Кылымдарга калчу эмгектерди жаны тынбас эмгекчил адамдар жаратат. Алар ошону эле жаратпай өзү менен кошо өлбөс жаңылыкты жаратат.
* * *
Кошунаңы душман кылба! Ал жакынкы душманың болот Ал ар дайыма сага душмандык жасаган менен алек болот. Анда сенин жан дүйнөң да аны менен алек болот.
* * *
Күн, түн, ай, жылдар жаңырган сыяктуу чындык, үмүт, сүйүү, ишенич токтобой жаңырып турат. Эгер алар жаңырбай токтоп калса, адамдардын турмушу до токтоп калмак.. Ошентип мезгил айланып, баардыгы жаңырып турат. Адамдардын жашоосу да жаңырып жаңылыкты күтүп турат.
* * *
Убактылуу жыргал, ал опасыз жыргал, Ал эми эл үчүн жакшы эмгекти жаратсаң ал түбөлүктүү жыргал. Демек опаасыз жыргал менен түбөлүктүү жыргалдын ортосунда чоң айырма бар.
* * *
Асыл эне жөнүндө айта берсе, сөз жетпейт, ал поэма, ал улуу эпос жана аягы бүтпөй айтыла берген улуу санжыра.
* * *
Күнүмдүк өмүр болот, түбөлүктүү өмүр болот. Күнүмдүк өмүр эмгек аркылуу, түбөлүктүү өмүргө жеткени ал – өлбөстүк.
* * *
Күмүш булак жерден шылдырап чыгып, өзүнүн ырын ырдап, жаралган жерин даңктап келет. Адам баласы дагы булак сыяктуу өзү жараткан ата-энесин, туулган жерин даңазалаганырын ырдап келет.
* * *
Жашоонун маңызы эмнеде? – деп, мышыктан сурасак:
– Чычкан жеште, – деди.
Коен:
– Капуста жеште, – дейт. Карышкыр:
– Койдун этинде, – дейт. Ичкичтен сурасак:
– Аракта, – дейт.
Ар бири ар кандай жооп берди. Демек өмүр сүрүүнүн маңызы тамак жеп анан жашоону улантышта экен.
* * *
Жарык – жарыктыгы менен, караңгы – караңгылыгы менен.
Адамдар жарык кезде эмгектенип, караңгыда эс алышат.
Ал эми жаштар жарыкта таанышып, караңгыда сүйүү даамын татышып, андан аркы жашоосун улантышат
* * *
Канаты сынып асманда кайкып уча албаган кыраанды көрдүм. Аягы барып – барып эле аткарылбаган арманды көрдүм.
* * *
Адамдын адамга болгон ишеними эч убакта көрүнбөйт. Бирок ошол ишенимди көз карашы, жүрөгү билгизбей, акырын шыбыш кагып турат.
* * *
Жолдо сапар келатып, ээн талаада бузулуп калган тамды көрүп, мага мындай ойлор келди. Бул тамды ким салды экен? Алар кайда болду экен? Бул тамдын ээси тирүүбү? Бар болсо кайда? Бул ата конушун эстейт болду бекен? Бузулуп калган там мени ар кандай ойлорго салып турду.
* * *
Бактылуулук кайдан башталса, адам үчүн жакшы иштердин баардыгы ошол тараптан башталган.
* * *
Ичкилик уялап, алган денеде ар кандай шайтан, шабыр көп болуп, бактысыздык башын кылтыйтып чыгарып турду.
* * *
Манас эпосу бул эмне деген ыр. Ал өзүнчө эле кол жеткис керемет. Ал кереметти чанда гана эл жарата алат. Кыргыз эли ошол керемети менен дүйнөгө таанымал. Бул бактылуу көрүнүш. Мындай улуу ырды улуу эл гана жарата алат го деген сонун керемет ойдомун.
* * *
Санжыраларда, уламаларда Манас ырын жараткан Ырамандын ырчы уулу дешет. Ырахмат ошол ырчыга. Кыргыздын ырысына Манас ырын өзү үчүн жаратпай, эл үчүн жаратканын, баш аягы жок ченемсиз ыр болуп кетээрин улуу ырчы ошондо билдиби? Жана өзүнүн аты жомоктолуп жаңыраарын туюуп бмлди бекен.?
* * *
Сагынбай менен Саякбайдын бүткүл денеси ырдан турат го деп ойлоп калам. Баса ырдан куралбаса, мындай ченемсиз океан ыр алардын кичинекей башына кантип батмак эле деп таң калам.
* * *
Өтө кыйналып жашап жатсаңар да «Кандай жашап жа-тасыңар?» – деп сураса: «Жакшы, жаман эмес, кудай деп – өмүр сүрүп жатабыз» ,– дегиле. Анткени силердин үмүтүңөр алдыда.
* * *
Мен билгенди ал билбейт. Ал билгенди мен билбейм.
Ошол үчүн аны менен үндөшпөдүм.
* * *
Үмүтү, кубанычы сынып калган адам жалгыз калат.
Жалгыз калган адам таянычы жок, бат эле жеңилип калат.
* * *
Караңгыда жол жүрүп бараткан адамдардын алдынан жылтылдап от жанат. От үмүт болчу. Эми адамдардын жүрөгүндө ошол отко жетем деген жылтылдаган от жанат.
* * *
Бир дагы эне уулун бактысыз болсун деп төрөбөйт. Анда адам бактысыздыкка кайдан кабылат. Оор бактысыздыкка аны адамдар түртөт, же бир себептердин аркасы менен кабылат.
* * *
Түн кирип эс алаарда:
– Уйкуңар тынч өтүп, жай тургула! – деп бири-бириңерге каалоо айтууну унутпагыла! Ошондо жакшы эс алып,санааңар жайлана, сонун түштөрдү көрүп, эртең менен шаттуу ойгоносуңар. Майда болсо да ушуну унутпагыла!
* * *
Сүйүү болгон жерде эки көз дайыма жолугат. Ал көңүлдүн эң терең жериндеги ырахатты түшүнөт. Эгерде эки жаштын ортосунда мындай сезим жок болсо, эки көз эмнени түшүнөт?
* * *
Асманда чуру-чуу болуп куштардын тобу айланып жатышат. Адамдар ошол куштардын айланасындагы кара шумкарды кайра-кайра кеп кылып жатышат.
* * *
Көңүлсүз он түндөн бир түн артыгыраак, жүз коркоктон бир баатыр артыгыраак. Начар жүз ырдан бир ыр артыгыраак.
* * *
Жолочу болуп кетип бараткам. Түндөсү түнөгөн чоң даракка:
– Жакшы кал! Бул жерге кайра келемби же келбейимби, муну келечек тагдыр билет, – дедим.
* * *
Мен эмнени кааласам, сен ошону кааладың, демек биздин жүрөгүбүздө өтө жакындык сезим бар экен. Ал жакшылыктын, жаралышы экен.
* * *
Көзүбүз улам-улам чагылышып жатат. Ал жүрөктүн жалыны экени сезилип турат. Эки жалын бириккен жерде сүйүүнүн кудурети чачырап турат.
* * *