– Бир койду союуп берсең төртөө эле калат анда жарды болуп аласың го,– деп Түмөнбай барбалактан тамашалай күлдү.
– Эми Элебес баатыр кыргызда «Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» деген элде сөз бар эмеспи биз кеттик,– деп Түмөнбай атын катуу камчылады.
Элебес эки адамды жакшы көзү менен карап:
– Жакшы баргыла, сапар жолуңарга кудайым жардам берсин, – деп алкады.
Жолочулар аттарына камчы уруп закымдай кетип баратышты.
Элебес «бул мага ат берген Кыдыралейсалам эмеспи деди да: – Ии…аллах Мухаммад… рассуллах,– деп кудайга жалынып койду.
Эки жолочунун бактысына көптөн бери күн ачык болду. Тоо башында булут жок, аба ырайын жакшы билген кыраакы Түмөнбай ушул учурду тандап алган эле. Алар Кочкор жерин жакшы эле кыдырышты эки суусу бар кенен жерге туш келишти, бирок ал жердин манап, бийлери бул аймакты Беккулу атанын тукумдарына ылайык көрүшпөдү. «Бул жерге өз тукумубуз отурат» деген сөздү айтты. Алар Кочкордон ашып, Тоңдун үстүнкү өрөөнү менен кыдырып кайра Жети Өгүз тарапка кетмей болушкан. Сапар жолдо келатып экөө байыркы санжырадан кеп уруп келатышты. Абаданга Касиеттүү Кара Үңкүр жөнүндө, Бугу эне жөнүндө санжыраларды айтып келатты. Экөө санжырага аралашып узак жолдун кантип кыскарганын билбей калышты. Алар үстүнкү өрөөн азыркы Ала-Баш, Коңур Өлөң жерлерин көрүштү бул жерди өзүнчө аймак экен деп жактырып да калышты. Бирок ал жердин саяк манаптары өзүбүздүн жер укум-тукумбуз отурат, байыркы учурдан бери отурукташып келатабыз» деп такыр сөзгө келбей койду. Алар азыркы Тогуз Булак, Жер Үй аркылуу биз турган жер Касиеттү Көңдөйдүн бош турганын көрүшөт. Ушул жерге отурукташып, кыштак курууну самашат. Ал кезде саздын аянты чоң болуп, камыш, төө кирип кеткенде көрүнгүс чий бар экен. Талаада түркүн куш сайрап, тоолордо кекилик чил батпайт. Коён, элик ары-бери чуркайт. Чийдин арасында коркулдап каман жүрөт. Тиги жерде кашкулак чуркаса, бу жерде оролуп жылан жатат. Арыдан тоодак безеленип чуркаса, бу жерден кыргоол канат кагып көрүнбөй черге кирип кетет. Жер Үи суусунун алабында калың черде булбул таңдан кечке, үн безеп чыгат. Ал эми берки сазда, эчки маарак үн салса, ызгыт куш учуп жүрөт, каз-өрдөк каркылдайт. Өрөөн тынч тири укмуш жаныбарларга бай экен. Түмөнбай менен Абадан ушул жерди жактырып калды. Кышкысын эки тоонун ыктоо тартып, чөбү малга оттуу келет. Кышкысын кар аз түшүп, кургак келет экен. Тоого жайылып, мал чөптөн кор болбосун дагы билишти. Тоо бүтүндөй бадалга ширелип, калдайган колотто токой өсүп созулат. Бул жерге мындай өсүмдүктүн кайдан келгени дагы белгисиз. Топурагы кап-кара өсүмдүк айдаганга ылайыктуу болуп, тоонун ортосунда шылдырап булак агып жатат. Кыш, күзү конуштаган жери жакшы экен эми жайкысын мал бакканга жери кандай болду деп, Кичи Тепши, Чоң Тепши, Чоң Ташка чейин жетишип, Андан ары имерилип Ат Жайлоону көрүп, кайра артына кайрылып келе жатышты. Алар жаа менен кекилик чил атып алган эле. Күн кечтеп калгандыктан аттарын отко коё берип чоң таштардын түбүнө түнөмөй болушту. Аттарын тушап коё беришип, күндүз атып алган кекилик, коёнун куйкалап жеп, курсагын тойгузуп жатты. Ээрин жазданып, көрпөчө чепкенин айкара жамынып, чарчап келген адамдар коңурукту кош тартып чоң уйкуга кирмей болушту. Асмандагы жылдыздар шоола чачып жымыңдайт. Күркүрөп аккан чоң суунун үнү аларга байыртан атам замандан бери тааныштай сезилип, ата-бабаларынын санжыра-жомогунан баян айтып жаткандай өңдөндү. Күркүрөп-шаркырап агып жаткан суунун үнү аларга ак элечекчен энелериндей бешик ырын ырдап жаткандай туюум болду. Анан эле жолочуларды таңданткан кандайдыр бир үндөр, элестер келип-кетип турду. Бейтааныш, тааныш да үндөр кулактарына угулуп турду. Алар бул күтүлбөгөн кереметке туш болуп, кандайдыр кооптонуу сезимине кабылышты. Балдардын назик үндөрү, аялдардын кереметтүү ырлары, энелердин, карыялардын добушу баардыгы угулуп турду. Ошол үндөр ушул эле жакын жерден чыгып, бир аркан боюу эле жерде адамдар жашап, өмүр өткөрүп жаткандай көрүнүш келет. Койлордун маарап, жылкылардын кишенеп, койчу, уйчу, жылкычынын үндөрү угулуп, алар кайсы бир атам замандан калган элдик ырларды ырдап жаткандай туюлду. Ошондой болду. Эки жолочу таң калды. «Биз кайсы жерге келип алганбыз, бизге эмне керемет үндөр угулуп жатат» деп сезтеништи. Ошентишти. Эки жолочу түн ичинде сүйлөбөй ойго батып ошол керемет үндөрдү тыңшап жатты. Тоо түбүндө ар кайсы өтөктөрдөн ай, жылдыздын жарыгында боз үйлөрдүн карааны закым болуп көрүнөт. Боз үйлөрдөн үл-бүл эткен оттор жанып адамдар бир нерсени бышырып жатканы эшилгенсийт. Эшикти ачып адамдар кирип- чыгып өз жумушу менен алек болуп, бүтпөгөн жашоосун бүткөрүп жаткансыйт. Ошол үндөрдү угуп, ошол көрүнүштү угуп жолочулардын элесине канча бир заман, канча бир кылым өтүп жаткандай болуп туюулду. Алар өздөрү баса элек, өздөрү көрө элек жерден кийинки Беккулу атанын тукумдарынын үндөрүн угуп жаткандай сезилди.