлөнөсүң, балдарыңа убал болуп кетти го.
– Аны деле ойлонгон жерим жок, бобу балдардын турмушу менен көр тирилик өтүп жатат.
– Анан эмне кыласың тагдыр ошондой жазып койгон да.
Ата сүйкүмдүү жарын эстеп көңүлү чөгө түштү.
– Атаңын көрү биринчи курган шаарым бузулуп калбадыбы,– ал аялы жок күдөрүн арман менен эстеди.
– Бирок кудайга тобо! Баардыгы жараткандын буйругу менен болот. Балдарың жетилип канатын керип келатат.
Койсойбос:
– Мен муну Шоңко, Курумшу атанын балдары менен кеңешкем. Чукулда дагы келебиз анан баарылап чечебиз го.
– Мели өзүңөр билгиле, эмне десеңер да силердин оюңардан кантип чыгам.
Мейман келген жагына карай кетти.
Бир топ күн өткөндөн кийин Баястан атаныкына Койсойбос, Сүйөр, Айман, Адылдар келишти. Меймандар үй ээси менен саламдашып анан келген себептерин айтып киришти. Айман ата үнүн көтөрүп бакылдап сүйлөгөн киши эле:
– Баястан өлөөр келинибиз өлдү эми кайра тирилбейт.
– Эми үйлөн балдарыңа убал болуп кетти,– деди Адыл капалана.
– Үйлөнбөсөң болбойт бой жүргөнүң бу куракта жакшы эмес, эки жакты байкап көрөлү, деги алчу немең барбы?
Ата башын жерге салып:
– Түйшүк менен жүрүп, аны деле байкай албадым.
Сүйөр жоон үнү менен барк-барк этти:
– Байкашымча саяк туугандарда бир келин бар экен ошону байкаштырсак кандай болот.
Эмне деп айтаарын билбей баардыгы жымжырт болуп калышты.
– Аягын деле караштыралы бирок бул жердеги черик тукумундагы Сейит деген токтоо адам бар ошонун Акбала деген кызын байкайлы.
Баардыгы унчукпай тымып калышты. Баястан ата:
– Эмне болсо да балдарды какыс-кукус кылбай үй-бүлөгө тың эле адам болсо болду.
– Биз да ошону ойлоп жатабыз.
– Жакаң агарып, үй- турмушуң жакшы эле болуп калат эле.
– Эми кечке эле сүйлөшө бербей ошол жагын байкаштырыш керек.