Караңгыда аттын кишенегени жаңырып, анан эркектердин кобур-собур сөздөрүн эшиттим, Сапарга кеткендер аман -эсен келатыптыр. Кандай жаңылык айтышаар экен?
* * *
Ойгоо жүрүп уктап жаткандар бар. Ал эми уктап жатып, түшүрдө Менделеевдей өлбөс жаңылык ачкандар да бар.
* * *
Балаңа берген акыл насаатыңаны оңогондой болсун, оңоп эле койбой келечегиңе жол көрсөткөндөй болсун, ошондо сенин жан-дүйнөң тынчтангандай болсун.
* * *
Акылман сөздөрдү угуп турдум, акылман сөздөрдү жараткан адамды жанында отуруп аны көрүп турдум.
* * *
Акылмандар болгон жерде акыл болот, акыл болгон жерде баары болот.
* * *
Атам кат тааныбаган адам болгон, ал тизе бүгүп ойлонгонду жакшы көргөн адам болгон, ойлогон ойлорун кагазга эмес көңүлүндө жазып, бизге жомок кылып айтып келген адам болгон.
* * *
Суу жок болуп, бир гүл соолуса эчтеке эмес, миң гүл соолубасын, бирок миң гүлдүн соолушу ошол эле бир гүлдөн башталган.
* * *
Акылман акылы менен алдыдагы күрөшкө аттанат, анткени ага акылы жаркып багыт берип жатат.
* * *
Балалыкты түшүңдө көрүп, өңүңдө эстедиң, байлыкка түшүңдө жетип, өңүңдө жете албадың.
* * *
Бир гүл миң гүлдүн жытын бере албайт, бирок миң гүлдүн аңкыган жыпар жыты бир эле гүлдөн башталган.
* * *
Кээ бир адам улгайган кезде жаштыгын сагынган, жаштыгы кайра келгис окуялуу романтика ыр болгон.
* * *
Түш көрүп жатам, түшүңдө ата-энеме жолугуп жатам, а эмне үчүн өңүмдө андай болбойт. Андай болгондотүбөлүк коштошуу аяныч, арман болмок эмес.
* * *
Ач көз жетекчи байлыкка качан тоёт, ал тойбойт бир гана өлгөндө
эки көзү топуракка тоёт.
* * *
Мен тоодон ашып-шашып агып келаткан булактан сурадым:
– Булагым каяктан келатасың?
– Сен чоңойгон тараптан келатам.
– Баары эле аман-эсен бекен?
– Баары эле аман-эсен. Сени акын эле, туулган жери жөнүндө ыр жазчу элең, сени сагындык, сеи көргүбүз келет, – дейт.
* * *
Акылман акылынан тайса акмак болуп кетет. Аны да билгиле! Акмакка акыл жукса, акылман болуп кетет. Муну да билгиле!
* * *
Акылмандар журтту башкарып турганы үчүн бул дүйнө тынч турат. Акмак жегичтер эл башкарса, бул дүйнө оордунан тайган турат. Адар эл байдыгын жеп ичип, журтубузга жакырлык орногон турат.
* * *
Жөнөкөй адамдар турмуш менен жашайт. Акындар кыял менен жашайт. Алар ошол турмушту кыялында ырга айлантып, миңдеген адамдардын сүйүүсүнө ээ болуп жашайт.
* * *
Капчыгайда кетип баратам. Айланага жалгыз куштун үнү чыгат. Куш мага:
– Жалгыз жолочусуң, – дейт.
Туура айтат куш да жалгыз, мен да жалгызмын. Анын чыккан үнү да жалгыз, баарыбыз жалгызбыз.
* * *
Пенделер болбогон нерселер менен алектенип жатат. Негизги иштер унутулуп жатат Ошондон өмүрүбүз артка кетенчиктеп сая кетип жатат.
* * *
Сагызган бардык жерде бирдей шакылыктап үн чыгарат. Эгерде алар күкүкчө, же булбулча, же кара чыйырчыкча сайраса, анда алар сагызган болбой калмак. Демек ар бир куштун куш болуу тагдыры бар. Бирок алардын үнүнөн кандайдыр бир сонундукту сезебиз. Айрыкча ар бир адам өз жериндеги сагызгандын үнүн уккусу келет. Ал башкача сүйкүм угулат.
* * *
Баардыгы эле меники болсо дейм. Мен аябай байып кетсем дейм. Анда эл эмне болот? Мен эмне болом? Ач көз адам болсом байый эле берем. Ач көз байлар сыяктуу байый берсем мени элим эмне жейт.
* * *
Кыргызда: «Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт»
– дейт. Тиет. Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийгенде эки үйдө тең майрам, шаттуулук болот. Эки үйдө тең мурункуга окшобогон чоң кубаныч болот.
* * *
Дүйнөдө канча бала болсо, ошончо эне болсун. Анткени балдардын коргоочусу энелер болот. Энеси жок баланын коргоочусу жок болот. Коргоочусу жок баланын тагдырына кыйынчылык сагалап, ого бетер коркунуч болот.
* * *
Учкул сөздөр асканын түбүнөн чыккан булактын элесин берет. Пенделерди булактын шылдыр үнү, тазалыгы, тунуктугу керемет болуп, кайта-кайта өзүнө чакыра берет.
Ошол керемет үндү адам уккусу эле келе берет.
* * *
Бакытты каалаган кишинин жүрөгү ачылышты самап турат. Ачылыш адамдын денесиндеги оргуп ташкан таланты аркылуу келет. Илимдеги ачылыштар турмушту жеңилдетип, адамзатка ийгиликти ала келет.
* * *
Адамдар бири-бирин алдаганда иш жылбайт. Анткени ал жердеги пенделер шайтандын кебетесин кийип жүрүшкөн болот. Шайтандар көңүл көтөрүү, алдоо менен алектенет.
* * *
Байкабай ачууну, таттууга аралаштырып жибербегиле! Мезгили келгенде бөлө албай кыйналабыз!
* * *
Эмгек, талант, сүйүү болгон жерде бир сонун иш башталат. Адамдардын атагын ошол сонундуктар чыгарып, ошол иштен керемет башталат.
* * *
Мен талаа менен баратып, эгин сугарган дыйканга жолугуп:
– Түшүмгө береке берсин, – дедим.
– Айтканыңыз келсин, – деп ал алик алды. Мен аны тааныбайм, ал мени тааныбайт. Бирок бири-бирибизге ак тилек каалап, жан дүйнөбүздү дагы бир ирет байытып алдык.
* * *
Өткүн өтүп кетсе, жан жыргаткан шапатасын эстейбиз. Жакшы адам өтүп кетсе, бизге арналган жакшылыгын эстейбиз. Эмне сонундук болсо, ошонун баарын унутпай эстейбиз.
* * *
Чындык жылаңач төрөлдү, ошондо анын чындык экенин билдик. Жалган оронуп-чулганып, денесин көрсөтпөй төрөлдү. Биз анын чындык же жалган экенин билбей, башыбыз катып шектендик. Оронуп-чулганып, бетин жашырганынан бир нерсесн бар деп шектендик.
* * *