Ак эмгекти эли журту эстешеер.
Иним Абакиров Кумарга
Адамдагы талант деген,
Баардык жанга ыйгарылбайт.
Өнөрү бар улуу адамдар,
Өргө карай тынбай кадамдайт
Талантыңы бекем сактап,
Талаага аны таштаба
Чагармачылык жолуң менен
Чыгасың бийик аскага.
КЛАСТАШ КУРБУМ БАКТЫБЕККЕ
Бала кезде Бакыны,
«Куркук» деп атап алганбыз.
Ал кезде шайыр шат элек,
Айдыңдуу ойноок чагыбыз.
Азыр болсо абышкабыз,
Ал убактар кайра келбеер.
Купшуңдап куудул сөз айтып,
Куркугум аман жашай бер.
Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу
Касымбек абам менен Бурул апама
Апам айтат: -Биздин бала эле,-деп,
Абам айтат:-Мага бала болгон,-деп,
Даам татыдым экөөнүн тең колунан.
Дайындуу күндөр дайым кетпей оюман.
Мен жөнүндө жакшы кебин айтышса
Мемиреген мезгил өттү карматпай
Мен силерди чыгарбаймын эсимден,
Мээрим чачкан энем менен атамдай.
Асек иниме
Өмүр боюу эмгектенди
Агартуу илим тармагында.
Анын асыл эмгеги
Жомоктолуп баарында
Бирге ойноп бир жүрчүбүз
Оромпой тээп жүгүрүп.
Балалык бир керемет,
Бакыт чачкан сүйүнтүп.
Жада калса ачууну,
Биригип алып ишчү элек,
Таба албай үйүбүздү,
Темтелеңдеп келчү элек.
Анан мезгил өтүптүр
Көздү ачып-жумганча.
Кара мурут ак болуп,
Карып кеттик кандайча?
СССР дин жана Кыргыз Рес-ынын Жогорку Советинин
депутаты
Бүткүл союздук жаштар сыйлыгынын лауреаты
жана көптөгөн сыйлыктардын ээси
Кожокен уулу Куттубекке
Кыраан бүркүт канаттарын кайкытып,
Кырлуу тоодон улуу эрдикти жаратат.
Ал эрдикти, аңгемелейт эл-жери,
Аска-зоолор жаңырык коштоп баратат.
Ал даңктуунун жасап өткөн эрдигин,
Арадагы баардык куштар жасашпайт.
Катаалдыктан от жүрөгү коркпогон,
Каармандыкты ала жүрүп коштогон.
Кайкып учкан кыраан гана жаратат.
Эл ичинде уу-дуу кептер айтылып,
Эрдик даңкы кылымдарды аралайт.
***
Агам Абвлгазы уулу Жапаска
Жылдар өтсө келатасыз эсимде,
Агаларым сапар жолдо эскерилип.
Адам болуу чындыгында өтө оор,
Алдыга кадам шилтеп телчигип.
Чоң бакыт жакшы адам болуу да,
Башкалар суктанып сизди караган.
Айкөл болгон жашоо деген бир келет
Жөнөкөйлүк жан дүйнөдө уюуп калган.
***
Турдубай уулу Сатарга
Бир жолу жолуктум Сатарга
Жаштыгы ойт берет өңүндө.
Калыс токтоо карап баардыгына,
Каадалуу сөздөр сүйлөмүндө.
Өңү дагы картайбастан жаш экен
Баардыгы эле баягыдай бала экен.
Жан дүйнөсү жакшы адам карыбайт,
Оңой менен карылыкка алдырбайт.
Беккулу атанын атактуу уулу, милициянын генерал майору
Аалиев Чыныбекке арналган жоктоо ыр