Экөө ойго батып унчукпай калышты. Бир топ убакыт өттү. Күлүктөр марага алып-учуп кирип келатат. Ат үстүндө чабандестер күлүктөрүнө удама –удаа камчы урат. Чечүүчү мезгил өтө жакын калды. Чаң чубалып, аш берген жакка карай келатат. Эң алдыда Түмөнбайдын Акжелеги келатат. Ал аш берип карап турган элге желек булгап келаткандай чоң майрамдык шаани, кубанычты белгилеп тургандай болду. Үстүндөгү чабандес да кара көйнөк, ак жоолук байланган тың бала экен. Атына удама-удаа камчы уруп келатат. Анын артында Кула аргымак каалгый, туягын жерге мылгытып, көкүлүн көккө ыргытып сыймыктуу келатат. Кара байыр казанат, мактаса кеп жарашат талыбай чуркап алган экен. Экөөнүн ортосу эң эле жакын тизгин улаш келатат. Куланы минген Тынайдын баласы, тың чыйрак аттын кулагы менен тең ойногон бала, күлүккө олбуй-солбуй камчы уруп келатат. Анын артында Эсенгулдун Сарыторусу кыска моюн туу чукак жаныбар экен. Кулактарын жапырып, буту менен жерди сапырып келатат. Андан ары Баатыркандын Кара аты келатат. Тал жибектей куйругу шамаалга чубалат. Сай—сайлап жүнү бөлүнүп, аркардай көзү кызара келатат. Анын артында Жантайдын Кара аты келатат. Күлүктөрдүн келатканын көрүп кара көйнөктүктөр аябай жыргап, асманга секирип, эки алаканын бир-бирине ургулап кубанышат. Түмөнбай өзүнчө эле дердеңдеп, Атыгай ага күлө карады:
– Беккулу атамын арбагы колдоп Кула аргымак чыкса экен.
– Талашым жок кайсынысы болсо, ошонусу чыксын иши кылып Беккулу атанын күлүгү чыкса болду. Бизди атанын талы колдосун.
Бирок күлүктөр улам кызый чуркап орун которуштуруп жатышты. Биринчи болуп, Акжелек булгап, ашка чоң салтанат жаратып, Акжелек аргымак чыгып келди. Үстүндөгү кара көйнөк кийген бала марага эки колун көкөлөтө шаңдуу чыгып келди. Түмөнбай минген атын таштап. «А кудайлап чуркап барып, күлүгүн тосуп алды. Үстүндөгү кара көйнөк кийген бала шамдагай түрдө жерге түшүп, Түмөнбайды кучактап калды. Түмөнбай баланын оң бетинен, бир өөп, сол бетинен бир өөп баланы таштап, күлүгүн чуркап жетелеп суута баштады. Экинчи болуп Атыгайдын Кула аргымагы келди. Ал биринчи келмек эле эмегендир ашказанынан жабыр тартып калган шекилденет. Үчүнчү болуп капталында канаты бар, Баатыркандын Кара аты чыгып келди. Үстүндөгү бала кара атка окшошуп чылгый кара кийинген экен. Баатыркан күлүгүнүн артта келгенин кападар болуп турду. Ал саяпкерди жемелеп да жиберди.
– Жакшы тапталбай калыптыр, бу саам кара көйнөктүрдүн күлүгү кара тулпарымды артка сүрүп таштады,– деп капаланды.
Төртүнчү болуп, Шоңко Сүйөрдүн уулу Эсенгулдун касиеттүү Сарыторусу учуп күйүп чыга келди. Ушунча күлүктөрдүн ичинен анын төртүнчү болуп келиши да чоң кубанычты жаратты.
Эл бир ооздон кыйкырып:
– Беккулу атанын күлүктөрү бринин артынан бири чыга келди.
– Кара көйнөктүктөрдүн күлүктөрү дүбүрт таштап чыгып келди.
– Көнөчөктүктөр көнөчөктөгү каймыган жеп күлүктөрүн жакшы таптаган экен.
Чогулган эл кыраан каткырып күлүп жатышты.
– Буларды Бугу энесинин арбагы колдоду.
– Көзгө чабаарлар кыйын эл болот. Намысты оңой менен бербейт.
Элдин баары ыйык жаныбар Түмөнбайдын Акжелегин мактап жатты. Журттун көзү тиет деп жабуу жаап далдаа жерге жетелетип жиберди. Ошол даңазалуу чоң ашта негизги байгени Беккулу атанын тукумдары алды. Биринчи байгеге он жылкы, жүз кой, беш уй ыйгарылды. Калган байгелер да жакшы болду. Ошондо Атыгай, Түмөнбай, Эсенгул үчөө кеңешип, ошол аш берген жердин жүз жаштан ашкын үч карыясы бар экен. Байгеден алган үч бээни карыялардын алдына жетелеп келип, ийилип салам берип, «алгыла» деп өтүнүштү.
Карыялар:
– Ой, Беккулу атанын кулундары күлүктөрүңөрдүн арышы арбый берсин!
– Беккулу атаңардын талы колдосун!
– Күлүктөрүңөр дайыма чыгып аман-эсен жүргүлө!
– Колуңар ачык болуп, ырыскыңар ташысын!-деп бата беришти.
Беккулу атанын тукумдары:
– Айтканыңар келсин аталар!
– Дагы узак жашка чыккыла аталар!
– Аталар бата бергениңер үчүн силерге ыраазыбыз!
– Аталар тукумуңардын күнүн көргүлө!
Ошондо узак жашка чыккан бир карыя маселдетип бата берип сүйлөй баштады:
– Жараткан кудайымын алдында аман-эсен болгула! Беккулу атанын күлүктөрү биринин артынан бири чыгып келиптир, талаа, түздөрүңөрдө камбар атанын тукуму көбөйүп, күлүктөрүңөр жарышты топ жарып чыга берсин! Ойсул ата жергеңерден кетпесин! Беккулу атанын тукумдарын калктын пири Калкаман ата колдосун! Бакыттын пири Кыдыр Иляс колдосун! Бүгүн дагы кара көйнөк кийген бала байгеде күлүк чаап чыгып келди. Балдарыңардан бакыт кетпесин! Жигиттериңер эл керегине жарап аман-эсен болсун! Карыяларыңар, ак жоолукчан энелер журтту жолго салган акылман болсун! Оомийин!
Ошол жерде турган элдин баары бата кылышты. Беккулунун тукумдары эт жеп, куран окуп бата берип, аштын ээлери менен жакшы ырай менен коштошуп, малын айдап, көңдөйгө карай агылып келатышты.