Ак кагазда аты калды.
Улуу муундар жасаган,
Унутулгус заты калды.
Абакир уулу Шаршенге
Билим алдың Бишкек деген борбордон
Жаш чагыңда токтоо элең ойлонгон.
« Бул баладан бир нерсе чыгат»– деп,
Тааныштарыі келечегин болжогон.
Мугалим болуп Караколдон иштеерде,
Кырсык болуп абариядан каза таптың.
Эмгегиң кайда? Эл күткөн үмүт кайда?
Эмне үчүн ата-энеңди таштадың?
Окумуштуу Кадырбек уулу
Сүйүнбекке
Окумуштуу билимдүү адам,
Жашынан элге таанылган
Ак эмгмктм улам өтөп,
Ак үйгө эчак алынган.
Көзү өтүп кетсе да,
Калкы аны унутпайт.
Качандыр жылдар өтсө да,
Кажыбас эмгеке унутулбайт.
Ардагер мугалим, педагог Шаршемби
уулу Ыйсага
Көрүп калдым Ыйса абаны,
Адам болчу жайдары.
Эчен жылдар өтсө дагы,
Элеси бизге кайрылды.
Көк Сайдагы мектепте,
Директор болуп иштеген.
Өлбөс эмгек сиңирип,
Өрнөктүү болчу иш менен.
Жамгырчы уулу Жакып абага
Адам болчу карапайым жөнөкөй,
Айтканын ар убакта аткарган.
Эмгекте журт кызматын аркалап,
Эл жумушун тартынбай баштаган.
Карапайым адамдарды унутпайлы,
Кымбат нерсе жөнөкөйдөн башталат.
Жөнөйкөйлүк бул жашоону көркөмдөп,
Улуулукка узап кетчү жол жасайт.
Чарбалык кызматкер, белгилүү инсан
Абыш уулу Абатай абама
Эстеп келем Абатай абамды,
Элибиз үчүн тоодой болгон салмагы.
Жылдар өттү, жылып алып жоголуп,
Жылдыздуу күн артка калып баардыгы.
Жылдар өтсө жылдыздуу адамдарды,
Такыр эле унут кылып салбайлы.
Анда-мында жолугуша калганда,
Аңгемелеп баян айта баштайлы.
Атыңызды урмат менен унутпай
Көчөбүзгө жазып илип алганбыз.
«Аты өчпөс абакемин көчөсү »-
Ар дайыма сыймык менен карайбыз.
Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниги
Иним Медербекке
«Аскарга ини болсун»,– деп,
Аны кудайым жараткан.
Ата-энесин жакшы багып,
Ар-намыска татыган.
Жигиттин-жигит мырзасы,
Жамандыкка аралашпаган.
Ар дайыма калибет,
Аярлап өзүн кармаган.
Тарбия көргөн адамдай,
Арамдыкка баспаган.
Келин-кыздар карашып,
Кеп кылып аны мактаган.
Жанынан кетпей шынаарлап
Жанаша басып жылмайган.
Бирок бетке бырыш кирип,
Анча-мынча картайган.
Баягы шок жаштыкты,
Байкатпай кайда качырган.
Ал бырыштар эчтеке эмес,
Бетти салсак бетмайлап.
Бырыштын баары жазылат,
Качып кеткен жаштыктар,
Кайта эле өзү жармашат.
БАЙ КЫШТАК
Акын элем ак баракка ыр жазган
Адам менен көңүл буруп сырдашкан.
Эмне үчүн көңүлүмө кут конбой,
Эмнегендир чүнчүгөнсүп баратам.
Туулган жерге бара албай калгамын,
Ыйык жерди түштө көрүп караанын.
Жолдор узун мени кимдер алпарат,
Жол кире жок баардыгы бүт кымбат.
Турмуш татаал мен бара албай калсам да,
Туулган жерим жүрөгүмдө жашап жатат.
Темир-Канат көңүлүмдө толкуп жатат,
Теңирим болуп, жан дүйнөмдө бай кыштак.
Мен адеп санжыра жаза баштаганымда машинка менен жазып көптөгөн адамдарга арнадам. Албетте аны машинка менен жазып чыгуу ушунчалык оор болду. Алардын бирөө дагы мага ыраазылык билдире албады. Ал иш өзүнүн иши. Аларды окуп чыктыбы, же окуган жокпу ал дагы өзүнүн иши Ошондо эки кол китеп жазып Сатарга арнагам анда төмөндөгүдөй ыр жазылган эле.
Жакып уулу Сатарга
Бул китепти арнагамын Сатарга,
Биз кербенбиз бара жаткан сапарда.
Мезгил өктөм, мезгил деген күлүк ат,
Атты минип биз аттандык алдыга.
Дастанымы айлуу түндө жазагмын,
Белек кылып аны арнадым Сатарга.
Ата-баба карт тарыхын унутпай,
Айта жүрсүн жол бараткан сапарда.
Иляс уулу Эсенгулга
Айлымда алда канча иним бар,
Көз алдымда баарысын элеси.
Куулук, шумдук алыс экен өзүңдөн,
Бул турмушта тазалыкка жетеби.
Бир атанын артындагы туягы,
Ата наамын ала жүрүү парзы ошол.
Эң биринчи байлык болот ден соолук
Эсенгулум эл ичинде эсен бол!
Мукамбет уулу Кадырбекке
Көрүп жүргөн агаларым бар эле
Көңдөй жерде бел кылгамын аларды.
Таба албай айрымдарын жоготтум,
Тагдыр экен кайтыш болду далайы.
Энем өлдү, энеми көргөн өлбөсүн,
Атам өлдү, атамы көргөн өлбөсүн.
Атам менен даамдаш болгон агалар,
Арбын жашап жаманчылык көрбөсүн.
Манаппай уулу Ыскак агага
Суусар тебетей кийип жайкалган,
Жорго минип жолдо чайпалган.
Жоноктой кеткен кашка жол,
Жоргосун жолдо салдырган.
Жорго кетти көзгө илешпей,
Жолдо улам закым салган.
«Жолдуу жигит экен»,-деп,
Жолдогулар аны мактасын.
Көрүнүктүү педагог Сыртпай уулу
Эшмат иниме
Өгүнү барып туугандарга жолуктук,
Музыкант менен бир табакта отурдук.
Сүйлөшөбүз ар кандай кеп кетет,
Келечек, өткөн күндөр эскерилет.
Өзү дагы келишимдүү чоң жигит,
Арт аталарындай боюу бийик.
Ураалынын баары эле чоң болот,
Кериле бойлору чыгып койкоёт.
Анан эле бирөө мынтип айтып калды:
– Эң эле чоң мунун алаканы.
Кантип өзгөртүүгө болот
Кудайым жараткан алаканды.
Мындай жерде кереги барбы алакандын
Ал алакан коё бербей кармайт,
Темир, мык, жыгач, нан, кой, уй, жылкы
Акырын сылайт келин, кыздардын колун,
Айтып ичиндеги керемет жакшы оюун.
Деги койчу баарын кармап чыкты.
Адамдар бир-бирине саламдашат,
Көптөгөн адамдардын колун кармайт.
Баса ал алакан таланты бар жараган
Музыкалык аспаптын мыкты чертет,
Күү жаратып көңүдөрдү эргитет.