Читаем Бабалардын жанырыгы полностью

Бала жолочулардын атын мамыга байлады. Алар кичинекей боз үйгө киришти.

Аял кыргыз расмиси боюнча кошок кошту. Ал бир топко кошок кошту. Жолочулар эмне кылмак эле бир топко түнөрүп отурушту.

– Касиеттүү айым кудайдын буйругу экен кайрат кылыңыз.

– Кайрат калбасаң болбойт.

– Жаратканым ага ушунча өмүр берген тура ага каниет кыбасаң болбойт.

Айым оордунан туруп келген конокторго чай берди.

Бул үйдү ээси Калдай деген жатакчы экен. Эки жылдан бери ооруп жүрүп, чукулда каза болгон экен. Бир кара уюу, он коюунан башка малы жок. Кыркылыгына мал соёлу десе эч нерсе табылбай жатыптыр. Дасторкон үстүндө Түмөнбай арбакка куран окуп бата кылды. Алар көпкө сүйлөштү. Эки жолочу арбакка багыштап, бир атты союп, куран окутуп кетмей болду. Экөө тең жылкы сойгонго камбыл эле, бат эле союп бүтүштү. Үй ээси аябай ыраазы болуп:

– Абалар силерге ырахмат, байкуш күйөөмүн өлгөнүнө мына эртең кырк күн болот. Колдо болбогондон кийин жарытылуу эч нерсе соё алган жокпуз, эми анча-мынча туугандарды чакырып бата алалы. Абалар шашпай арбакка куран окуп, эт жеп кеткиле!

– Жок кыгылайын карындашым, биз алыс сапар баратабыз, шашып баратабыз.

– Түмөнбай, Абадан байке силерге ырахмат, силер кайсы уруудан болосуңар?

– Бугу уруусунанбыз, Жети өгүздө турабыз, карындашым жакшы кал! Балким кайтып келе жатканда сага келе кетеербиз.

– Келе кеткиле абалар, каалаган тилегиңерге жеткиле,-деп кара жоолук салынган аял жолоочуларды жалооруй карап узатты.

Жалгыз атты жетелеп эки жолочу келатты. Алар көп жерди кыдырды, эч бир жерде отурууга ылайыктуу жер жок экен. Алар түбөлүк орун алуучу жердин шартын абайлап карап келатышты. Бир жеринде суу жок, суу болсо кыштакка ылайыктуу жери жок. Ошонун баарын байкап келатышты. Кээ бир жер кыштакка ылайыктуу жер экен, ал жердин билермандары аларды кондурганга макулдук бербейт. Алар бирде ар кайсы үйлөргө консо, бирде адамдарды кыйнабай, ай талаада жылдыздуу түндүн алдында конуп келатышты. Жашынан экөө тең жаа тартканга ылайыктуу болгон жолдон ар түрдүү канаттууларды атып алып куйкалап жеп сапар тартып келатышты.

Бүгүн күнгө жума. Күн ачык анын ыйык нуру жансыздан топуракты, таштарды, жандуудан чөптөрдү, гүлдөрдү, жаныбарларды жылытып, магүрүм жер үстүнө жашоо себилип турат. Күн нуру адамдын жашоосуна чоң кубанычка бөлөп, пенденин турмушу күн менен коштошуп аяктайт. Эки жолочу эрбең-сербең ээн талаада кетип баратат. Алар көп өтпөй кап көтөрүп, бала ээрчиткен бир адамга жолукту. Ат жетелеген эки жолочу буларга бат эле жете келишти. Эркек киши эки жолочуну элейе карады. Алардын кийими суу болгон.

Бала ээрчиткен жигит таң кала жолочуларга салам берди.

Алар учурашты.

– Тоо тараптан келатам, жалданган адаммын.

– Кимге жалдандың эле.

– Сакалы жок көсөө Оңолбай байга, туура бир жылы кой бактым, бир жылга төрт кой берем деген. Бир эле кой берди, тамак ичтиң,– деп калганын бербей койду.

– Жөө келатасыңбы?

– Ооба атым бобу дөбөнүн түбүндөгү сазга тыгылып калды чыгара албай койдум.

– Өлдүбү же өлө элекпи?

– Билбейм.

– Билбейм, эртең мененден тартып чыгара албай койдум, кой кайтарып жүрүп, алым кетип калыптыр.

– Ме бобу атты минип ал.

Эки атчан желдирген тейден дөңдү ашып, сазга тыгылып калган атка келсе араң эле жаны калыптыр.

Түмөнбай, Абадан экөө күчкө салып тыгылган атты чыгарды.

– Ой, туура эмес жерден өтүпсүң тее-тетига ылдыйкы кургак жеден өтсөң болмок экен. Эми бул атты минбе, эпеп айдап отуруп үйүңө алпар. Кимдин баласызың, канча бир тууганың бар.

– Атым Айкулет, Кулкишинин баласымын. Бир атадан жалгызмын.

– Өзүң кайда турасың?

– Тээ береги кара тоонун ары жагында.

Эгинчилик кылып, таруу арпа, айдайм.

– Канча малың бар?

– Беш кой, беш эчки, Бир уюм бар, атым аз жерден өлүп калаардасилерди кудай айдап келбедиби.

– Анча-мынча малың бар экен канча балаң бар?

– Бобу эркек адгы эгиз эки уулум бар.

– Жакшы ушул уулдарың чоңойсо колуң узарат.

– Бул атты көптөн бери жетелеп келатабыз, ушуну балдарыңа таштап кетебиз, -деди Түмөнбай.

Берки адам эки жолочуну карап таң калды. Чын эле ушундай да болобу? Мага кыдыр адамдар жолуккан экен деп ичинен таң калып жатты.

– Үйгө жетелеп кетсек болбойт беле,– деди Абадан күлүп.

– Ой, койчу басыгы өтө начар чобур сыяктуу мал экен мынтип отурсак качан үйгө жетебиз, унааны ылдам бастыра албай, жолубуз арбыбай жатат.

– Мейли,– деп Абадан макул болду.

– Атың ким,– деди Түмөнбай жоон үнү менен.

– Элебес.

– Элебес сага бобул атты ээри менен таштадык. Жал куйругу начар экен,-деп курч бычагын алып чыгып, куйрук жалын тааныгыс кылып кесип таштады. Ат такыр эле башка жылкы болуп калды.

– Эмне багып турайынбы.

– Ал ала бер, сага бир жолу бердим.

– Жакшы адамдар деги силер кимсиңер?

– Мен Баястандын уулу Түмөнбай,

Бул Балбактын уулу Абадан.

Башынан баатыр жаралган

Тийшип жүргөн кишини,

Тишин жулуп таштаган.

– Чоң атабыз Беккулу деген киши.

– Ырахмат Беккулу атанын балдары. Жолуңар байсалдуу болсун!

– Сен кайсы урпактансың?

– Тынымсейитмин.

– Тынымсейит менен Алсейит бир тууган эмпспи билесиңби?

– Билем Мырзакул атанын балдары эмеспи.

– Ошентип жети ата тегиңди биле жүр, биз көлдөн келатабыз.

– Үйгө барбайсыңарбы, бир кой союуп берейин.

Перейти на страницу:

Похожие книги