Читаем Бабалардын жанырыгы полностью

Мен уулум менен кой кайтарып Тескей тоодо жатам. Бет алдымда нечен кылым жашап, көптү көргөн карт аска бой керет. Уулум экөөбүздүн атыбыз көк чөпкө тоюп ары жакта ысык күнгө үргүлөп уктоодо. Койлор аркы суунун жээгинде чоң-чоң таштардын түбүндө күндөн коргонуп жуушап жатат. Ободо каргалар, көгүчкөндөр айланып учуп өтөктүн ар кайсы жерине конуп жемин таап жеп жатат. Атам замандан бери карт асканын башын булут чалат. Асканын булут менен тең жаткан жерин каардуу бүркүт айлана үн салып шаңшыйт. Береги асканын үңкүрчөсүндө кыраан ар кандай чырпык, бадалдын сыныктарын чогултуп, уя салып алганы көрүнүп турат. Бул жерге уя салуу кыраан үчүн кубаныч анткени ага эч ким жете албайт. Бир жетсе ага булут жетет. Соккон жел жетет жана башындагы куштар жетет. Кышкысын аскага шамал үйлөп, тынбай зуу-зуу , дуу-дуу деген дабышы жанып, өзүнүн ырын ай-ааламга даңазалап турат. Ал эми жайкалып таза жел аймалап жамгыр бетин тазалап, ысык күн какшыта тиет. Бул биздин ата-бабаларыбыздын карт аскалары далай болумуштун көп тарыхтын күбөсү. Бизден ары Сорок-Таш андан ары Ат –Жайлоо. Анан Чоң Ашуу андан ары Кара-Каман. Береги суунун аркы өйүзүндө соройгон эки таш турат. Төрөкелди атабыз ушул жерге кой кайтарып, ушул жерге эс алып, учтуу таягы менен береги таштарды тык-тык уруп калчу экен. Тээ берегиде биздин балалыгыбыз өткөн Ак-Эчки тоосу сороёт. Көпөлөк кууп жүргөн балам бир кезде менин жаныма келип отуруп:

– Ата тээ береги аскадан Сулайман ата учканбы.

– Ооба балам, Сулайман аскасы,-деп аталат.

– Сулайман деген ким болот?

– Илгери бир жигит ушул аскадан учуп каза болгон.

–Анан аска ошондон аталып калганбы.

– Ооба балам, ошондой болгон.

– Ошондой болгон балам мунун баарын сен чоңойгондо билесиң.

Балам бир жерге тура албай кайра көпөлөк кууп ойноп кетти. Менин эсиме тээ небак жылдарга сиңип кеткен элестер көз алдыма чубуруп келе берди. Кандай болду эле. Ошондогу элестер улгайып, көз алдыма закымдап чубуруп келе берди. Келе берди. Мен тиги карт асканы карадым. Карт аска мени карады. Карт аска мени карап томсорот. Карт аска айтты:

– Айланайын балам, мен баардыгын көргөм бирок менде тил жок тил болсо баардыгын сага айтып бермекмин.

Андан бери түзөңдө ала-сала күркүрөп-шаркырап Чоң Таш суусу менменсинип агып жатат. Ал эмне деп агып жатканы белгилүү ата-бабанын санжырасын айтып агып жатат. Бул шар суу жөнүндө мындай ыр чыгаргам.

Мен ойлоном,

Чоң –Таш суусу шар агат.

Суунун үнүн толкунданып угамын,

Суу да агып мезгил сымал аркырайт,

Баардыгын тең ушул жерден туямын.

– Айтчы тууган шар суу агып жатабы?

– Ооба дайра ага берип күү курайт.

Өкүмдөнүп суудай улап өз жолун,

Өмүрүбүз күлүк минип жол улайт.

Менин көз алдыма өткөндөгү элестер закым болуп чубуруп келе берди. Мен бул баянды оюман чыгарган жокмун. Мурункулардан уккам. Ошол баян кечөө өткөндөй болуп менин жадымда калыптыр.

Беккулунун тукуму Баястан анын тукумдары тарап, Ыстам деген киши болуп, анын Ыбырай жана Сулайман деген эки уулу бар экен. Ата балдарына каниет кылып, «ушул балдарым аман-эсен болсо келечегим алдыда» деп ойлонот. Ыбрай жаш кезинен эле мал бакканга ал эми Сулайман аңчылыкка, тузак салганга жана жан дили менен мергенчиликке кызыгат. Ал тузак тартып, кекилик, чил, улар, коён кармаганга аябай ышкыбоз болот. Кийин ал мылтык саттырып алат. Ал аңчылык кылып жүрүп, ар бир жаныбардын жашоо шарт тиричилигин өздөштүрүп алат. Бир күнү ага ата-энеси айтты:

– Балам, жаныбарларды сактачы алардын да убалы болот,– деди. Ал бир күнү эликтин чаарчыгын кармап алды. Жаныбар дайма аны ээрчип алаар эле. Бала жаралуу жаныбарларды аяган. Бир жолу мындай бир окуя болду. Каргалар, көгүчкөндөр чуру- чуу үн салып, асманга көтөрүлүп айланып учуп калды. Ошолордун арасында эки ителги пайда болуп көгүчкөндөрдү тээп жатты. Анан эле бир көгүчкөн калдалаңдап учуп келип баланын алдына түштү.

– Ата, көгүчкөн кармап алдым буту сынык окшойт

– Балам, аны өлтүрбө, айыктырып кайра тобуна жибергин.

Бала аны көпкө бакты анан тобуна кошуп жиберди.

Андан кийин көп убакыт өттү.

Мезгил жаз айы болчу. Небак жер жылып, көк чөп өнүмдөп калган. Бир күнү эне:

– Уулум бой тартып келатасың, үйлөнсөң экен, колум узарып келин жумшайын.

– Энеке, үй-турмушубузду оңдоп алалы, аң уулап тери сатам.

– Үйлөнө бер уулум, куданыкын кудай камдайт.

Ошентип мезгил өтө берди. Алардын үйү Иймекте болчу. Саздан ары Жер- Үй суусу казганактап агып жатат. Ошентип Ыстамдар эл менен кошо Арпа-Тектир жайлоосуна көчүп келди. Эл бээ байлап кымыз ичип, тирденип калышты. Бир күнү Сулайман энеси менен кошо Күн-Тийбес жайлоосундагы жылкычынын үйүнө келди. Анын Айнагүл деген кызы бар экен. Жигиттин көңүлүнөн ошол кыз кетпей койду. Сулайман бир күнү эртең менен эрте туруп, Арпа-Тектирдин Күн-Тийбес тарабындагы аң уулап жүрүп, жылкы айдап келаткан баягы кызды көрдү. Жылкычы кыз күлүк үстүндө учуп-күйүп келатып анын жоолугу шамалга желбирттейт. Жоолугу кызыл, көйнөгү жашыл, өтүгү бир укмуш. Кыз кээде адамга, кээде чүрөккө окшошот.

Перейти на страницу:

Похожие книги