Читаем Бабалардын жанырыгы полностью

– Түндөгү түшүм түлкүнүн богу болсун. Эл журттун башына көрүнбөсө экен. Анын оюунан жанагы түш кетпей турду. Бул эмне деген түш бала болсо унутуп калат эле. Улгайган адамдар түшүн кантип унутат. Карыя түшүн балдарына айтып берди.

Күн суук асман ала бүркөк. Тоонун суугу калтырата денеден өтөт. Ылдыйкы төө көрүнгүс калың чий анда ар кандай илбеесиндер көп. Жер –Үй жактан бир атчан катуу чаап келатат. Карыялар Кызыл-Дөбөнүн башында жай баракат маек куруп отурган эле. Атчан катуу келатат деги журтка тынчылык берсе экен.

– Бул кимдин баласы болду эмне мынча катуу келатат. Журтка тынччылык берсе экен.

– Жөн келаткан жок бир катуу кабарды айтканы келаткан адам окшойт.

– Ушундай учурда журт тынч жашаса экен.

– Арбак колдой көр атчандын жүрүшү эң эле катуу.

– Жакшыгабы, жамангабы?

– Берилеп келсин эмне кабар болсо дагы уга жатабыз.

Бир атчан анын артынан дагы бир атчан чаап келатат. Экөө тең кара атчан экен. Отурган карыялар оң даалаттан кетип эмне кылаарын билбей калды. Журт чайпалчудай болду. Эмне кабар болду экен? Эки кара атчан элге жакындай берди. Кара атчандардын артында кузгун куркулдап, карга каркылдап кошо учуп келатат. Аларды карга менен кузгун узатып келатты. Атчандар дөбөнүн этегине келип ыргып түшүштү. Шайдоот жигиттер чуркап барып аны тосуп алышты.

– Орустар, казак-орустар кыргыздарды кырып жок кылып келатат. Кокуй журт кытайга карай жаныңарды сактап качкыла, алар эч кимди аябай кырып келатат. Кокуй журт кытайга карай качкыла, же болбосо кырылып каласыңар. Баскынчылар Коңур Өлөң тушта келатат. Жакындап калышты. Чабаган эс алып, суусундук ичип, андан ары жол улантты. Көп өтпөй мал айдаган арбын көч чоң ашууга карай баратты. Бул жердеги Беккулу атанын тукуму өгүз, аттарын белендеп алар да көчүп жөнөштү. Ошентип чоң башаламан азап күн башталды.

Атыгай атанын абалы аяба начар болуп турду. Узак жашка келип, ушундай оорусуна карыя аябай өкүндү.

– Түш түш болбой калсын жанагы боз үйлөрдү сүзгөн өгүздөр кирди эле, эл чайпалып азапка батат экен ээ. Караң катыгүн. Балдарым мени алачыкка калтырып ушул эле жерге таштап кеткиле узак жолдо силерди кыйнабайын. Өзүм да кыйналам го. Өлсөм тынч өлүп калаармын.

– Жок ата, биз аман турганда сизди талаага кантип таштайбыз.

– Эл журт эмне,– дейт.

– Ушунча бай киши эмне талаада калмак беле. Кыргыздар орустар эмес кара кытай, калмактардын чапкынында деле калбады беле.

Атыгай атанын: Тына, Тынай, Акун, Акмат, Асылбек деген балдары бар эле ата балдарын колдон суурулма тың кылып үйрөткөн. Мал сал, жылкыларын айдап көчүп жөнөнштү. Тынайдын кабелтең жоош тору аты бар эле ошого мингизип жөнөп калышты. Алар көчүп, конуп отуруп көп жолду арытышты. Жолдо калмактар менен кагылышуу болду. Көчүп бараткандар алар менен кагылышып кээ бирлери шейит кетишти. Алар адам көрбөгөн тозокту көрүштү. Атыгайдын балдарынын көчү Балгарт суусун кечип, аркайган Ак- Өгүз ашуусын ашып, Туура- Суу, Шибелүүнү өрдөп, Тарбагатай тоолоруна келгенде карыянын абалы өтө оордоп калды.

– Оңоло албай калдым, Көңдөйгө да сөөгүм буюрбады, ата бабам көрбөгөн жерде сөөгүм калат го.

Балдарга оордук кылбай эле кете берсем дейит. Бирок тагдыр деген тагдыр да. Каралдыларымы оордук кылып жүдөттүм го. Бай ата ат үстүндө баратып үргүлөп кетет.

Башкалар Атыгай атанын балдарына:

– Атаңарды кор кылбай талаада таштабагыла, силердин эмгегиңерди кудайым көрүп турат. Жараткандын буйругу бар эмеспи. Ата-энесин мекеге деле көтөрүп баргандар деле бар эмеспи.

Канча кылса да карыянын балдары эстүү эмеспи атасын балдары абышканы кор кылып талаага таштабай алып кетип баратышты. Карыя ат үстүндө өңөртүп, уйку соонун ортосунда кетип баратты. Кээде үргүлөп, кээде соо болуп эки жакты карайт. Кээде эс-учун жоготуп жөөлүп кетип жатты. Алар Тарагай тоолоруна келишти. Бул тоодо арча, кайың, карагай түркүн өсүмдүктөр өсөөр эле. Тоодон башталып өзөн суулар агып жатат. Атыгайдын көчү ушул берекелүү жерде орун алып калды. Атыгай ата ошол жерде бир кызык түш көрдү. Ата жер жайнаган жылкыларын Арпа -Тектир, Ат- Жайлоодо жайып жүрүптүр. Ал баягы Тору кашка күлүктү минип жүрүптүр, эртеси көңүлү ачык жайдары ойгонду да балдарын жанына чакырды.

Перейти на страницу:

Похожие книги