– Эмне азап, эмне бакыт? – деп жорудан сурадым. Ал мындай жооп кайтарды:
– Ачка болуп, тарп издеп, учуп жүргөн оор убакыт, ал эми тарпты таап жеп, аябай тойгон учур – бактылуу убакыт.
* * *
Акын ырын жазган учур келет, оңдоочу учур келет, аны чыгаруучу учур келет, атак-даңкты алуучу учур келет. Анан бул дүйнөдөн өтүүчү учур келет. Аягында тарыхта калуучу учур келет. Мунун бары жазмышка жазылган тагдыр.
* * *
Бир кой күткөн кедей кубанып:
– Аябай байыдым, – деди.
Миң кой күткөн бай:
– Дагы эле аябай жардымын, – деди. Экөөнүн кимисине ишенсе болот?
* * *
Эки адам бири-бирин жакшы түшүнө албаса, алардын жолу бирикпейт. Бирөө түндүккө, бирөө чыгышка бара жатса, кантип биригет
* * *
Күз айтты:
– Биз келдик, – деди.
Жер-жемиштер айтты:
– Биз бышып бүттүк, – деди. Дыйкан:
–Түшүмдү жыйчу кез келди. Карылар айтты:
– Өмүрүбүзгө күз келип картайып баратабыз, – деп капаланды.
* * *
Замандаштар! Эне тилибиз ата-бабалар калтырып кеткен чети оюлгус улуу мурас. Ошол улуу мурасты башка элдин алдында уят болуп жоготуп жибербейли, сак болгула!
* * *
Душмандарым менен мамиле түзсөм, алдыдагы келишпестик азаят. Жол оңутун байкап, сапар тартсам алдымдагы кыйынчылык азаят.
* * *
Башканы сын көз менен кароо жеңил. Ал эми башканын көзү менен өзүңдү сын көз менен кароо канчалык оор. Жеңил менен оордун ортосу канчалык алыс.
* * *
Кооздукту жана сонундукту кадырлаган адамдын
жүрөгүндө бизди кубанткан жана сүйүнткөн жакшы сонун
башталмалар бар.
* * *
Биз гүлдү үйүбүзгө, анын айланасына өстүрөбүз. Үйүбүздүн айланасындагы гүлдү башкалар көрөт. Жүрөгүбүздөгү гүл көрүнбөйт, аны жакшы адамдар гана көрөт же өзүбүздүн жакындарыбыз көрөт.
* * *
Улуу чыгармалар түбөлүк жаңы бойдон калат. Ошол үчүн ал дайым карыбас жана жаш. Жакшы нерсе карыбай жаш бойдон калат.
* * *
Ой гүлдөрү адамды сонун жакка жетелеп, аны акын кылат. Жүрөгү, көңүлү акын болгон адам картайбайт.
* * *
Поэзия адамдагы түбөлүк өлбөстүктүн шапатасы. Анын ичин аралаган сайын таң калтырган керемет сырлар ачыла берет.
* * *
Соодагердин сырты бай болуп көрүнгөнү менен ички рух дүйнөсү өтө жакырдай көрүндү. Сыртынан ичи кем көрүндү.
* * *
Акча, байлык деп чуркап жүрүп өмүрдүн кандай өтүп кеткенин бай соодагер билбей калыптыр. Байлык чогултуп жүрүп, анын өмүрү да аз калыптыр.
* * *
Асыл ойлор – бул даанышмандыктын китеби.
* * *
Азаптуу оору менен ооруп жаткан пендеге жыл да узак, ай да узак, күн да эки эсе узак, баарысы узак.
* * *
Поезддин үнүн уксам өмүрдү элестетем. Өмүр деген поезд.Бизди салып бир жакка алып баратат, каяка алпаратат? Карылыкка алпаратабы? Ошону билбейм?
* * *
Оттук таш болоттун соккусу менен күйдү. Демек, бизге оттук таш да, болот да жана күйгөн учкун да керек. Адам учкунсуз жашай алабы?
* * *
Өткөн кылымдар бизге хан, падышалар менен эмес, калтырып кеткен китеп, музыка жана архитектуралык улуу эстеликтери менен шаңдуу жана түбөлүктүү. Анткени алар түбөлүктүүнүн түбөлүктүүсү.
* * *
Биз канчалык таланттуу болсок, бизди өлбөстүк, түбөлүктүү жашоо издеп жүрөт.
* * *
Аë да адамды жакшылыкка чакырып турат. Ал жактан жан жыргаткан өлбөстүк илеби согуп турат.
* * *
«Кудай көрүп турат, ал турганда, жаман ишти такыр иштебейм», деген адамдар абийирдүү пенделер.
* * *
Көл жээгиндеги көлдүн шапатасы жана турмуштун шапатасы экөө тең биздин көңүлүбүздөн кыйгач өтүп кетпейт.
* * *
Суу да өмүр, өмүр да суу. Анткени адамдын ичеер суусу түгөнгөн күнү ал жок болот.
* * *
Биз алсыз адамга жакшылык кылып жатканыбызда биздин ишибизге кудай жардам берип жатканын сезип эле турдук.
* * *
Чыгармачылыкты ишке ашырган кыял болот. Ошол үчүн кыял баарынан биринчи жаралды десек болот.
* * *
Бир кылым бир роман, жылдар – барак, айлар – сүйлөм, күндөр – сөз.
* * *
Ар бир адам ийгилик мен тарапта болсо дейт. Бирок ал сенин ишиңдин маңызынан жана чындыгынан.
* * *
Жашоо үчүн эмгектеги күрөш керек, ошондо турмуш көркүнө чыга келет.
* * *
Жакшы көргөн адамың түбөлүк сапарга узаганда, бир кылым жоголгондой болот.
* * *
Ар бир кылым өчүп калбас үчүн өзүнүн каарманын жаратып жүрүп отурат.
* * *
Бирөөгө каалоо сөзүң чын жүрөгүңөн чыкса, ал керемет роман.
* * *
Биз өзүбүздүн адабиятыбыздын канчалык деңгээлде өнүккөнүн билиш үчүн, башка элдин залкарларын тынбай окуп, үйрөнүп, билишибиз керек.
* * *
Көз жаш менен чөптүн бетиндеги шүүдүрүмдүн тамчысынын айырмасы асман менен жердей, адамдын көз жашы кайгыдан жаралса, ал эми чөптүн бетиндеги шүүдүрүм сулуулуктун рух романтикасынан жаралган.
* * *
Ар бир улуттун улуу байлыгы, өлбөс мурас руху анын эне тилинде жашап кала берет.
* * *
Турмуш адамды тарбиялайт. Турмушту көрүп адам өз оордун табат. Бул жащоонун өлбөс сабагы.
* * *
Маданияттын жок кылып бараткан эл, өзүн жок кылып баратканга тете.
* * *
Тоо башына бат эле жетсек дейбиз, бирок аралык өтө алыс. Адамдар кыялданып жакшы турмушка бат эле жетсек дешет, бирок аралык дагы эле алыс.
* * *
Өнүккөн эл башка элдин алдында өнүп-өскөн жолу менен сыймыктанат.
* * *