Элдин байлыгын бөлүп алган тирандар карсылдашып бири-бирин өлтүрүшүп, жатты. Ошол күнү бир жарды кедейдин үйүндө чоң той, салтанат болуп жатты.
* * *
Наадандыктын атасы, оройлук, энеси осолдук болот. Оройлук болгон жерде назиктик менен боорукерлик качып жоголот.
* * *
Бир кары айтты:
– Бүтүндөй өмүрүм тоодо мал багуу менен өттү. Досум жамгыр, иним шамал, кошунам туман, өлөң төшөгүм асман менен жер, ырчыларым бороон менен албууттанган дайранын үнү болгон, – дейт. Демек ошол карыя жаратылыштын нак баласы болгон.
* * *
Макоого менин айтканым түшүнүксүз, анын мага сүйлөгөнү түшүнүксүз. Ошентип, экөөбүз үчүн бул дүйнөнүн баары
башаламан же түшүнүксүз.
* * *
Жазайын деген оюңду кагазга жазып кой, такыр унутуп каласың, ал сага карматпай качып кеткен куш. Ал кушту экинчи жолу такыр көрбөй калышың ыктымал.
* * *
Элет жер бир гана каргалар бир гана тынчтык.
– Каргалар кандай жашооңор жакшыбы? – дедим.
– Жакшы биз тынчтыкта жашап жатабыз, – дешти.
– Тынчтыгыңарга береке берсин, силердин тынчтыгыңарды эч ким албасын, силер тынч жашасаңар, биз да тынчпыз, – деп жооп кайтардым.
* * *
Адам өзү басып өткөн узун жолду карап, ойлонуп отурат. Ал жолду жөн эле карап жатабы? Же узун жолдо басып өткөн тагдырын карап жатабы?
* * *
Өмүрдө балалык бар, жаштык бар, мастык бар, эр ортону курак бар, токтогон мезгил бар, анан карылык бар, андан кийин эмне бар?
* * *
Маркумга үйүнөн мүрзөгө чейинки жолу жакын эле, бирок ага кайра келбей, түбөлүк сапарын улап кеткен жол. Кайра келгис армандуу жол ошол.
* * *
Адамдын ишин майда-барат нерселер түзүп турат. Бирок майда-барат көрүнгөн нерселер ага түбөлүктүү иштин өзөгүн түзүп турат.
* * *
Көпкөн макоо чалыш киши мага бир нерселерди айтып жатат, Мен анын эмне деп айтканын түшүнбөдүм. Анын айтканын түшүнүш үчүн мен ошондой макоо чалыш киши болушум керек болуп жатат.
* * *
Сааттан күн куралат, күндөн ай куралат, айдан жыл курулат, жылдан кылым курулат. Ошентип, мезгил куралып жүрүп отурат. Бирок анын аягы кайда барат. Ошого башым жетпей жатат..
* * *
Дүйнөдө темир кымбатпы, же алтын кымбатпы? Сен кайсынысына жетпей жүрсөң, сага ошол кымбат. Ал эми башкаларга башкасы кымбат.
* * *
Күн жаадырап тийип турганда биз аябагандай дос элек, Көп өтпөй алай-дүлөй болуп замана бузулду. Достукту унутуп, ар бирибиз ар тарапка кеттик. Достукту биз бузган жокпуз аны алай-дүлөй бороон бузганын түшүндүк..
* * *
Кылтыйып жаңыдан өнүп чыккан көк чөптөр жаз келатат, жакшы күндөр келатат деген асыл кабарды жарыялап жатты.
* * *
– Бактын ичинде китеп окуп жаттым эле, китебиме үч жалбырак келип түштү.
Биринчиси айтты:
– Күз келди, – деп. Экинчиси айтты:
– Биздин дагы өмүрүбүз аяктады. Үчүнчүсү айтты:
– Эй, адамым сен дагы ак чач болуп, биз сыяктуу картайдың, – деди.
* * *
Бала-чакалуу ата-эненин ажырашканы бир кичинекей өлкөнүн бузулганындай эле болот. Колуңардан келсе ал кичинекей өлкөнү талкалабай, аман-эсен сактап калгыла! Ал кичинекей өлкө бузулса, чоң өлкөгө зак кетеерин такыр унутпагыла!
* * *
Биз көрө элек көчөнүн аягындагы жашаган адамдар өкүрүп ыйлап, бирөөнү жоктоп жатышты. Кебетеси ал жерде бир кайгылуу, оорду толбос окуя болгон го. Ар бир адамдардын башына келген кайгы баардык жерде болоору түшүнүктүү иш
* * *
Бардык нерсе түгөнөт: Байлык да, акча да. Бир гана акыл, үмүт, жүрөктөгү жаркын ой түгөнбөйт. Ошол үчүн үмүттөнгөн адамдын келечеги кенен. А деңиздей кенендик эч убакта, эч бир заманда түгөнгөн эмес.
* * *
Адам басса басып, турса туруп турган көлөкө бул жансыз нерсе, адам жандуу нерсе. Жандуу нерсе менен жансыз нерсенин ортосун байланыштырган бир сырдуу шыбыш бар экенин билгиле.
* * *
Тирүү пенденин күнүмдүк жашоосун сыркоолук менен саламаттык аралап бара жатат. Адам сыркоолукту жеңип, саламаттыкка умтулбаса, өмүрү токтоп калган жатпайбы?.
* * *
Адам өмүрүндөгү жашыруун сырлардын шыбыртын ачкан сайын, анын турмушу жаңылана, жеңилдене берет.
* * *
Маданият менен адабиятка кам көрбөгөн элдин ата-конуш журту аңгырап ээн калып, шамал менен кар ойноп ызылдап суук болуп турду.
* * *
Адамдар бири-биринен достук жакшы маанайды күтөт. Жаңылбасам, алардын жүрөгү деле жакшылыктан жаралбады беле. Андан башка эмнени күтөт?
* * *
Жакшы өткөн учур кайра келбес жомок, аны жомокко айлантып, ар бирбиз айтып жатабыз.
* * *
Адам өзүнүн эркиндигин алганда, анын жан дүйнөсүндө сонун элестер жаңырып ырга айлана баштайт.
* * *
Күн бийиктикте туруп, бизге мээримин таратат. Улуу адамдар да, бийиктикте туруп, жердеги жөнөкөй адамдарга жакшылык нурун таратат.
* * *
Күдүктөнүү, шектенүү иштин алга жылышына кедерги болуп жатат. Биз ошол элести өзүбүздөн жогото албай жатабыз..
* * *
Кара иш каралыгы менен коргоно албайт, тескерисинче ак актыгы менен коргоно алат.
* * *
Убакыттын жылышын эсептебе, тескерисинче ошол убакытта эмне жумуш бүткөрдүң ошону эсепте. Ошол иш биздин эсибизде түбөлүккө сакталсын.
* * *
Тоодой алтындан ток пейилдик артык, жер жарган калп атактан кичинекей карапайымдык артык.
* * *
Кудай пенделерге эс алсын деп түндү, эмгектенсин деп күндүзгү күндү жараткан. Акылдуу пенделер түнүндө да кошумча эмгектенип, ашыкча ийгиликти жараткан.
* * *