Жаштыктан жашыл өң көрүнөт, кубаныч андан бетер жашыл көрүнөт. Демек өмүр жакшы өтүп турганда баардыгы жашыл көрүнөт. Күттүрүп келген жаздын өңү да жашыл көрүнөт.
* * *
Жакшылыктын алды бакыт дечи, анткени анын келечегине бакыт бир керемет нерселерди төгүп турган.
* * *
Жакшылыкты жаратсаң ал эң жакшы, аны жарата албай алың саал болсо, ал деле жаман эмес жакшы.
* * *
Жакшы күндөр эсте калат, оор күндөр эмнеси менен эсте калат.
* * *
Жакшы жана жаман достун айырмасы асман менен жердей, жакшы дос сени асманга алып чыгып кетет. Жаман дос сени жерге таштап карабай кетет.
* * *
Күзүндө күн кыскарып, түн узарат. Өлүмдөн кубаныч кыскарып, кайгы узарат. Жакшыдан жамандык кыскарып, кубаныч узарат.
* * *
Изденүү менен жазылган чыгарма мазмунга бай болот.
Баарынан да анын өмүрү узак болот.
* * *
Окуучу-шакирт, мугалим-устат. Алар эми эмне кылыш керек. Алар бири-бирин тарбиялап, асыл нерселерди жаратыш керек.
* * *
Окуучу, шакирт экөө терезеден кең дүйнөнү карап жатат. Мугалим – устат, шакиртти ошол кен дүйнөгө кантип алпарам деп ойлонуп жатат.
* * *
Ар бир адам өзүнчө – жаратылыш. Жаратылышы жакшы болсо, анын жан дүйнөсүнөн биз күткөн жакшы, асыл нерселер көрүнүп турат.
* * *
Окуучу мугалимдин мактоосуна муктаж. Окуучу үчүн мугалимдин мактоосу көп мактоо баракчаларынан жогору турат. Анан дагы окуучунун сыйына мугалим муктаж.
* * *
Чаалыкпас тарбия болгон жерде гүлдөп өсүү жаралат.
Гүлдөп өсүү болгон жерде адамдын кубанычы кошо жаралат.
* * *
Мугалимдин окуучуга айтканы – тапшырма, ал эми ошол тапшырма ойдогудай аткарылганы – чыныгы турмуш.
* * *
Жаманчылыктын арты эмне?
Зарыккан күтүүнүн арты эмне?
Сага тапшырылган ишеничтин арты эмне?
* * *
Жаштар сак болгула! Жаш кезекте жаштык менен билбей калып, өмүрүңөрдү азапка салып, аны кайра калыпка келтире албай калбагыла! Түбөлүк арманга батпагыла! Дагы айтам сак болгула!
* * *
Акын ырды жаратабы же, ыр акынды жаратабы? А дегенде акын ырды жаратат. Жакшы ыр акындын атак-даңкын жаратат.
* * *
Адамдар уктап жатат, алардын тынчын албагыла! Эртең алар чоң сапарга аттанып жаңы турмушту жаңыртканы жатат!
* * *
Учуп жүргөн куштардын бары кыраан эмес. Ырчылар ырдап жатат, алардын баарысы, ырчы эмес. Обондорунда кыйкырык-өкүрүк өмүр сүрүп жатат, Ошол үчүн алардын ырчылыгы оордунда эмес.
* * *
Турмуш татаал болгон сыяктуу, тарбия деле татаал нерсе, же болбосо, баардык балдардын жүрүм – туруму ойдогудай болмок. Демек баардыгы татаал нерсе.
* * *
Турмуш жөнөкөй жана татаал көрүнүштөн турат. «Тигиндей бол, мындай болгун!» деген жөнөкөй нерсе, Аны турмушка ашыруунун оордугу турат.
* * *
Чыгармада ой биринчи жаралабы, же сюжети жаралабы? А дегенде ой жаралып, анан сюжет ээрчип келген.
* * *
Сенин мүнөзүндөгү жаман сапат ал тарбиянын кыйгач өтүп кеткен жери.
* * *
Өтө узак жашка барган адамдан сурадым:
– Узак жашка баргандын сыры эмнеде»? – десем, ал айтты:
– Анда күлкү менен ак эмгектин сыры, түйүнү жатат.
* * *
Беш адам көтөрө албаган жүктү, бир адам көтөрүп баратса, ал – эң жакшы адам, жүз адам көтөрө албаган жүктү, бир адам көтөрүп баратса, ал – баатыр, ал эми беш миң адам көтөрө албаган жүктү, бир адам көтөрүп баратса, ал – гений.
* * *
Тырышчаак жаштарыбыэдын ата-журтка берилген чыныгы жакшы сапаты баарыбыздын байлыгыбыз, баарынан мурун ал, коомубуздун байлыгы.
* * *
Мен мугалимдерге:
– «Таланттуу окуучулар жаныңарда эле турат, силер ошону таап тарбиялабай жатпайсыңарбы», – дедим.
Алар жерди карап:
– Бул айтылган ой туура,-дешти.
* * *
Шамалда ийрейген карт дарак катуу тагдырга туш болгон карт адамдын элесин берет.
* * *
Мугалимдер көп болгон менен чыныгы педагогдор аз эле болуп жатат.Бул жерде аларга жасаган коомдун мамилеси оордунда эмес.
* * *
Башканы оңдосок да, тагдырды же кайып буйрукту оңдой албайбыз, ал бизге билинбей келип, билинбей кетип жатпайбы.
* * *
Өткүн да өтүп кетти. Жаадыраган күн чыкты. Турмуш баары эле баягыдай өзгөрүү жок, бирок аба тазарып, жашоо жаадырап калган сыяктанды.
* * *
«Жарымы арак, жарымы кайгы менен өткөн өмүр мындан көрө өзүн азапка салбай, жаралбай койсо деле болмок», дейт бир адам, башка бирөөн карап туруп.
* * *
Арак куюлган бөтөлкөнүн түбү арак жыттанат.
Өмүр бою соодада жүргөн адамдын чөнтөгү акча жыттанат.
Ыр жазып жүргөн акындын болочогу талант жыттанат.
* * *
Куурап бараткан чөптөр, сай жээгиндеги жашыл чөптөргө атаандашып мага айтты:
– «Эй, адамым карачы, суу жээгинде чөптөр дале өсүп турат. Биз болсок куурадык, бул теңсиздик», – дешти.
Мен аларга:
– «Бул тагдыр, аны көрбөскө чараңар калган эмес», – дедим.
* * *
Менден сурашты:
– Дүйнөдө жакшы адамдар көппү же жаман адамдар көппү?
–«Жакшы адамдар көп, ошол үчүн дүйнө ушундай жаңырып, кооз болуп баратат-дедим.
* * *
Жол менен кетип баратам. Чымын-чиркейлер мени айлана учуп, айтышты:
– Эй, жолочу кичинекей болуп биз да сапар тартып келатабыз, жолочу болуп, сен дагы сапар келатасың, баарыбыз жол карытып келатабыз.
* * *
Кеч күздө топ куштар сүйлөшүп жатты: