– Балдарым, быякка көчөрдө эң жаман түш көрдүм эле, түндө жакшы түш көрдүм мен Арпа -Тектир жайлоодо Тору кашка атымы минип жүрүптүрдүм. Анан эле Бүтөбай атам «кыйналып кеттиң келгин» деп чакырып жатыптыр. Мен ушул жерден кетет окшойм, силер кайра аман –эсен жериңерге барат окшойсуңар,– деди карыя демигип, анан кашын бир сылап алды да, кайра кебин улантты: – Башымдагы бир арманым, сөөгүм касиеттүү Кара Көңдөйгө коюулса болот эле, андай болбой калды. Эмне кылам тагдыр ушул экен. Ичеер суум көрөөр күнүм түгөнгөн экен. Эми ушул оор капсалаң бүтүп, туулган жерге кайра барсаңар экен. Эл журт бириксе экен. Менин каалаганым ошол. Карыя демигип кетип айтаар сөзүн токтотту. Алар кудай арбакка жалынып бир тай союушту. Ошол эле күнү таң эртеңде сүйлөп эле отуруп Атыгай ата жол салып чын дүнөгө кете берди. Балдары Тарагай тоону жаңыртып өкүрүп, келиндери кошок кошуп киришти. Ошол жерде чоң дарактын түбүнө бир жалгыз мүрзө пайда болду. Көп өтпөй жакшы кабар келди. Ак падыша тактан түшүп оордуна башка жаңы падыша келиптир деген кабар келди.
Азап- тозокту көргөн качкындар кайра өз мекенине кайтып келатышты. Ошентип улуу тоолордун арасында бир мүрзө кала берди. Ал мүрзөдө жаткан адамды тукумдары кантип унутмак эле. Алардын тукумдары деле ата-бабанын санжырасын унутпай айтып келатышкан эле. Атыгай атанын тукумдарынан белгилүү элге-журтка тирек болоор тукумдары чыкты. Ошол Көңдөй жеринде Атыгай ата турак кылган Атыгайдын колоту деген колот бар ошол колот менен басып бараткан урпактар ошол атанын элесин ар-дайыма эстешет. Беккулу атанын тукумдары анын атын унутпай айтып келет.
АК БАТА
Коңур –Өлөң деген жерде, саяк деген элде бир чоң бай аш берет деген сөз эки айдан бери Тоң элинин аяк-быягына тарап кетти. Ашта ат чабыш, жорго жарыш, кыргыздын ар түркүн оюндары болот деген аңыз көңдөйдөгү кара көйнөк тукумдарына да келип жетти. Кара көйнөк элинде ат таптап, жорго салдырган бай адамдар бар эле. Чабандестер аттарын таптап, жоргосун суутуп байлап, ашка катышканга кам уруп жатышты. Шоңко атанын тукуму Сүйөрдүн уулу Эсенгул ары чабандес, ары мүнүшкөр адам эле. Анын ат таптаган саяпкерлик өнөрү көп жерге белгилүү болгон. Ушул эле көңдөй айлынын белсемдүү адамы Түмөнбай эки күлүгүн камдап жатты. Анын Тору аргымагы кетмен туяк кең сору, көкүлүн көккө серпип, калың жалдуу куйруктуу жаныбар болчу. Экинчиси Акжелек кулжа моюн төгөрөк, бул жылкынын көкүл жалы узун, мойну боёп койгондой аппак ал эми көкүрөгү жону буттары чаар ала, сом туяк келген чоң жаныбар эле. Башы ак желекке окшош ыйык жаныбар марага чуркап келе жатканда бирөө желек булгап келаткандай шекилденип көрүнчү. Анын чуркап келатканы бир керемет укмуш. Ошол үчүн « Акжелек» деген ат ага ылайыктуу коюлган. Дагы бир көңдөйдүн байы Атыгай анын көп жылкысы болуп, алардын ичинен Куларгымак бар эле. Жаныбар Манастын Аккуласына окшошуп турчу. Анын карааны алыстан көрүнүп, бир караган адамды мыкты тулпар экен деп улам-улам суктанта карап турчу. Элде мындай бир имиштер айтылган. Ошол ат кулун чагында мындай бир окуя болуптур. Атыгай орто курак кезинде Кочкор жерине бир иштер менен Элебес байдын үйүнө барып калат. Бай менен жакшы ыкласта алыш-бериш соода кылат. Кетеерде ошол Элебес бай Атыгайга:
– Атыгай үйүмө келип, эки-үч жолу даам татып жакын болуп калдың, эми бобереги жайнаган жылкыдан бир жакшысын тандап жетелей кет, жөн кетпей,-дейт.
Анын жылкылары көп эле Атыгай үйүрдү ар жагына бир чыгып, бери жагына бир чыгып, ылайыктуу жаныбарды карап жатты. Анын кыраакы көзү ары-бери тынбай ойноп турган бир тайды көрдү. Атыгай бирге жүргөн жигити менен үйүрдү жыйра айдап тайды кармап:
– Касиеттүү байым, сизден анча деле көп нерсени сурабайм, болгону бобу жабаганы мага ыйгарып койсоңуз болду,– деди сылык түрдө.
Бай көп жылкы күткөн менен жылкы күлүгүнө анча сынчы эмес эле, «сөлпөйгөн бир тайды алды, мынча болду керилген эле жылкыны албайбы» деп ичинен аяп турду.
– Ой, Атыгай башкасын эле алсаңчы, бул жолдо баспай сени мүшкүл чектирет го,-деп аяп.
– Жок байым, жылкыңдын ичинен ырым кылып, ушуну эле ала кетейин,-деди оң колу менен кара мурутун сылап.
Бирок кыраакы байдын атасы бул тайдын даңазалуу күлүк болоорун ошондо эле билип койгон. Байдын атасы ичинен өкүнүп:
– Ай болбостур мейли эми байкоостук кылдык ушунча жылкынын ичинен касиеттүү адамдан бир жаман тайды талашканда болбойт. Бирок бул кулундун куну ушунча жылкыга барабар,– деп өкүнгөн экен.
Ошол иш ошол болду.