Читаем Бабалардын жанырыгы полностью

Жер Үй Суусуна жакындаганда Беккулу атанын тукумдары бир улак таап, эки жаатка бөлүнүп улак тартып, айылга кубаныч, шаң- шарапат менен кирип келмей болушту. Аларды жолдон санжырачы, төкмө акын, куудул, Боргөтөн менен Канай тосуп алды. Боргөтөн менен Эсенгул комуз чертип жамактатып ыр төгүп келатышты. Жигиттер көкбөрү тартып айылга кирип келишти. Улакты шарт боюнча Бекулу атанын эң улуу карыясынын үйүнө ташташты. Карыяга алган байгеден бир бээ беришти. Элге ашта болгон жаңылыкты баян кылып айтып жатышты. Ошондо карыя алаканын жайып, кудайга жалынып:

– Оо кудайым, Чоң Жергес жеринен сабылып көчүп келдик эле, ушул эки тоонун ортосундагы кара көңдөйгө жай алдык, кудайым ушул жерден биздин элдин тукумун көбөйтсүн! Ушул жерде небере-чөбөрөлөрүбүз өсүп көбөйсүн! Жаратканым бизди кырсыктан сырткары кылсын! Жалпы журттун алдында ушинтип күлүгүбүз чыгып, балдарыбыздын атак даңкы жалпы кыргызга тарай берсин! Оомийин! –деп ак сакалы белине жеткен карыя бата берди. Баардыгы алакан жайып бата кылды. Эртеси Түмөнбай, Атыгай, Эсенгул үчөө үч бээ союуп элден-журттан бата алды.

Ошол күнү чоң той болду.

Ошол күнү Беккулу атанын тукумдары кудайга жалынып жатышты.

Ошол күнү Беккулу атанын даңазасы дагы бийиктеп баардык элге жайылып жатты.

Ошол күнү күздүн эң сонун күнү тийип адамдар кубанып жатышты.

Ошол кубанычтуу күн ошантип санжырага айланып, жомок болуп кеткен экен.

***

Автордун оюу

« Ассалому алекум!» « Алейкума ассалам?» Жаратканым бул китепти качан баштадым эле, суук болуп, Балыкчынын шамалы уйгу-туйгу согуп турган бороонду күздө баштабадым беле. Андан бери итабар мезгил өтүп, жылдар жылып, айга-ай жармашып, эсепсиз күндөр закымдап өткөн экен. Китепти жазган мен дагы ак чач адамга айланыпмын. Же болбосо карып улгая түшүпмүн. Жарыктык мезгил адамдарды ошондой кылып салат тура.

Менин алды жагыман,

Коён качты сереңдеп.

Чар тарапты карап коюуп,

Безип барат элеңдеп.

Бир кезде мен жаш элем,

Чачтарымды ак басты.

Гүл чачтым эми алчадай,

Жылдар дагы коён өңдүү,

Дайнын кетти таптырбай.

Мен бул китепти баштагандан бери далай суулар агып, далай мезгил өткөн экен. Ортодо эки хан алмашыптыр. Кайраттуу кыргыз эли эч убакта эзүүгө чыдай албайт, алар эч кимге баш ийбес улуу Манастын тукумунан эмеспи. Башка элдер бир эле хандын эзүүсү алдында турат. Ал эми кыргыз эли экөөнү тең сүрүп айдап, салп этек катынча жолуна салыптыр. Алар бир жерде чогултуп алган байлыгы менен өмүр сүрүп жүрсө керек. Баракелди кыргыз элинин түгөнбөс кайратына! Ошол замандын оорчулугуна чадай албай канча пенделер тиги дүйнөгө узады. Эл чачылды, тербиди, тентиди. Оор замандын капшабы далай сонун адамдарды тиги дүйнөгө алып кетти. Кечөөгүңкү эле мени менен бирге жүргөн адамдардын далайы тиги дүйнөгө узап кетиптир. Арман деген ошол экен. Мен алардын сүйкүм элесин ырларыма салбадым беле. Эми алардын жаркыраган элесин сыйпалап таппай отурам. Эмне дейбиз жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, тиги дүйнөдө бейишке чыгып, артында калган балдары, жерге жээги аман- эсенчиликте болуп, уланбай калган өмүрдү улап кетсин. Туулган жерди араласам ошол сүйкүм адамдардын элеси менин көз алдыма тартылып келет. Аларды мен баардык кезде эстеп келем. Кээде уктап жатсам түшүмө кирет. Кантип кирбей коёт балалык күнүм ошол сүйкүмдүү адамдын тегерегинде өтпөдүбү. Тагдырдын жаратканы адамга ченелүү гана өмүр берилет тура. Эмне дейбиз.

Перейти на страницу:

Похожие книги