Мезгил бууракандап агып жаткан чоң дарыя. Дарыя кайра артына бурулбаган сыяктуу, убакыт дагы артына кайрылбайт, жашообуздун ошонусу арман.
* * *
Мактанчаак адам жалгандын үйүндө жүрсө, чынчыл адам бакыттын үйүндө жүрөт.
* * *
Майда адамдын айланасында айкөл адам жашайт. Бирок, майда майдалыгы менен айкөл айкөлдүгү менен айырмаланат.
* * *
Кетип бараткан жолочу бар, келаткан жолочу бар. Экөөнүн жолуккан жеринде ал жайда сурашып, саламдашкан жагы да бар.
* * *
Бийлик-бийлик бойдон калат. Жалган-жалган бойдон калат. Бийликти жалган жол менен башкарсаң, ал дагы ошол жалган бойдон калат.
* * *
Шайтан көпөлөк жарыкты издеп табабы? Жээ жарык шайтан көпөлөктү табабы? Жок жарык ордунда эле турат. Шайтан көпөлөк жарыкка умтулат.
* * *
Жакшы адамдын оозунан анткор, алдамчы сөз чыкпайт.
Андай сөздөр анткор адамдын оозунан чыгат.
* * *
Алдамчылыкты кадимки эле адамга окшош пенделер жаратат.
* * *
Жаз айын жалгыз чабалекей алып келбейт аны бүткүл келгин куштар жана мезгил алып келет.
* * *
Бир үй-бүлө, бала чаканын ажырашканы, заман үчүн да оор, биз үчүн да оор. Эл үчүн андан бетер оор.
* * *
Кайырчыны аяган адам боорукердин боорукери.
* * *
Кубанычтын эшигин ачалы, ал эми кайгынын эшигин колубуздан келсе, жаап салалы.
* * *
Булганган адамдын жан дүйнөсүн тазартыш үчүн жаңы жүрөктү, жаңы бийиктикти табыш керек. Ошолор табылабы? Баары эле табылат. Балким табылып калаар.
* * *
Өткөн ишибизден сабак алып, келечекке канат байлап жатабыз. Жакшы жашоого умтулуп жатабыз.
* * *
Жолдун башы үйүңдөн башталат. Бузулбас бекем сүйүү сенин бекем жүрөгүңдөн башталат.
* * *
Жолдогу дарактын карааны жакшы, караанынан дагы ысыкта, жамгырда жолоочуну коргогону жакшы, баарынан кең талааны жалгызсыратпай өсүп турганы жакшы.
* * *
Бактылуу балалык, бактылуу жомокко айланган балалык.
* * *
Адамдын жан дүйнөсүн өлтүргөн адам киши өлтүрбөсө да ошого карай жакындаган адам.
* * *
Күнөө кылып, анан жаманчылыкка барбай тазалыкка аттанса, ал жомоктогу оң жолго бараткан караан.
* * *
Акылсыздык болгон жерде далай сонун нерселер артка чегинет.
* * *
Рухий духу жогору адам бай болот. Анын жанындагы адамдар кошо бай болот.
Анын өзү эле бай болбой ал жашаган дүйнө бай болот.
* * *
Баары эле акылдуу эмес, жакшылыкта жашоону, турмушка ашырган адам акылдуу.
* * *
Жакшылык жүрөктө жашайт, сулуулук көздө жашайт.
Жүрөк менен көз адамдын күзгүсү.
* * *
Кышкы күн канчалык узак болгон менен эсептей келсең ал деле кыска, бийик улуу тоолорго чыгалы дейбиз, бирок өмүрүбүз кыска.
* * *
Биз Жаратканга баш ийебиз, Жараткан бабаларыбыздын өткөн жолун сактап турат.
* * *
Ар кандай жаман сапаттан жакшылык бийик турат.
Ошол үчүн анын жолу бийик жана үлгүлүү.
* * *
Чыныгы талант, эмгек бар жерде түбөлүктүү жашоо бар.
* * *
Адамдын карап турган эки көзүн алтын, асыл таштар менен тойгуза албайбыз, бирок рухий байлык менен тойгуза алабыз.
* * *
Улгайган кишинин өзү болуш керек, өзүнөн да жакшы сөзү болуш керек. Сөзүнөн да калыстыкты байкаган эки көзү болуш керек.
* * *
Жаштык улгайган адамды өзүнө чакырат, ошол үчүн ал кооз жана керемет.
* * *
Узак жол да жакшы, узак жолдо өмүр сүргөн да жакшы, узак жолдо узак жашка барган андан бетер жакшы.
* * *
Ден-соолугу бар адам бай адам. Бай болуп туруп, денсоолугу жок адам жарды адам.
* * *
Каза болгон адамды жоктоп бир үй-бүлөө ыйласа, ошол үй-бүлөө үчүн керек адам. Миң адам капаланса, ал жакшы адам. Ал эми бүтүндөй өлкөнүн эли жоктоп ыйласа, ал бактылуу өлбөс улуу адам.
* * *
Араа арааланып, балка урулуп жатса, ошол жерде бүтүп жаткан жакшы иштер бар.
* * *
Жашоодо эмгек керек. Ишти бүтүрүш үчүн жумушчу керек. Баарынан ошол жумушчуга ден соолук керек.
* * *
Миң койлуу адам да, коюу бар адам, бир коюу бар адам да, койлуу адам. Болгону бирөө бай, экинчиси жардыраак адам.
* * *
Жезге караганда, күмүш кымбат. Күмүшкө караганда, алтын кымбат. Алтынга караганда бизге өмүр менен ден-соолук кымбат.
* * *
Таалайлуу күндөрүбүз алдыда, ошол үчүн келечегибиз жаркын биз үчүн баары алдыда..
* * *
Акылы бар пенде артык, талантты бар киши артык, баарынан акыл, эмгек, талант үчөөн айкалыштып жүргөн андан бетер артык.
* * *
Өлүм баарынан коркунучтуу ал эми, жазыксыз адамды өлүмгө түртүү андан жүз эсе коркунучтуу.
* * *
Кээ бир адамдар таалайды катып койсо болот дешет. Бирок аны эмгекчил адамдар издеп жүрүп таап алышат.
* * *
Акылмандуулук улуулуктан жаралат. Жана башкаларды оңго салуу да ошонон жаралат.
* * *
Бакытты өз өлкөсүнөн издебей башка өлкөдөн издесе, алар өз өлкөсүндөгү бакытты жоготуп алган адамдар.
***
Тапталган жолдон эл тажап, жаңы жол издеп турат. Бийликтегилер ошол тапталган жолдон кеткиси келбей турат. Эд бийликтин жоголушун самап турат. Эл менен бийликтин карама-каршылыгы чукулда чечилген турат.
* * *
Жаштардын жүрөгүнөн шаңдуу ыр угулат. Орто
курактагылардан толкун баскан шаң угулат. Баса карылардын жүрөгүнөн кандай добуш угулуп жатат?
* * *