Читаем Бабалардын жанырыгы полностью

– Түтүндү дагы атмак беле келесоо го.

– Оёзной ачендик такайды атып таштады. Эми анын этин жейт окшойт. Булар чочконун этин жешет дейт.

Баары күлүп жатышты.

– Мунун аты эшек аткан ачендик болду.

Баары кайра күлүп калышты.

– Абайлап сүйлөгүлө такайдай кылып бизди атып салбасын. Ортону күлкү аралады.

– Оёзной ичсе ичкендей ичет, атса такай аткандай атат, ырдаса ырдагандай ырдайт. Эт жесе казы, картаны жегендей жейт.

Кайрадан күлкү.

Миңжашар карыя сурап калды:

– Чынабай балам, тагыраак айтча биз көчүп кетсек бул жерге кимдер келет.

– Орустар кристиандар келип бул жерге жай алат.

– Алар деле биздей адамбы?

– Өңү, түзү ушулардай эле эл.

Орустар дегенде баарынын денеси ичиркене түштү. Алар келсе эле буларга кордук көрсөтөт деген сезим пайда болду. Аларга кор болбой кетели дегендер чыкты.

Бир карыя айтып калды:

– Айланайын Чыныбай балам, жердеги тамакка асмандагы куш конот экен. Оёзнойго бирдеме берсек бизди ушул жерге калтырабы?

– Аны мен сүйлөшүп көрөйүн, бул маселени ал өзү чечет,– деп жоопкерчиликти ал өзүнөн алыстатты.

Эртеси оёзной тилмеч аркылуу эл менен аңгемелешти. Ошол эле күнү алар Караколго кайтышты. Чыныбай оёзнойго элдин оюун айтыптыр ал макул болгон экен. Муну кайра Тилекматтын уулу карыяга айтып берди.

Эки-үч карыя эл менен кеңешти. Эл да макул болуп колунда бар байлыгын чогултуп, карыялар Караколго келишти. Алар Чыныбайга жолукту. Чыныбай карыялардын көзүнчө чогулткан байлыкты оёзнойго берет.

Бирок туура бир жыл өткөндөн кийин пристав жасоолдору менен элге келип, Тынымсейит, Алсейиттин балдарын жана башкаларды бул жерден көчкүлө деп кыйнай башташат. Баягы берген параны эл алдатып жиберген экен. Кыдыктар Тоңго, Арыкмырза тукумдары Көтмалдыга, Тынымсейит уруусу Нарынга карай самсып жөнөштү. Эл башка жерге барыш үчүн жер чалып киришти.

Ошол жылы жаз эрте келип, жердин тоңу кар аралаш ала-шалбырт менен эрип, саздарда калың туман көтөрүлө, алгачкы көк чөп кылтая баштады. Көк чөп кууган кой, токтоло жайылып, малдын денеси күн нуруна жылынып, магүрүм жер үстүнө жылуулук толук келди. Ошентип бул жылкы жаз да башталып, жаз менен адамдар өз жашоосун улантып жатты.

Чыныбай иштен сүрүлүп кетпейин деп, бийликтеги орус адамдарына кошомат кылып жатты. Ал орустардын жерден көчүрүү саясатын жактап кала берди. Чыныбай көлдөгү Белек менен Теңизбайдын тукумдарына келип, «Бул жерден Нарын, Ат Башы жакка көчкүлө» деп айтты. Бул уруулар алдуу, күчтүү адамдар эле.

– Эй, сен ушул жердин адамы болсоң, биз дагы ушул жердин адамыбыз, тийишсең энчиңи алып каласың,-деп мойнобой коюушту.

Алардын арасында алдуу-күчтүү адамдар бар эле эгерде Чыныбай тийишсе, жазасын кайра берип коймок.

Кысымчылыкка Беккулу атанын балдары дагы калышты. Эл башка жакка конуш тандап жаткан соң, баары тынсыздана башташты. Аларга да жакшы конуш керек эле.

Ошентип Түмөнбай менен Абадан жакшы конуш тааап келишти. Жаңы конушту жакшылап байкап келиш үчүн дагы бир топ аксакалдар, жигиттер ат минип Көңдөй жерине келип баш аягын байкоого алышты.

Боор эти менен бүткөн жерден кетүү баардыгына оор болду. Эркектер дөбө-дөбө түзөң жерлердеги тай минип чапкан жерин, көч көчүргөн аймагын карап коштошуп жатышты.

– Көчсө көчөлү, башка арга калбай калды.

– Эмне кылабыз колубуздан эч арга келбей калды.

– Тагдыр жазмыш ушул экен.

Беккулу атанын үч баласынын тукумдуры үч ак боз бээ чалып арбакка куран окутушту.

Алар көчтү баш аламан туш келди кылбай тартип менен көчүрүүнү ойлоп жатышты. Ыйык атанын тукумдары улуулата көчмөй болушту. Эң биринчи көчтүн башында Курумшу атананын, андан кийин Бүтөбайлардын көчү андан кийин Шоңколордун көчү уланмай болду. Ошентип көч көчүрүүчү күн да келатты. Баардыгы унааны белендеп, унаанын олоң-шалаңдарын бекемдеп, камбыл жигиттер көч көчүрүүгө аябай даярданышты. Көч көчүрүүчү күн да келип жетти. Жигиттер өгүз, төөгө жүк артышып узашты. Чалдар менен балдар майда малды айдап, астыга кетип баратышты. Элечек кийген энелер, ак калпак кийип, ак жоргочон аталар кетип баратты. Жолдогу элдер көчтү көрүп:

– Беккулу атанын балдары көчүп кетип бараткан экен.

– Көч байсалдуу болсун!

– Көч аягы кайсы жерге барып такалат.

– Тоңдогу эки тоонун ортосундагы көңдөй деген жерге баратабыз.

– Жакшы жерге баратыпсыңар, ал жак өтө суук эмес кар көп жатпайт. Түштөнүп кетпейсиңерби тамак ичип, курсак ачка болгондур.

– Жүк көтөргөн унаанын бели талыйт, барчу жерибизге ылдам жетип алалы.

– Анда жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун Беккулу атанын балдары.

Көч андан ары уланып кетип баратат. Жолдон адамдар жолугуп аларга ийгилик каалашат. Беккулу атанын уландары көч көчүрүп кетип баратат.

Убакыт токтобой уланат. Кыргыз көчү ушинтип кыр ашып, бел басып уланып келген мындан ары дагы улана берет. Кылымдарды арытып келген кыргыз көчү улана берет. Ал токтоп калбайт, алга уланып жатат.

Алар айрым жерлерге конуп эс алышат. Анан андан ары кайра көчтү улантат. Баягыдай эле көч кетип баратат. Унааны жигиттер сүрөөдө. Малда малчылар, койлордун, жылкыларды айдап кетип баратты. Жолдон жолуккандар:

– Беккулу атанын тукумдары көч көчүрүп баратат.

– Алар жаңы жер тапкан окшойт.

– Булардын жигиттери тың, кыздары ишмер келет.

Перейти на страницу:

Похожие книги