– Ат адамдын канаты,– деп көп айтышат.
Түмөнбай менен Абадан ат үстүндө желе жорто сапар тартып келатышат. Алар көп жерди көрүп, кайсы жерге Беккулу атанын тукумдарын көчүрүп келүүгө боло тургандыгын ойлонуп келатышты. Алардын сапары Тоң, Котмалды, Нарын, Ат-Башы, Ак Талаага жетип кайра кайтмак. Жолочулар жөн ишти аркалап бараткан жери жок, ушул чачкын учурунда Беккулунун тукумдарын бир жерге жыйнап чогултуп отургузуу үчүн баратат. Түбөлүк конуш турак жай издеп кетип баратат. Күн эртең менен чыгыштан чыгып, батышка батат. Жолочулар тынбай кетип баратат. Алар бош жерди издеп, жер оңутун издеп кетип баратат. Жакшы ылайыктуу жер болсо, малы жайылып, өзөн суусу жакын болуп, эл кыйналбагандай болуп, жер сугарып, эгин айдаса, короосуна кайың –тал өстүрсө. Жолочулар кечинде бир жерге түнөп, күн уясына батып кетет. Эртеси кайра күн уясынан чыкканда жолун улантат, жолочулар да жолдо кетип бараткан болот. Күн да, адамдар да өзүнчө кетип бараткан жолочулар. Жүргүнчүлөр жүрүп отуруп, Тоң жерине келишти. Бул жерге келген Кыдык атанын тукумдары бар экен. Алар менен аңгемелешип, жүздөшүп, андан ары жолун улантышты. Алар бат эле Котмалдыга Арык туугандарына жете келип, Байболот менен таанышты.
– Ой, Төрөкочкордун тукуму кайда жол тартып?
– Кайда бармак элем Чыныбай жана оёзной Итбоку Ак Суудан кет,– дейт. Жаңы конуш издеп жер чалып баратабыз. Кайсы жерден ылыйыктуу конуш табылат ал кудайдын бир барманы келечегибиз эмнегендир бүдөмүктөнөт.
Байболоттун казан аягы кенен сыйчыл киши экен. Эки жолочуну кондуруп, эртеси аларды аттандырды. Эртеси экөө берешен кишиге ырахматын айтып, сапар жолго чыгышты. Турак издеп эки жлочу кетип баратат. Сапар тартып ыйык күн дагы сапарын улантып кетип баратат. Баардыгы тең өз жолун улантышат. Эгер сапар токтоп калса, анда жашоо токтоп калмак.
Экөө Кочкордон өтө бергенде, дөбөнүн артында эки атчан пайда болду. Эки жолочунун көзүнө эки атчан кандайдыр шектүү туюлду. Эки жолочу тең алдуу күчтүү экен. Түмөнбай экөөн карап, булардын колунан эч бир жакшылык келбей турганын сезишти. Алардын көздөрү Түмөнбай менен Абадандын аттарына түшүп турду. Биздин жолочулар булардын талаа жеринин каракчысы экенин сезишти. Булардын колуна түшкөн адам талаа жеринде таланып жөө калаарын сезишти. Түмөнбай дагы Абадан дагы узун бойлуу тарамыштуу, оңой менен башкаларга моюун берип жеңдирип ийчү адамдардан эмес. Түмөнбай куржундагы шылк этмесин алып, өтүгүнүн кончуна салды. Куржунда таягы, а түгүл кичинекей кылычы, жаасы да бар эле. Түмөнбай Абаданга:
– Даярданалы шектүү немелер окшойт, атты бүт баардыгын алдырып, ай талаада өлөбүз жалгыз калабыз. Булар бизди аёчу түрлөрү жок.
Эки атчан эки жолочу жакка карай жакындады. Биздин адамдар эки жолочуга салам айтты. Бирөө Түмөнбайдын колдон алып, аттан оодара тартууга аракет кылды. Ошондо Түмөнбай аны колго муштап жиберип тездик менен кончундагы шылк этмени алып башка катуу чапты. Ал аттан кулап жерге сулады. Экинчи каракчы Абадан менен алышып жаткан экен. Аны капталынан келип, Түмөнбай карууга катуу уруп калды. Атчан алы кетип ат үстүндө шалдайып калды, Түмөнбай шылк этмеси менен моюунга берип калды. Каракчы аттан кулап боз топурактын үстүндө жатып калды. Эки каракчы тең алы кетип боз топурактын үстүндө жатат. Биздин жолочулар эки аттын чылбыр, октосун түйүп башына байлап, из жашырып тескери жакка күн батышка карай « чу» коюушту. Ошентип биздин жолочулар ары сапар жолун улантышты. Түмөнбай да, Абадан да чыныгы баатырлардан эле алар күрөшкө жана башка мелдештерге катышып денелерин аябай чыңап алган баатырлар болчу. Кетип бара жатканда каракчылар кыйкырышты:
– Таштагыла аттарды, ай талаада жөө калабыз.
– Туугандар аттарды таштап кеткиле!
– Иттик бизден кетти.
Бирок биздин жолочулар аттарын катуу желдире көздөн кайым болуп жоголушту. Экөө эчен белди, эчен дөбөнү аралап жол келет. Андан бери үч-төрт күн өтүп кетти окшойт. Береги дөбөнүн этегинде кичинекей боз үй жана жалгыз алачык турат. Алачыктан бериде таруу эгилген жер. Андан ары арпа, буудай ыргалып өсүп турат. Быйыл жаанчыл болуп өсүмдүктөр жакшы өскөн экен. Чоң таштан ары шылдырап күү алып назик булак агып жатат. Анын жээгинде бөрү карагат, жапан тал ыргалат. Тээ арыда созулуп саз жатат. Асманда ары-бери тынч албай учкан карлыгачтар. Алардын жашоосун жаратканым абадан жазап коюуптур, ошол үчүн алар азыгын издеп тынымсыз абада сызып калган. Жакын эле жерде күкүк кушунун сайраган үнү жаңырат. Ал бир күүнү кечке эле кайталай берет. Бирок адам баласы анын үнүн эмне үчүн кайра-кайра уккусу келет. Алар бат эле ошол кичинекей боз үйгө жете келишти. Жолочуларга даакысы жаңы түшкөн боз тайган үрүп каршы чыкты боз үйдөн бир бала чыгып, тайганды чакырып аны жибине байлады. Анын артынан орто курактан өтүп калган кара жоолук салынып бир аял чыкты. Жолочулар айымга салам айтышты. Алар жөн жай отурп учурашты.
– Бар болгунуң айым!
– Өзңүздөр да бар болуңуздар.
– Бул кимдин үйүй?
– Бул кешиги жок Калдайдын үйү.
Жолочулар бул сөздү укканда оңтойсуз абалда калышты.
– Түшкүлө түшүп даам татып кеткиле.
Аял баласына кайрылды:
– Санжы абаларыңын атын ал.