Ошол көзү ачык адамдарга, бизге конуш издеп эки бабабызга ушул жерде өтүүчү биздин турмушубуздун үнү угулуп жаткан жок бекен? Аларга бабалардын урпагынын келечектеги турмушунун элеси көрүнүп жаткан жок бекен? Ошондой болгон жок бекен? Ошол түн аларга бир сыйкырдуу, бир укмуш элестер менен жанып өттү. Алар эртеси түндөгү сыйкырдуу көрүнүштөр жөнүндө сүйлөшкөн жок.
Чарчаган жолочулар өз үй, өлөң төшөгүндө бут серппей тынч уктаган экен. Эртең менен улар, кекилик, мукам добуш салып, суурдун аңкуштаган үнү биздин сапар келаткан жолочуларыбызды ойготту. Алар көп түн, көп күндөн бери тынымсыз өздөрүнө конуш издеп келатып аябай чарчаптыр. Өмүрүндө ушунчалык керилип уктаган эмес. Кадимки эле үйлөрүндө жаткандай эч капарсыз магдырап уктаган экен. Эки жакты караса, өтөктөрдө, тарашаларда, апай беттерде аркар-кулжалар койдой болуп жайылып жүрөт. Алар асман жакты карады кыраан бүркүт бутуна бир чоң жаныбарды илип алып, аскалар жакты карай ашыга учуп баратат. Ошол жакта анын уясы бар шекилденет. Ошол иш ошол болду.
Эртеси туруп дагы эт бышырып жеп дагы көп жерди көрөлү дагы кандай жер бар экенин билгизи келишти. Алар эртеси Чоң Ашууга чейин Коргонду Булакка келип, кайра эле баягы эки тоонун ортосундагы көңдөйгө карай жол улашты. Экөө көп жерди басып келгиче бир топ убакыт өттү. Керели кечке жол жүрүп чарчаган экен.
Абадан Түмөнбайга кайрылды:
– Кайсы жерге жатып конуп алалы.
–Тетиги кызыл дөбө турат ошонун ары жагында шибер чөптүү, бадалдуу колот бар экен ошол жерге конолу.
Экөө ошол коктуга келип, аттарын тушап коё беришип, майда барат кургак отун чогултуп атып алган кекилик, чилдерин куйкалап эт жегенге кирип бат эле уйкуга киришти. Чарчаган жолочулар ылдам эле тынчтыкка көшүлүштү. Ошол түнү Абадан ата бир укмуш түш көрдү. Андай түштү ал өмүрүндө көргөн эмес эле. Касиеттүү адамдын көргөн түшү төмөндөгүдөй болчу.
Берегиде бүгүнкү өздөрү көргөн дөбө турат. Беккулу ата ошол дөбөнүн айланасында бир жумуш кылып жүргөн экен. Ары жакта суу агып жатат. Атанын жанында кайың, тал ар кандай өсүмдүктөр ыргалып турат. Анан эле бир жактан атага үч боз үй алып келет. Беккулу атанын балдары жанында турат ата:
– Балдарым бекер басып жүрбөй жерге тал тиккилечи,– дейт. Ал талды алып берет. Балдар тал тиге баштайт. Анан эле ата үч баласына үч боз үй берип:
– Бобул боз үйлөрдү тетиги түзөңгө тигип оокатыңарды кылгыла,– дейт. Балдары боз үй тигип киришет. Өрөөн бүт боз үйгө толуп кеткен экен.
Эртеси күн жаадырап чыга келип, жолочулар өтө кеч ойгонду. Алар аттарын токуп чоң сапарга аттанмай болушту. Бул жерден кетеерде жалпы ата бабанын арбагына багыштап куран окушту.
Алар Жер Үй жакта Абдыраман деген киши бар экенин уккан ошого карай сапар улады. Абдырамандын чоң боз үйү Жер –Үй суусунун жээгинде экен. Ошонун үйүнө келип эки жолочу жакшылап учурашып, аларга ал-абалын келген жайын карыяга айтып беришти. Карыя:
– Силер деле касиеттүү уруудан экенсиңер, бул жер бизге караштуу эле, бирок мен силер сурасаңар берем, келип отурукташа бергиле, түз жол менен жүрүп отуруп, Бор дөбөдөн бурулсаңар Калматай деген ажы бар. Ошого барып жолуккула андан дагы бир ооз өтүнүч сурагыла,– деп биздин жолочуларды жакшы маанайда узаткан экен. Эки жолочу карыяга аябай ыраазы болуп жол тартышты. Карыяга ырахмат айтып Бор Дөбөгө карай келатты. Жол жүрүп келатып Кулгунанын аркы түшө калышында өгүз минип келаткан бир балага жолукту. Бала сылыктык менен атчандарга салам узатты. Жолочулар:
– Алматай деген ажы кайсы жерде турат.
Бала ажынын үйүн көрсөтүп берди. Атчандар атын камчылап ошол жакка карай ашыга баратышты.
Алматай ажы касиеттүү киши экен. Биздин адамдарыбызды жакшы тосуп алып сыйлады.
– Мен ал жерди Абдыраманга көз салып тур дегем, силер деле биздин жакындарыбыз экенсиңер көчсөңөр көчүп келгиле бир эл, бир журт болуп жашайлы,-деп жакшы кеңешин берди.
Экөө Алматай ажыга ырахматын айтышты. Көчүп келиш үчүн Жети Өгүзгө карай жөнөдү. Алар эки күн болот дегенде өз туугандарына аман-эсен келишип, өз баштарынан өткөн окуяны баардыгын айтып беришти. Эмки сөз ошол жакка көчүү жөнүндө болуп жатты.
Адыл:
– Ал жакты билем, мал жайганга тар болуш керек.
– Ар кайсы жерге көчүп-конуп эле жүрөбүз, ал жерге көчүп барып жакпаса башка жакка көчүп кетеби. Биз Жети- Өгүздүктөргө кор болдук андан көрө кете берели анан калганын көрөбүз.
– Ошол жакка кетели Саруулуктар бизге ыдык көрсөтүп жатат. Беккулу атанын тукумдары бир жерге чогулса жакшы болбойт беле,– деп Табылды айтты.
Ошентип баары кеңешип отуруп баары көчмөй болушту. Бирок ар бири өз шартына карашты. Барскондун тоо жагындагы өтөктө акбоз бээ чалынып кудайга жалынып бата тилешип көчкөнгө камынып киришти.