Читаем Бабалардын жанырыгы полностью

– Жок мен момуяны алайын, анын дарылыгы бар экен. Андай дары мындан башка көп эле жерде толуп жатат.

– Кичине эле калдым, астыга жылсам ага жетем.

Жигит алдыга карай жыла баштады. Кичине эле умтулса ага жетип бармак. Ошол кезде шамал дуу-дуу эте катуу согуп кирди. Ошол кезде бир жаман окуя болду. Шамал күчтөнө согуп, жигиттин кармаган ташы бош омкорулуп кетти. Ал сүрдүгө эс-мас ылдый карай кулап баратты.

– Аа…ааа..ааа.. деген жигиттин армандуу дабышы баардык жерге тарады. Ошол армандуу добушту ушул чөлкөм бүт укту.

Ааламда чоң асканын этек жагында бир жаман окуя болду. Жигиттин денеси ташташ-ташка урунуп анын онтогон үнүн шамал алыска-алыска коштоп кетип жатты. Аны менен таштар ылдый карай кулады. Айланага күңгүрөнгөн максатына жетпей калган армандуу добуш таралды. Жигиттин узун чымыр денеси таштан-ташка сүрдүгүп тийип, жүрөгүндөгү бир асыл нерсеси үзүлүп кеткендей болду. Ал ташка башы менен улам-улам тийип эс учун жоготту. Эс учун жыйып ташты кармайын деди. Ага алы келбеди. Оозунан суубу, каныбы агып жатты. Өйдө турууну ойлоду, тура албады. Аскадагы өскөн жанагы гүлдөр, а түгүл аска да жигиттин абалына кайгырып ыйлап жаткансыды. Эмне кылат адам да, жаратылыш эненин бир бөлүгү эмеспи. Ал эс учун жоготуп, көмкөрөсүнөн ошол жерде жатты. Анан аны жаны бийик аскага карай көкөлөп өйдө учуп кеткенсиди. Гүлдөр да карт аскада шолоктоп ыйлап далайда басылды. Шамал такыр басаңча болуп калгансыды. Асмандагы булуттар кайдадыр бир жактарга айдалып, теңир көк ачылып, жылдыздар жымыңдап анын ыйык өлбөс нуру жерге чачыла баштады. Айлана тарапты түн толук басып эч нерсе көрүнбөй калды. Бир гана батыш тарап агарып эртең күн ачык болоорун айгинелейт. Анан эле үкүнүн кооптуу үнү угула баштады. Шүмшүк үкү бул коюу түндө эмнени кабарлап жатат. Өлүмдүбү же өмүрдүбү? Эмнен кабарлап жатасың?– деп андан сураган киши болбоду.

Суунун жээгиндеги өтөктө эки боз үй. Ыстам катуу ооруп аны Ыбрай Молдого жакага алып кеткен. Үйдө эне жалгыз. Анын санаасы бир жерге токтоло албай уйгу-туйгу болот.

– Балама эмне болду мынча кечикпейт эле го?

Ал кошунасынын үйүнө келди. Болгон окуяны айтты. Үйдөгүлөрдүн баардыгы бушайман боло баштады. Айрыкча ата бушайман болуп балдарына:

– Эки жакка чыгып карагылачы, бир жерде болбосун, балким кечигип жаткандыр.

Кошунанын балдары көп жерди кыдырып чыгышыты.

– Сулайман кайдасың?

– Сулайман…

– Сулайман… Сулайман…

Ушул ат айланага тарап жатты.

Жооп жок. Бир гана мемиреген тынчтык.

Көп жерди кыдырып балдар үйүнө келишти. Кошуналар дагы, эне дагы уктаган жок. Балага эмне болду…? Качан келет…?

Эне үргүлөп уктап кетет. Элес-булас түштөр кирет. Бирде баласын көрсө, бирде карышкырды көрөт. Айтоор чалды-куйду элестер. Эне оордунан туруп, сыртты карайт. Караңгы түндө «балам келип калабы»– деп, эки жакты элеңдей берилүү менен тыңшайт. Баласын жаманчылыкка эч убакта кыйбайт. Эненин жүрөгү шекшимал тартып кандадйдыр бир нерседен коркот. Бирок көңүлүнө кайрадан үмүт жанат. Балким келип калаар. Ал тирүү эле. Тирүү.

Ошентип таң супа салып, жылдыздар сапарга кетип, ак чабарман келип жерге жарык нуру төгүлө баштады. Кошуна Алаштын, Ысабектин балдары эки жакка сапарлап чыгышты. Чоң чокуга барды баардык жерди кыдырып көрүштү. Акыры асканын түбүнө келип, муздап калган жигиттин сөөгүн табышты. Эне менен ата аябай кейип алардын күнү түнгө айланды.

Аскадагы назик гүл самаганына жетпей калган. Ал шамалда кыймылдап, дир-дир этет. Арманын айтайын дейт. Бирок арманын айта албай калган. Эне менен ата багат деген уулунан айрылып эсине келип-келбей турду.

Бул жердеги адамдар ошол жигиттин аты өчпөсүн деп асканы «Сулаймандын аскасы» деп атады. Улуу аска бой керип турат. Бул жерди кимдер гана көрүп өткөн жок. Ал биздин ата-бабаларыбыздын тарыхы.

Ошол аскадан учуп өлгөн мерген жөнүндө мындай бир ыр жаралган

Учуп кеткен жаш мерген,

Улар алам деп аскадан.

Жалбарыңкы тагдырды,

Жаратканым ыйгарган.

Жаратканым адамдын,

Кайгысын сезип ар чакта.

Жаш мергенди жоготуп,

Жашын төгөт карт аска.

АТЫГАЙ АТА

Беккулу атанын тукумдары Тоңдун үстүнкү өрөөнүндөгү Кара Көңдөйдү конуштап, бул жердин сырын жакшы эле билип калгандай болушту. Бул аймак аларга түбөлүк ырыскыга берилген жердей болду. Же аталар мал багып, энелер бешик терметип, бешик ырын ырдашып, Беккулу атанын тукумдарын чоңойтуп, ушул жер шарындагы бир кичинекей жерин байыр тутуп жашап калышты.

Түмөнбай айтты:

– Бул Кара Көңдөй жер биздин ырыскыбыз ушул жерден биздин кийинки тукумубуз таралат.

Кулет ата бакылдады:

– Кара Көңдөй бешикке окшош жер ушул жерден тукумдарыбыз таралат.

Канай бакылдады:

– Биз эми башка жакка кетпейбиз.

Ураалынын жээни Жаркымбай айтты:

– Көп эле жерди көргөм мындай сонун жерди көрбөгөм.

Аймандын уулу Абылай айтты:

– Жайлоолору эмне өзүнчө эле ыр ташкындап турат. Кийинки балдарыбыздын киндик каны ушул берекелүү жерде калат.

Перейти на страницу:

Похожие книги