Тоңдо Темир-Канатта бүт дубанга белгилүү Беккулу атанын тукумунан таралган Аалиев Тукеш деген белгилүү адам жашады. Ал жаштайынан билимге берилип китепти көп окуп, эл менен бирге болуп, өтө билимдүү адам эле. Кийин жогорку окуу жайын бүткөрүп, райондун ар кандай чарбалык жана партиялык ишинде иштеп элдин алкоосуна ээ болгон касиеттүү адам болгон. Кудай бергениненби ал он баланын атасы болду. Анын балдары дагы өзүндөй тарбиялуу, парасаттуу болуп чоңойду. Уландары бойго жетип, биринен сала бири аким, мер жана өлкөбүздүн ар кандай жооптуу иштеринде иштеп журт башкарып, калктын терең кадырлоосуна ээ болот. Ошол уландарынын ичинен Аалиев Чыныбек деген өтө тың баласы бар эле. Ал милициялык окуу жайын эң жакшы деген баалар менен бүткөрүп, өлкөбүздүн ички иштер кызматында иштеп жүрдү. Ишин өтө так бүткөрүп, баардык жумушта эң жакшы иштеген, өз өлкөсүн берилип сүйгөн жигит эле. Жакшы иштегендиктен кызматынан бат эле жогорулап жатты. Оомал төкмөл дүйнө ошол учурда өлкөбүздө рекеттер, өлкөнү тоноочулар, карапайым адамдардын байлыгын тартып алуучулар, жана башка терс иштерди иштеген коркунучтуу топтор чыга баштады. Аларга коомдун да алы келбей турду. Ушулар менен күрөшүү органдардын иши болуп калды. Ошол терс күчтөр менен бетме-бет тирешүүдө Чыныбек тике маңдай чыгып, далай мен-менсиген адамдарды кармап аларды өз жайына отургузуп, өлкөнү терс күчтөрдөн арылтууну үстүндө жүрүп, көптөгөн адамдардын алкооуна ээ болду. Ал Пишкек шаарынын милиция органын жетекчиси болуп далай жумуштарды аткарды. Шаар толук терс күчтөрдө тазалангандай болду. Бирок канкор өч алуучулар аны машинасында кетип баратканда жок кылышты. Бүтүндөй өлкө баатыр уулунан айрылып кайгыга батты. Баатыр уулдан айрылуу өлкө үчүн оор жоготуу болду. Тагдыр экен анын бир туугандары жараткандын жазмышына көнүп, айласыздан жоктоп калышты. Анын эмгеги бааланып, милициянын генералы деген чоң наамга жетип далай сыйлыктары бар эле. Тоң районунун милиция бөлүмү ушул жигиттин наамына аталып калды. Артында аны жоктотпой балдары калды. Ушундай өлкөнүн тынчтыгына өмүрүн арнаган жигиттин эрдиги үчүн Эл Баатыры деген ардактуу наамды берип койсо деле аздык кылбас эле. Балким ал үмүт деле акталып калаар. Тирүү адамдар үчүн ийгиликтин эрте-кечи жок эмеспи. Адамдар үмүт менен жашайт эмеспи. Эмне болсо дагы баатырдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, артында калган эли аны дайыма эскерип жүрсө болду.
Жетимиш жыл жашаган,
Союуз урап тарады.
Баары кетип туш-тушка,
Башкача болгон замана.
Ар бири узап ар жагына,
Кайыл болуп баарына,
Кыргыз эли өзүнчө,
Жашап калган замана.
Кылымда мындай болобу,
Кыргыз элдин башына.
Жегичтер келип башкарды,
Желип жорткон замана.
Журттун учуп үрөйү,
Алы келбей баарына.
Коңулддан улуп жырткычтар,
Кордук келген замана.
Журттун ичи тынчыбай,
Жутунуп байлар баарына.
Этек-жеңин жыя албай,
Эл бузулган замана.
Эй, замана, замана.
Кузгундар куркулдап,
Добуш салып айланага.
Жулмуңдап тарпты жеп,
Журт бузулган замана.
Жорулар жондо жортуп,
Жоругун салып айланага.
Жулмуң эте кылык жасап,
Журт бузулган замана.
Сагызгандар сайда учуп,
Жоор атка кайра учуп.
Эңшерилип түгөткүр,
Эл бузулган замана.
Акаевдер туйтнуп,
Алтынга карай жутунуп,
Калкка такыр карабай,
Оң таанышын сыйламай,
Улууларыдан кетип акыл эс,
Калк бузулган замана.
Ой, замана, замана.
Автомат кармап колуна,
Адам өлтүргүч жаныңда.
Карабай атат баатырын,
Калк бузулган замана.
Айланада коргооч жок,
Акмактар чыгып алдыга.
Алы кетип жетекчилер,
Алжып калган замана.
Бакиевдер баш боло албай,
Эл намызын коргой албай.
Журт байлыгын сактай албай,
Жулунуп ар кай жерде,
Жулунгучтар чыккан замана.
Ай, замана, замана.
Кокуйлатып элди жеп,
Кор болуп калган замана.
Ханы элди башкарбай,
Көзү тойбой алтынга.
Аялы элди жетектеп,
Алжып калган замана.
Ай, замана, замана.
Рекеттер жок кылат,
Суурулуп чыгып алдыга.
Баатырларын жоготуп,
Башы айланган замана.
Байымы кеткен замна.
Маңгурт болуп эркеги,
Макул болот баарына.
Катаал кезге капталып,
Калт-калт эткен токтобой.
Калчылдап турган замана.
Ханы элди башкара албай,
Өлкөдө тартып сакталбай,
Талаага кетип баардыгы,
Таланып калган замана.
Үзөңгү-Кууш, Каркыра,
Белгилүү жерлер жалпыга.
Башка элдин колуна,
Кетип калган замана.
Айлабыз кетти ошондо,
Ай, замана, замана…
Эл деген эл экен,
Эч ким жеңбес чеп экен.
Баардык журтту сактаган,
Баатырлар чыккан замана.
Журт деген журт экен,
Үлгүлүү жагы бек экен.
Калк намызын коргогон,
Кашкөйлөр чыгып ортодон.
Калкты оңдогон замана.
Калдайган калың журтту,
Коргоочу эрлер бар экен.
Өз элине чеп боглгон,
Өлбөстөр чыгып ортодон.
Өлбөс калың эл бар да,
Өргө кетсин замана
Шоораты элге тарамай,
Шоңко атадан Кошубай,
Санжырада улам айтылган,
Сап-сап ыры бир далай.
Санжырасын кошоп келген,
Сабы алтын замана.
Шоңко аталан Ороз менен Кошубай,
Бир атадан экөө жол улай,
Кошубайдан төрт уул бар,
Жаманак, Таңыскожо,
Мукамбет, Аалылар.
Аалыдан Тукеш абабыз,
Баянын азыр айтабыз.
Даңктуу уулдар жаралган,
Даңкын элге жаябыз.
Баянды эми баштайбыз,
Биздин Тукеш абабыз.
Жаш чагында билим алган
Такыр тайбай максатынан.
Бала чагында китеп деген,
Түшчү эмес экен колунан.
Көп окуу анын бактысыбы,
Болгондур балким жолунан.
Жаркын назик жан эле,
Турмуш курган жубайы.