Бир күнү Ыстамдын эки койу тоодон жоголуп кетти. Сулайман койду издеп атчан жылкычынын конушундагы малчыларга келди. Ал кымыз ичем деп жылкычынын үйүнө кире калды. Кыз кара тоголок тартып, учкул көздөрү балбылдап, жигиттин көңүлүн өзүнө буруп алды. Ал гүлгө да окшошот. «Ушундай гүлдү кайдан көрдүм эле» деп ойлонду.
Эне байкуш баламды көзүмүн тирүүсүндө үйлөнтсөм десе эки көзү төрт болот. Үйлөнүүнү эки тарап ушул күздүн аягына болжоп койушту. Жигиттин көңүлүн ошол селки ээлеп алды. Ал бир күнү өзү көргөн аскадан топ гүлдү көрүп, ошол гүлдөр кыздын элеси болуп көрүнүп туруп алды. Гүлдөрдүн кыймылы бир укмуш бирде абада назик желбиресе, бирде абада тынч албай баягы жылкычы кыздай жылкы айдап бараткандай сезилет. Кыздын баягы жылкы айдап бараткан элеси анын жүрөгүндө көңүлүндө түбөлүк калып калгандай…
Ал бир күнү түш көрдү. Ал аскадагы гүлдү көрдү. Гүл Сулайманды үзүп алчы деп чакырып туруп алды. Жигиттин көңүлү ошол гүлдү үзүп алышта болгон.
Жакыр үй-бүлөлөрдүн бирин-экин малдары төлдөп сүткө жетип калган. Ыстмадын үй-бүлөсү тамак аш жактан кичине кыйналып турган чагы эле. Эки уй жакында төлдөйт. Уй төлдөсө болду сүт- айранга жетип жакшы жашап калышат.
– Жылкычыныкына барып кымыз ичип туралы.
Сулайман уурутунан жылмайып койду. Ата энелери сөз бекиткен. Буюрса ушул күздө эки бала баш кошмок. Куйдай буюрса ал учур деле алыс эмес.
Күн көптөн бери ачылбай, үстү-үстүнө суук болуп туруп алды. Айрыкча сөөк какшаткан шамал Ат-Жайлоо ашуусу тараптан тынбай байма-бай согуп жатты. Адамдар калың кийимин күпүйө кийинишип турмуштарын өтөп жатышты. Антпегенде эмне кылат бирин-экин тирдик бар эмеспи. Сулайман таң заарынан туруп, өйүздөн тезек терип келди. Антпесе болбойт суук кезде түтүн булатып туруш керек. Өздөрүнө жеткендей бирин-экин малдары бар. Эне күйүмдүү баласына жалынып:
– Кагылайын уулум бой тартып келатат. Үйлөнүп алса мени көр кылчу кебетеси жок.
Чай ичип бүтүп Сулайман энесине:
– Эне мен кекилик чил, уларга тузак тарткам, бир нерсе түшкөндүр көрүп келейин.
– Балам барбачы күн суук болуп аба-ыйрайы бузулуп турат, суукка урунуп каласың го.
– Барып келейин энеке, тузакка бир нерсе түшсө түлкү жеп кетет.
Ошентип Сулайман түштөн кийин тузактарын карап келгенге чыгып кеткен…
Анын ар кайсы жерде тарткан кылтактары бар эле. Сулайман жүрүп отуруп кычыкка келди. Бул жерге кекиликтер топ-тобу менен келип, жем жеп кетет. Ырас эле тарткан желеге эки кекилик түшүптүр. Аларды алып желени кайра тартып койду. Эмки сапарын ал Ак –Эчки тоосуна карай бурду.
Күн суук бирок үшүгөн жок кыймыл жасап келатпайбы. Анын үстүнө кубанычтуу келатат. Желеге эки кекилик түшүптүр үй-бүлсөүнө азык. Уларга тарткан желелер турат. Эч нерсе түшкөн эмес экен. Канаттуулар башка жактарга оттогону кеткен окшойт. Бирок бул жакка келбей койбойт. Ал желесин кайра оңдоп тартып сапарын Сорок- Таш жайлоосун карай бурду. Бул кезде тээ алыскы тараптар көрүнбөй айлана күүгүгө оронуп келатты эле. Жарыктык шамал энебиз басылбай согуп турат. Караандай суук денени какшатат. Күн дагы жылымык тартып жайдын сонун учурлары келсе экен. Анан күз сүйкүм кызына үйлөнүүчү учур келет. Анын эсине сүйгөн кызы Айнагүл келе баштады. Ал гүлгө окшош болчу, андай гүлдү кайдан көрдүм эле… Тигил аскадагы өскөн гүлчү. Баса ошол аскадагы гүлгө окшош. Ал кадамын ылдамдатып басып келатты. Аска кандай абалда экен. Тарткан тузагына бирдеме түштү бекен. Бат эле аскага жете келди. Ырас эле тарткан тузакка бир улар түшүптүр. Ал жерде ар түркүн сонун чөптөр өсчү. Уларды кармап денесин бек байлап баштыгына салып алды. Андан өйдө момуя бар чычкандын богунан алып, баштыгына салып алгысы келди. Энеси башы ооруганда ысык сууга кошуп ичсе айыгып калат. Момуядан ары ыргалып баягы сүйгөн кызы Айнагүлгө окшош гүл ыргалып турат. Өсө берсин, бирок жыты кандай болду экен? Гүлдү жаттагысы келет. Бирок ал өтө бийик жерде өскөн ага жетүү Айнагүлгө жеткендей эле кыйын. Ага убакыт керек. Качан убакыт келгенде Айнагүлгө да гүлгө да жетет. Баарысына жетет. Аскада бир тынымга туруп ушуларды эс алып, ойлоп алды. Сулайман ары жылып момуяны алгысы келди. Кичине эле үч карыш жерге жетпей турат. Кичине эле жылса жетчүдөй болот. Алдында бир урчук таш турат. Ошону кармап, анан момуяга жетиш керек. Ал эки жакты карады. үстүдө бой керген бийик аска башын булут челип жатат. Эң эле бийик, алдында чоң-чоң таштар. Ал эки жакты карап башы айланып кетти. Кой мындан ары жылууга болбойт. Андан көрө кетейин. Бирок аны момуя аскырып туруп алды. Ошону алгысы келди. Ал ошол азгырыкка берилип туруп алды. Ал оң ийнин карады. « Кой, аракет кылбай эле кете бер, аны эмне кыласың, жетпей турган нерсеге жетем деп аракет кылба!» Сол ийнин карады «Эмне турасың алдыга жыла бер, акыры момуяга жетесиң, ал сага дары болот». Ал эмне кылаарды билбеди. Ал урчук таштарды кармап момуяга карай жакындай берди. Ал сүйгөн кызына окшош гүлдөрдү карады:
– Кайда баратасың, чеберде алдыңда чоң таштар турат, кулап кетип ага тийбе, карт аска менен ойнобо, сен ойночу нерсе эмес. Өмүрдүн даамын татпай каласың!