Ошол күндөрдүн биринде мындай бир оңтойсуз эсте калаарлык окуя болду. Окуянын баардыгы Шопоктун кызыл букасынан башталды. Кызыл бука жер челе өкүрүп отуруп, Арттын уйларына келет. Анын бир буту жерге тийбес качкы карала уюу бар эле, уй букадан чыга элек экен. Кызыл бука ошонун артынан калбай кууп алат. Балдар аны талаалатып айдаса да ошол уйдун артынан кууп жүрө берет. Уй качат бука анын артынан калбай шемшеңдеп кууйт. Айласы кеткен уй Арт тиккен алачыктын айланат, бука кууй берет. Буканын кууганынан алачык томолонуп кулайт. Карала уй кулундар байланган желени аралай качат, анын артынан кызыл бука кой десе болбой кетип баратат, кулундар үркүп, желенин казыгы суурулуп, баардыгы будуң чаң болот. Ошол эле болсо бир жөн уй чуркап отуруп, короодогу козулар байланган көгөндү карай келет, козулар үдүргүп, казык суурулуп, аякта калаймакан болот. Балдар, кыздар, эркектер баардыгы буканы кууп калат. Ансыз деле буулукан Арт кара атын минип, килейген жоон таякты алып буканы кууп калат. Бука карала уйдун артынан кууп жүрүп чуркай албай калган экен, жини келген Арт буканы күүлөнүп туруп күч менен мүйүзгө чабат. Буканын мүйүзү ыргып кетет. Арт кайра кайрылып үйүнө келет. Бука жаныбар илбип, бутун сүйрөп отуруп, Шопоктун үйүнүн жанына жетип-жетпей жан берет. Арт аны башка чапканда башынын катуу жерине доо кеткен шекилденет. Шопок мунун баарын көргөн экен. Ал аялына келип айтат. Аялы жини келе:
– Сенин малыңды өлтүрдү, эми аз күндө сени баканы менен келип өлтүрүп кетет, сен жоош байкушум, менин жанымда мени кайтарып отур – деп кагат.
– Эмне кылайын короосун будуң чаң кылбадыбы.
– Ий, өлүгүңдү көрөйүн жоош кургур сени ушундай кылат ал иниңе сенин алың жетпейт. Баарын өлтүртүп отура бер. Эми өлгөн буканы саарасы менен этин жеп жат, сенден башка аны эч ким жебейт жоош кой момун байкушум.-деп тилин тартпай дагы бир топ заар сөздү айтат.
Аялынын жаман сөзүнө уукан Шопок килейген кой айдаган укурукту алып, Арттын үйүнө келет. Шопок:
– Ой, сен менин букамы эмне өлтүрдүң, ал сенин аялыңын койнуна кирди беле ия?
Арт да бул сөздү угуп ал дагы жини келип чоң таякты алып, Шопок менен чабышканга өтөт. Экөө укуруктар менен качырышып келип чабышып кирет. Экөө кой ай дегенге келбей чабышып жатат. Жини келген эки тууган бири-биринин өлөөр-тирилеерине карабай чабышып жатты. Буларды көрүп турган Тынымсейит тукумунан Эсенгул деген киши чаап келип ортого түшөт.
– Ой, туугандар койгула, бети башыңар, киймиңер айрылыптыр бириңерди-бириңер өлтүрүп салсаңар элге шерменде болосуңар.
Чын эле Шопоктун көзүнүн үстү шишип, кан жая агып жүрөт. Бети-башынын баары кан. Таяк тийген окшойт Арттын жаагы когала болуп, канап жатат. Балдары келип, экөөн тең ээрчитип кетти.
Ушул чатак ушул болду.
Ошону менен эки тууган көпкө элдешпей таарынышып жүрдү. Акыры Алсейит жана Тынымсейит атанын аксакалдары келип экөөнү элдештиргенге аракет кылды.
– Ураалынын тукумдары атаңарга шек келтирбегиле, бир бука алачыкты тепседи,– деп жүз карашпай каласыңарби.
– Касиеттү Курумшу атаңардын арбагы эмне,– дейт.
– Мал эмне өлбөй жүрүптүрбү, өлсө бир бука өлүптүр, бука үчүн ушунча чабышканыңар жетишет, арбакты сыйлагыла.
– Чабышып отуруп, бириңердин көзүңөр көрбөй калды, бириңердин жаак тишиңер сынып, эмдигиече айыга албай жатасыңар, ушул дагы жарайбы.
– Эл эмне дейит, баягы көзгө чабардын тукуму деп, бүткүл журтка шерменде болосуңар,-деп келгендер көп кеңеш берип кетишет.
Ошентип эки бир тууганды эл элдештирип тарап кетет. Эки бир тууган «мындан ары урушпайлы» деп ынтымакка келишет. Бирок баягы эл айткан «көзгө чабаардын» тукумдары деген кеп тарап кетет. Ошондон кийин Беккулу атанын тукумдарын айланасындагы эл « Көзгө чабаардын» тукумдары деп атап калышат. Ошондон бери Беккулу атанын тукумдарынын атына «Көзгө чабаардын» тукумдары деген ат жармашып балакет болуп кетпей калыптыр.
Бизди төрөгөн энелерибиз да, апаларыбыз да, жеңелерибиз да, келиндерибиз да «мен көзгө чабаардын тукумдарын төрөп жатам» деп сыймыктанышат экен. Анан эмне кылат алар да кан-жаны менен көзгө чабаардын тукумдары болуп калбадыбы. Алар көзгө чабаардын тукумдарын арбытыш үчүн бүлө болуп келген эмеспи.
Бирок баарыңарга айтам урушсаңар көзгө чабышпай эле жөнөкөй элдешип ала көргүлө. Анан касиеттү ата –бабанын санжырасын унутпай анда-мында кобурашып айта жүргүлө.
Жана түбүлүктүү көзгө чабаардалрадын тукуму бактылуу болгула! Күндөн-күнгө саныңар арбып, асты жаманчылык көрбөгүлө! «Баягы көзгө чабаарлардын тукуму кыйын чыкты» деп атагыңар жер-жерге угулуп даңкыңар чыксын!
АСКАНЫН ЫЙЫ