Билимсизи көп болуп,
Караңгылык каңгыган.
Эркек эмес аялы,
Өкүртө ичип аракты,
Өкүм сүйлөп шаңшыган.
Өсө албаган кайран эл.
Улуусунан уят качып,
Кичүүсүнө жалаа жармашып,
Кара аламан калың эл,
Капага батып калган эл.
Азапты жеңип чыкканы
Аттанып чыкты кайран эл.
Каары кайнап чыңалып,
Кайраттанды кайран эл.
Жалмап-жулуп жуткандарды,
Журтту азапка салгандарды.
Эл байлыгын жалмаганды,
Эл ичинде жамандарды.
Бөтөн элге карматып,
Үзөнгү-Куушту саткандарды.
Көкөтөйдүн ашы өткөн,
Көп жыйындын башы өткөн,
Алдырып ийип башкаларга,
Каркыраны саткандарды.
Адам эмес жалаңкыч,
Жалаңкыч эмес жан алгыч,
Албаң-шалбаң талпактатып,
Айдап чыкты Акаевди,
Айбаты күчтүү калың эл.
Аялы чыкты түрү суук,
Калың элди башкарып.
Баардык болгон байлыкты,
Балдарына талатып
Кум-Төрдү алтынын,
Ой-боюнча талады.
Желип-жортуп жутунуп,
Желмогуз чыкты балдары.
Эл башчыны кууп чыкты,
Башын байлап өлүмгө.
Кээ бирлерин отургузду,
Кармап алып түрмөгө.
Түрү суук желмогуздардын
Жанын сурап жатышат.
Колго түшсө жалаңкычты
Жанын сууруп алышат..
Адам эмес жалаңкыч,
Жалаңкыч эмес жан алгыч
Белинен кармап омкоруп,
Элден сүрүп жоготуп.
Эл башында кайран эл.
Баатыр Бакай баш болуп,
Баарысын тең жеңген эл.
Барктуу болуп башынан,
Байыркыдан келген эл.
Түгөнөт десе түтөгөн,
Түбү түптүү кыргыз эл
Бабалар жолун улантып,
Байыркыдан келген эл.
БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ
Бул китепти мен жазында баштагам,
Чөптөр өсүп гүлдөр жайнай баштаганда.
Күкүк кушум эң бир сонун үн салып,
Күүгө келип, айланам гүлдөп жатканда.
Мына эми кыш келгенде аяктадым
Жазып бүтүп эң акыркы саптарын.
Жазганыман чыны менен не таптым,
Жазмаман кандай ишти жараттым.
Мени менен бирге жүргөн жандардын,
Аз болсо да, бир элесин бере алдым.
Өздөрүнүн көздөрү өтүп кетсе да,
Өмүр сүрүп ырларымда жашасын.
Айланамда адамдар аны окуйбу,
А бул жумуш тааныштардын өз иши
Өтүп кеткен жакындарды эскердим,
Алардын да балким келеер элеси.
Эч бир адам жашабастыр түбөлүк,
Бир кезекте кетебиз го биз да өтүп…
Дал ошондо бизди эскербей отурса,
Ойлоп көрчү кандай гана өкүнүч…
Ошол үчүн көзү өткөндөр жөнүндө
Кагазда калса, аны окуй жүрөлүк.
Өмүр деген бир келген керемет
Эч бир адам жашабастыр түбөлүк.
Кандай жаздым мен аларды ырымда,
Кандай адам дал ошондой жараттым.
Жердештерди мен кантип унутам,
Ырга айлантып, ыр болуп бараттым.
Бир жерде кемчилдиги бар болсо,
Башкалар ошонусун таап айтсын.
Ыр жараткан оңой эмес чынында,
Бетим бырыш, чачтарымды ак чалды.
Мезгил өтүп улгайып баратам,
Баягы жаштык арт жагыман карады.
Бул китепке эч ким акча төлөбөйт,
Жада калса ырахмат да айтпады.
Кечөөгүнкү ыйыктарды унутуп,
Тааныштар кара мүртөз тартканбы.
Күкүк сайрап, жаз келип турганда,
Калем алып бул китепти баштагам.
Ал кезекте жаадыраган жаштык чак.
Мезгил болсо өз кадамын айлантат,
Ак баракты улам тиктеп отуруп,
Эмнегендир көзүм көрбөй калыптыр.
Алып сызып өткөн тура мезгилим,
Ал деле мага келген карылыктыр.
Азыр кыш айланамды карасам,
Адырларда теп-текши кар жаткан
Учур жылды ак чач болуп баратам.
Мен үчүн чындыгында чоң бакыт,
Жердештерге китебмди арнасам.
***
1974-жылы РСФСР жазуучуларынын кыргызстандагы күндөрү болуп калды. Көп жазуучулар Кыргызтанды аралап, Балыкчы шаарына келип калды. Алардын арасын Россиянын аттуу, баштуу жазуучу, акындары алардын арасында Кайсын Кулиев жана башка көптөгөн адамдар бар эле. Кайсын Кулиев Кавказда жашаган балкардын улуу акыны. Анын атагы бүткүл дүйнөгө Чынгыздыкындай белгилүү. Дүйнөлүк көптөгөн сыйлыктарды алган адам. Улуу кеменгер акын.
Анда мен В.И.Ленин мектебинде мугалим болуп иштеп жаткам. Биз горкомдо ошол жазуучулардын кечесине катыштык. Кайсын Кулиев кашка баш шуулдаган ачык-айрым адам экен. Аны менен мугалимдер он мүнөттөй сүйлөштү. Ал атактуу «Тоо арасындагы» чыгарманы кыргыз тилинен орус тилине которгон адам экен. Он жылдай кыргызстанда жашап кеткен тура. Кыргыз тилин суудай билип, кадимки акын Алыкулдун көптөгөн чыгармаларын жана башкаларды орус тилине которгон акын экен. Биз анын билимине талантына, адамдык күч-кубатына ушунчалык суктандык. Ал учурга Союзда Кайсын Кулиевдин, Расул Гамзатовдун, Давид Кугултиновдун, Мустай Каримдин, Э.Межелайтистин… ысымдары баардык журтка белгилүү болуп, баарыбыз аларга сыймыктанчу элек. Аларды улуу адам катары көрчү элек.
Мен жыйындан тарап ооруканага барсам Айгүл эркек төрөптүр. Жолдошторум менен кубанып ала-күү болуп баланын атын ким коёлу деп калышты.Анын атын мен Азизхан койсомбу деп ойлонгом. Ошол күзүндө анда мугалимдер колхозго жардам катары чөп чапчу эле. Биз эркек мугалимдер Балыкчы шаарында саз жакетан чөп чаап жатканбыз. Ошондо бир филолог мугалим айтып калды:– Баланын атын Кайсын коёлу, сен ыр жазасың уулуң ага жетпесе да анын жарымынчалык адам болуп, аман жүрсө болду,– дешти. Мен күлүп: «Азизхан койсомбу» дедим «Андай койбо ал Толубай сынчыдагы терс каарман», деди. Ошентип уулумдун аты Кайсын болуп калды. Алардын айтканын кайдигер карап чансам болбойт го деп ойлондум.
Уулум Кайсын мектепте эң жакшы деген баалар менен бүтүп, борбордогу милициялык окуу жайын артыкчылык диплом менен Москвадагы Академияны окуп, ошол жактан кандидаттык дисертацияны жактап, юридика илимдеринин кандидаты, доцент жогорку окуу жайынын эмгектенип жатат.