Беккулу атанын тукумдарынын ичинен Түмөнбай, Канай, Кулет, Абылай, Жаманак, Боштай ушул адамдар бир-биринен өткөн ата-бабанын санжырасын сүргөн адамдар эле. Койсойбостун уулдарынын ичинен Канай тың чыкты. Башка журттар менен алыш-беришти жөнгө салып турган. Бөргөтөн менен Эсенгул ары чечен ары акын чалыш болуп өстү.
Биздин эми сөз кылуучу баяныбыз Мамай атанын уулу Атыгай атанын акыркы тагдыры жөнүндө баян куруп кетмекпиз. Атыгай атанын жайкы жайлоолору: Тепши, Чоң-Тепши, Котур- Төр, Күн-Тийбес, Чоң-Таш андан аркы жайлоолор. Анын балдары, неберелеринин ушул жерде көпөлөк кууган издери, кой кайтарган күндөрү эстен кеткис болуп калды. Атыгай ата сан жылкылуу, койдон күттү канчаны, уйдан күтүп канчаны күтүрөгөн мал жандуу болуп калды.
Бул күндөр улуу үркүндүн асты эле. Кыргыздарга жебирейил азап күндөр жакындады. Казак орус деген пайда боло баштады. Алар кыргыздарды таш доорунда жашаган маданятсыз жапайы эл деп эсептеп, жер үстүнөн кырып салып, турагын ээлеп алгысы келди. Америкадагы индецтерди актар кыра баштады. Алардын байыртадан бери жашап келген жерлерин тартып алып жапырт жогото баштады. Такыр кырылып түгөнбөй койгонда ал элге чечек ар кандай оорулардын түрүн таратып, аёсуз канкордук менен жоготууга өттү. Ушундай эле кыргын Австралия материгинде болуп жатты. Орустардын жери бир кезде аз эле болгон эми бүтүндөй Сибирди каратууга өттү. Ал жердеги кыргыздардын бир уруусу болгон алтайлыктарды, кахастарды, шорлорду жана башка элдерди кырып жок кылып, християн динине сордоп өткөрүп, а түгүл алардын атын такыр өзгөртүп, Иван, Алексей, Василий, деген орустун аттарына зордоп өткөрүп өздөрүнүн ата-тегин, байыркы санжыраларын такыр унута баштап алар чочко жеген орустарга айланып чыга келди.
Ушундай эле азаптар кыргыз жеринде болуп өттү. Улуу үркүндөн тарыхчылардын эсептөөсү боюнча кыргыздардын көбү кырылып жок болгон экен. Ал эми кытайга үркүп баратканда кордук көрсөткөн калмактардын азабычы. Кыргыз эли улуу үркүндүн учурунда бүтүндөй азап-тозокко учурады. Кыргыздар балдарын бир бадыбот талканга саткан күндөрү болбодубу. Бул азаптуу күндөн Улуу орус революциясы бошотту, же улуу В. И. Ленин бошотту. Улуу Лениндин нуру менен кыргыз өзүнчө эл болуп түзүлдү. Азыр кээ бир кыргыздар бул адамдын эмгегин унута башташты.
Биз эми сөзүбүздүн маанисин башка нукка буралы. Атыгай атанын ошол үркүндөгү тагдырын айта кетели.
Мамайдын уулу Атыгай Көңдөй жеринде өзүнүн акыркы өмүрүн өтөп ал чоң байлыкка жетет. Акыры адамдын башына карылык келет экен Атыгай атага да айттырбай буту, колун, кайрат күчүн алып карылык келди.
Карыянын көңүлү ачык, жүрөгү тунук бир гана буту колдо кайрат жок. Ал сүйөп, таяп басуу менен алек. Түн ичинде уктай албайт. Төшөктө жатты эле бир шектүү үн чыкты. Ушул чөлкөмдө үкү, бабырган, байлуу үкү учуп жүрдү эле, ошол үн берип жатабы? Түндүн канаттуу жырткычы ошол тамак издеп жүрөбү. Карт адам боз үйдө жатып ошонун үнүн эшитти. Булардын көзү түн ичинде жакшы көрөт. Эркеги экен ургаачысын чакырып жаткан шекилдүү. Тоолуу жерде жашагандыктан куштардын сырын жакшы билчү. Өзү деле далай жылы куш салып, тайган агытып аңчылыкты жакшы көрчү. «Жарыктык үкү жаныбардын түндүн кырааны. Ал эми бүркүт күндүзгү баатыр эмеспи. Үкү менен бүркүт башынан бир-бирине каршы, үкү бүркүттүн жемсөөсүн жарып салса, бүркүт үкүнүн мойнун жулуп алат. Үкүнү түн ичинде аңчылыкка үйрөтсө болот. Бирок бутуна кичинекей коңгуроону байлап коюш керек адам анын каякта жүргөнүн ошол дабыш менен билсе болот. Үкүнү коёнго салса болот.
Байлуу үкү дале дабыш берип жатат. Дабыш өтө кооптуу жана сүрдүү туюулду. Карыя ойлонду, « Бул эмне менин өлүмүмдү кабарлап жатабы?» Ал өз өмүрүн эстедеи «Эмнени көрдүм, эмнени көргөн жокмун. Эмнеге жеттим, эмнеге жетпедим? Дос күттүм, тууган күттүм. Баарын күттүм. Тагдырым экен бала чакалуу болдум. Эл орустардан үркүп кытайга качып жатат ушундай оор кезде менин тагдырым эмне болот. Мени кантип эми Кытайга алып кетет. Балдардын кыйнабай эле алардын алдына кетип сөөгүм ушул жерде калса гана? Артымда эмне арманым калды. Балдары, неберелери уктап жатат. Байлуу үкү дале тынбай үн салып жатат. Анын үнү өтө кооптуу, өтө өкүнүчтүү сезилет. Ушул оор кезде балдарга жүк болуп, кытайга карай кетемби? Үкүнүн шектүү дабышы дале чыга берип, оорулуу карыяны миң сан ойлорго жетелеп турду. –Каапыр балапанын жоготконго, же түгөйүнөн ажырап калганбы, мынчалык үн салбайт эле го?
– Гүү…гүү…үүү …гүү…
Карыяга анын үнү ажал сыяктанды. Бир кезде үкүнүн үнү чыкпай калды алыс учуп кеткен шекилденет.
– Башыңы жегир куш эмнеге үн салат же ажалдын кабарыбы.
Анан эле ит улуду. Ал көп ойлорду ойлоп анан үргүлөп уктап кетти. Боз үйдүн түндүгүнөн жылдыздар жымыңдайт. Анан карыя үсүл-кесил үргүлөп кетип, түш көрдү. Түшүндө боз үйлөрдү семиз букалар сүзгүлөп өрттөп жатыптыр. Карыя ойгонуп кетти. Аябай тердеп суусап калыптыр. Жатаарда жылкынын этин жеди эле ошондонбу!