Балалыкты жоголбойт деп санапмын.
Кайгысы жок жакшы өткөн жылдар ай,
Ал күндөрдү жылдыз сымал ыр кылам.
Балалыкты таппай калган сыяктуу,
Өзүңү да бул дүйнөдөн таба албайм.
Ардактуу педагог, мугалим
Эркиндик агама
Элет жердик агаларымы көргөндө,
Эмнегендир тамашалай бергим келет.
Тамашаны сүйгөн жанга айткамын,
Тааныш эмес башка жанга айтпадым.
Жайык төрдө алоолонуп от күйөт
Жакшы тууган эч убакта бөлүбөйт.
Алыс жолдо бирин-бири сүйөмөлөп,
Ана-ини ак үмүттө дайым жөлөк.
Жумаш агага
Башынан улуулардын жолу улук,
Баш ийемин айылдагы карыларга.
Биздин айыл барктуу болот, даңктуу болот,
Бириктирип элди турган кары бар да.
Карыларды сыйлабаска арга жок,
Бир кезекте биз дагы картаябыз.
Ансыз деле орто жашты оодарып,
Ошолордун арт жагынан баратабыз.
Өмүрбек, Канат, Самат инилериме
Айыл жакка сапар тартып барганымда,
Таянчу элем мен алардын караанына.
Маек куруп сөз сүйлөшүп отуруп,
Маани берип отурчу элек баарына.
Алардын кеткенине ишенбейм,
Айылда эле аман-эсен жүргөнсүйт.
Баягы турмуш апыл-тапыл күрөшүү,
Баары эле тирүү өмүр сүргөнсүйт.
Жок болуп кеткенине капаланам,
Жоголду эми аларды кайдан табам?
Өлүм деген чындыгында кайгы арман,
Өткөндөр бул жакка кайрылбаган.
Айылга сапар тартып барып калсам,
Апыл-тапыл камылга менен ашыккансыйт
Жарык чачып көңүлдөрдү жаркыткан,
Жаркындарым тирүү жашап жаткансыйт.
Ыдырыс уулу Канатка
Апам кетти, абам анын арты жагынан…
Бу жалганда экөөн кантип унутам.
Жылуу ойдо биз сыйлашып келгенбиз,
Жылдар өттү ала-сала куушкан.
Учурунда биз да өтөөрбүз дүнөдөн,
Өмүр деген кыйма-чийме өтмөлүк.
Алыстабай туугандыкты туу тутуп,
Ак жашоодо аман-эсен жүрөлүк.
Директор иним Самыйбекке
Самыйбек иниң пенсияга чыкты,-деп,
Өгүнү уга калды кулагым.
Бат эле мезгил келе калдыбы,
Мен аны бала экен деп тургамын.
Элдикине такыр окшобой,
Жеп-ичкени мыкты эле.
Келин-кыз менен шаракташып,
Кейибей сонун жүрчү эле.
Турган турпаты деле жакшы эле,
Бир жери такыр кем болбой,
Сонун болчу баардыгы.
Капырай анан таң калам,
Кечөө эле ымыркай ыйлаак жаш бала,
Такыр болуп башкача,
Ачып-көздү жумганча,
Карып калды кандайча?
Султангазы уулу Эшен абага
Кара сакал койдуруп,
Калдайган адам эле абабыз.
Калк үчүн жумуш кылган,-деп,
Кайрадан айтып жатабыз.
Эленип жылдар сызса да,
Элеси эсте ар дайым.
Айтыла берет турбайбы,
Аты аталып жакшынын.
Айтымбет уулу Өмүрбай ииниме
Мезгил өтүп жылган сайын
Өмүрбай иним эсимде.
Мага ынак болуучу,
Бала чакта бир кезде,
Сай бойлоп өтчү элек,
Салкын төрдү аралап.
Жаркын чачкан ал убак,
Жайлоо болуп ачылат.
Өмүрбай иним эң ынак,
Айтымбет атам биз менен.
Кадалуу өмүр сүргөн
Калый энем кең мекен
Токчулук чачкан ал убак
Токтоо бербей өтүптүр
Мээрим чачкан көп элес
Мезгил менен көчүптүр
Ал кезек калды кайрылбай,
Бирок эсте сакталат.
Ошол сонун мезгилди,
Унутуп салсак бизге уят.
Ынтымак уулу Токтогулга
«Кең мекен» деп, аттанып
Жүрдү Авган жеринде.
Ажал менен кармашып,
Аман келди элине,
Эли менен аман болсун
Эл эмгегин аркалайт.
Намыстуу жигит ар дайым,
Наамга карай кол сунат.
Беккулунун атактуу уулу, көптөгөн
сыйлыутардын
ээси, генерал майор Аалиев Чыныбекке
Өмүр боюу иштеди
Ички иштер тармагында.
Анын асыл эмгеги,
Айтылат ар маалды.
Душман менен кармашып,
Баатырдык менен каза тапты.
Эл ичинде унутулбайт
Эр жигиттин атак-даңкы.
Беккулу ата тукумунда
Эң биринчи генерал.
Шукшурулуп үн салганда,
Шумкарыбыз көктө айланган,
Эр жигиттин аты калат
Өлбөс болгон заты калат.
Кара жолдо жомок кылып,
Калкы аны айтып барат.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер
Аалиев Саматка
Самат деген иним бар,
Атанын уулу аталган.
Арбын ишти иштеп салды,
Атагы журтка жайылган.
Эл ишин улам ойлоп,
Атасындай кыраан болсун.
Кутту жашоо бир келет
Кудайым аны колдосун!
Биринчи Май районунун акиминин орун
басары Айдаров Канатка
Өмүр боюу меенеттенет,
Ак үйдө иштеп келет.
Эчен жыл өттү арадан
Эмгегинен даңк алган.
Журтка эмгек сиңирүү
Бактылуу иш бу дагы.
Туу кырда жүрсүн ар дайым
Тулпардын жалгыз туягы.
Ишкер иним Ынтымак уулу Кубатка
Кубат деген иним бар,
Кайрат берген адамга.
Ак ниет эмгек сиңирип,
Алынып элдин баарына.
Ар дайыма сыймык менен
Аман жүрсүн түбөлүк.
Бактылуу болсун балдары
Баскан жерден гүл өнүп.
Мамлекеттие ишмер Аалиев Нурбекке
Түкүш абанын балдары,
Аким болду далайы.
Арбып улам кадамы
Атагы элге жайылды.
Беккулунун талы колдоп,
Аккан арыктан суу агат.
Эр жигитке бакыт жолдош,
Арт жагында даңк калат
Мыкты педагог Абакиров Канатка
Өмүр боюу ак иштеди,
Адам болчу ак эдил.
Бала окутуп, суу сугарды,
Барктап, баалап өз жерин.
Арт жагында аты калды,
Унутпай өзү окуткан балдары.
Өлүм ак ар адамга келеери чын
Өмүрү эл ичинде жашап калды.
Таланттуу педагог Атымышбаев
Жолочуга
Кара көйнөктүн мыкты уулу,
Билим берип жаштарга.
Эр эмгегин эл жебейт,
Эмгеги калып артында.
« Агайыбыз эле» деп,