– Беккулу атанын тукумдары Мүйүздүү энеден таралгандар.
– Ыйык эненин тукумдары.
– Беккулу атанын көчү байсалдуу болсун!
– Самаган жерине аман-эсен жетип алсын!
– Айтканыңар келсин!
– Кардыңар ачты окшойт, аттан түшүп чай ичип албайсыңарбы.
– Ырахмат сизге самаган жерге жетип алалы, бат эле кеч кирип кетет.
Көч узап баратат. Мезгил да жылып жатат.
Ошентип Беккулу атанын уландары Тоң жериндеги эки тоонун ортосундагы Көңдөй жеринин ар кайсы кокту-колотуна келип конушту. Алар бул жерден башка элден кысынбай эркин жашап калышты. Ар бир кокту –колотко жай алып өз өмүрүн өтөп жатышты.
«КӨЗГӨ ЧАБААР» ТУКУМУ
Жарыктык Чоң Жергес жери жайкалат. Адыр-адыр белестер. Белестерди аралап ата-бабабыз баскан тарам-тарам жолдор кетет. Бул жолдор менен кимдер гана баспады. Карышкыр өтпөс кайчы жолдо, жолочу жол жүрдү. Түлкү өтпөс түнөн жолдо унааларын айдап соодагер өттү. Баары өттү. Кыргыздар бир жерден экинчи жерге көчүп көчмөндүк турмушта өкүм сүрүп келбедиби. Антпегенде эмне кылат. Далай жолу жоо менен кармашып, чачылып жок болуп кетеерде ата-бабалардын арбагы колдоп, эр жигиттер өз эркиндигин сактап жатышты.
Жалпы кыргыз эли менен бирдикте Касиеттүү Беккулу атанын тукумдары да өз эли менен болуп түтүн булатып, жашоосун өткөрүп келатышты. Санжыра баяныбызда Бек атанын үч уулу бар эмес беле. Алар элибиз сыяктуу ары бир сүрүлүп, бери бир сүрүлүп өз жашоолорун өткөрүп тукумдарын улантып келатышты. Ошол Беккулу атанын бир тукуму Курумшу болгон. Курумшу ата төрт уулду болду. Алар: Койсойбос, Ураалы, Байбото, Карача экен. Санжыра боюнча Беккулу атанын тукумдарын башка элдер « Көзгө чабаар» тукуму деп аташкан тура. Ошол аттын келип чыгышы Курумшунун экинчи уулу Ураалынын балдарына байланыштуу экенин санжырачылар эскерет. Биз ошол санжырачы карыялардан укканыбызды баян кылып эскерте кетели.
Бобереги чоң суу Чоң Жергес жеринде жер жаралгандан берки атам заманда кышында тоңуп калып, жайында ала-сала казганактап кирип, өз агымын токтотпой буркан -шаркан түшсө, бирде жай каалгый мемиреп агууда. Ошол суунун үнүн ушул жерде жашаган адамдар угушуп, өз жашоосун улантып, өмүр сүрүп келишүүдө. Ушул суунун чыгаш алабында Курумшу атанын экинчи уулу Ураалынын балдары Шопок, Арт отурукташкан. Алар жылда ушул конушту мекендешет. Конуш жайлуу койду жайып жиберсең баардыгы алаканга салгандай көрүнүп турат. Мал дагы тээ береги кар баскан бийик тоого жете жайылып, тоонун башындагы ширелүү чөптү жеп тоюуп анан кайра өздөрү эле кайрылышат. Ал эми уй жаныбар өйдөкү өтөктөрдү өрдөй жылып анан агып жаткан тоонун тунук сууларынан ичип суу жээктеп эс алып жайылышат. Кыскасы бул жер төрт түлүк малга эң эле жайлуу. Суунун өйдө жагында жайылма өтөктө Шопоктун үйү бар, ошонун эле ылдый жагында Арттын боз үйлөрү жайгашкан. Эки тууган бир-бирине кайрымдуу. Бирок кийинки учурда бир нерсе болдубу, же аялдарынан кеттиби, же балдарынан чыктыбы эки үй-бүлөнүн ынтымагы кетип бир-бирине анча каттабай калышты. Аялдары болсо бир жөн эле эркектери киришип-чыгышпай калганына жаман болгондой. Шопок узун бойлуу жотолуу сөөк-саактуу эңишке түшчүдөй адам. Дене боюу жагына Арт деле андан кем эмес, ары чымыр, ары сөөк саактуу. Жаратканым эки бир тууганга ал күчтү ченебей бергендей. Ошол жаратылыш берген күчүнө таянабы, анча-мынча адамдарды теңине албай дөөгүрсүп кетмейлери бар эле. Шопок бир канча жолу эр эңишке чыгып жеңбесе, жеңдирген эмес. Арт дагы чымыр ал күрөшкө далай жолу түшүп чыңалып келатат. Арттын аялы эки айылды эриктирбеген, бир айылды бириктирбеген тилдүү неме. Аялы эмне десе күйөөсү ошонун тилин алган начар сапаты бар. Ал эми Шопок андай эмес бир нерсени баамдап чечип, чатакташса да ар бир ишти өз жөнү менен жөнгө салган жагы бар. Ошого жараша ал кечиримдүү кекчилдик жайы жок. Ортону эмне аралап кеткени белгисиз ошентип эки бир тууган такыр каттабай калышты. Убакыт жайдын толуп турган маалы эле. Шопокто Заңги Атанын тукуму өтө көп музоо, торпок, өгүз, бука, жана башкалар. Иши кылып мал салдуу. Ал эми Арт Камбар Ата тукумуна жакын. Эки желе бээ байлайт. Тайлары, өзүнчө үйүр болуп жайылып жүрөт.
Быйыл жаз эрте келди. Жалган куран айынын башында эле жер жылымык тартты. Кар суунун үстүндөгү тоңгон муз эрте эрин агын суулардын үстү улам ачылып, шар суунун үнү жаңырып алдай кайда алыс жакка угула баштады. Этинен түшүп калган мал чөп кууп оттоп бат эле тоюунуп кирди. Түштүк жактан келген келгиндер тал, кара чыгачтын башына конуп отуруп, өзүнүн ырын кайталап ырдай баштады. Дыйкандар эртелеп кетмен күрөгүн курчутуп, соколорун оңдоп айдоого камылга көрө баштады.