Сакмалчы болуп келди эле.
Кара тору суп-сулуу
Эжекем да эсимде.
Даам татыдык таттуулашып,
Ал экөө кетпейт оюман.
Жакшы адамдар кетмек беле,
Тирүү адамдын оюнан.
Баякун уулу Кусмидин жездеге
Көңүлдү таап бат эле
Жагымдуу кеп айтчу эле.
Капага баткан адамдын.
Кайгысын сүрүп бат эле.
Анын көзү өтсө деле,
Күлкү турат жаңырып.
Жашоо деген сүйкүмдүү,
Жакшылыктар табылып.
Ал жездени эстесем
Күлкүм келет кайра эле.
Жыргап күлүп аламын,
Кишиси жок ээн жерде.
Партиялык жана чарбалык кызматкер, көптөгөн
сыйлыктардын ээси Жумакадыр абага
Кошубай атаны, Кошубай кылган
Жумакадыр аба эле.
Эл ичинде мыкты иштеп,
Эмгеги сиңген элине.
Мукамбет деген атадан,
Дагы бирөө чыгабы?
Ойроттуу бузаар эр болсун,
Ошону күтүп алалы.
Таңызкожо уулу Сагын агага
Көрбөгөнүм көп болду,
Көңдөйлүк Сагын абамы.
Унутуп салсам магы уят,
Ушундай улуу адамды.
Бай болгон деп угамын
Андан бетер кубанам.
Жагымдуу сыйлуу адамдын
Жагымын эстеп улам-улам.
Ал мени мейли унутсун,
Мен аны кантип унутам.
Ал мейли мени сагынбасын,
Мен аны кайта сагынам.
Экөөбүз бир-бирибизди
Эс албай сагынышсак.
Жүрөгүбүз быжы болуп калбайбы.
Улгайган жүрөктөргө күч келет,
Ошол үчүн аны дагы аяйлы.
Бай адамда бар болот,
Береке экен сүйүнүңүз.
Колунда жок жардыга,
«Ме» -деп айта жүрүңүз.
Ардактуу мугалимдерибиз Кашый жана Токтокан
Эжейлерге
Эки эжейим бир-бирине курбу эле
Оюмда өмүр сүрүп жашап келет.
Мен эмес башалардын эсинде,
Ал экөө тирүүсүндөй жашай берет.
Арыбаган чоң эмгек кылбадыбы,
Анан алар канткенде эстен кетет.
Окуткан учур майрам болуп сезилет,
Ал майрам түбөлүккө кала берет.
Эл агартуунун отличниги, мурунку директор
Кулуке агага
Далай жылы мектепти башкарды,
Үйрөтчү эле ыр, аңгеме, дастанды.
Закымдап мезгил өтүп кетсе дагы,
Заман сындуу эске келет баардыгы.
Эмгек деген эске калчу эскерме,
Агай атын мектепке ыйгарганбыз.
Түбүң түшкүр убакыт өтүп кетсе да,
Түбөлүккө сиз биз менен жашайсыз.
Элибиздин ардактуу мугалимдери
Саяк менен Карагул агайларга
Саяк менен Карагул агайларым,
Ысымдары экөөнүн тең айтылат.
Аңгеме, дастан болуп унутулбай,
Арабызда өмүр сүрүп жашп жатат.
Куудул эле экөө бирдей купшуңдап,
Күлбөгөндү бакыт чачып күлдүргөн.
Мектеп дешип ак жашоодо өмүр сүргөн,
Балдар менен бирге ойноп жашап жүргөн.
Ырыс чачып жылмыңдаган эки агай,
Агартууда далай ишти аткарган.
Өксүк жок өткөндөрдү санасак,
Өмүр боюу биз менен жашап калган.
Максүт уулу Сүйөркул жээниме
«Эки ирик берем-деп,
Эки жүз сом алды элең».
Канча жыл өттү арадан,
Абышка болдук улгайып
Карыган экен көп заман.
Турмуш менен алышып,
Заман менен жарышып,
Эки ирикти алганча
Экөөбүз тең карыппыз.
Ак чач болуп алыппыз
Карызыңы кечип салгам.
Мындан отуз жыл мурун.
Аны списайт кылгамын.
Бала чактай өбүшүп,
Кучакташаар кез келди.
Карасы жок аппаксың
Мен эмес бүт айылың,
Аткес кылды баардыгын.
Зарыктырып күттүрбөй,
Эл жок жерде элдешели,
Ылдамыраак келчи эми.
Күтүп жатам мен сени.
Алаш уулу Мукамбет атама
Алаш уулу Мукамбет,
Атам менен уялаш.
Жаралган экен жашоодо,
Биз менен бирге кандаш.
Атама болгон бир тууган,
Алаштын уулу Мукамбет.
Арбагы бийик атамдай,
Атам болуп эске келет.
Кененбай уулу Бактыбек иниме
«Башкача болуп кетти,-деп,
Басыгыңды оңдо»– деп,
Эркелетеер кезде эркелетип,
Эриксе дайым иштетип.
Өзүмүн иним Бактыбек
Өзүмү тартып калыптыр,
Эч бир жерде эринбес,
Эмгекчил болуп алыптыр.
Мени тартса мейли эми,
Тартпасын жаман жагымы.
Эл ичинде аман болуп,
Ээрчите жүрсүн таалайды.
Төлөсүн ииниме
Трактирден, трактирди
«Алып жатат»-деп уктум.
Баарысы тең шай болуп,
Байып жатат деп, уктум.
Байыганың жакшы иш
Байлыктан кол узарат.
Байлыгың такыр болбосо,
Башкалар сени карабайт.
Даанышман болуп байыгын,
Дайым болсун аракет.
Аракет кылсаң эмгекте,
Агылып келет берекет.
Беш кол деген тең эмес
Баарысы бай жашабайт.
Оңоло элек жардылар,
Оңой эле табылат.
Эң башкысын ойлосок,
Узун болсун өмүрүң.
Арып жүргөн жалчыларга,
«Ала гой» деп бере жүргүнүң.
Кан майданда каза болгон атамын
бир тууганы Мыйса атама
Көңдөй жерин кылчак-кылчак каранып
Көк кашка атты минип алып кеткен элең.
Көзүңдө көгөйлүү ой мекендеген,
Көп жоокер кетти, дал ошонун бири элең.
Мен да сени өмүрүмдө көргөн жокмун,
«Балам» деп, сен да мени өпкөн жоксуң.
«Атакем»– деп, бир өзүңү эстеп келем,
Ушул ырды өзүңү арнап шилтегем.
Классташ курбум, досум Жекшенге
Бирге өстүк Темир -Канат айлында,
Көпөлөк кууп, адырлардын алдында.
Бакыт ачып алдыбызда жымыят,
Балалык кез алтын чачып кылаят.
Тээ алыстан жоолук булгай бир кезек,
Ошол курак арт жакта калыптыр.
Өткөн учур кечөө эле бала элек,
Өмүрүбүз ак чач болуп карыптыр.
Кетип калдың Ала Баштын жерине,
А мен болсо Балыкчыны байыр алдым.
Тагдыр экен анда-мында жолукчубуз,
Өткөндү эстеп окүнүчтүү кеп салдың.
Арман экен сен дүйнөдөн өтүпсүң,
Өткөндү эстеп кайра баштан кайгырдым.
Мен сени жүрчү элем өлбөйт деп,