Читаем Бабалардын жанырыгы полностью

Ошентип Атыгай Элебес байдын Кула кулунун менен айлына карай жол арбытып жүрүп отурду. Кула тай жолдо баспай кержейип азапка салып жүрүп отурду. Алар араң деген айлына жеткен экен. Андан бери токтобой жер күндү айланып, далай мезгил артта калып, ошол кержейген тай Кула аргымакка айланды. Анан дагы бир мындай аян болуп өтүптүр. Атыгай ошол күлүктү таптап жүргөн чагы экен. Бир түнү түн ортосунда ээси эшикке чыкса, ак калпакчан бир карыя күлүктүн жал-куйругун сылап жатыптыр. Ээси аны таң кала карап турду. Анын карыя жумшак колу менен жылкынын ашказанын жай акырын сылады. Аргымак кыйналып-керилип чоюулуп, аянычтуу үн чыгарып каткан кыгын таштап жиберди. Ээси «эмне кылаар экен» деп карап турду. Ошондо күлүк тегин эмес колдоочу саяпкери бар экенин билди.

Эми кайрылып ошол ашка келели. Береги саяктардын ашына көңдөйдөн Эсенгул Кара торуну, Түмөнбай Акжелек менен Тору аргымакты, Жантай Карагер күлүктү, Атыгай Кула аргымагын алып чыкмай болушту. Балбан күрөш, улак тартмай жана башка оюндарга катышабыз деп жыйырмадай киши шатыра-шатман жөнөп калышты. Күлүк аттар менен бат эле аш берилүүчү жерге жете келишти.

Аш шааниси жакшы өтүп жаткан экен. Ак жуураттай болгон боз үйлөр. Эт бышырып ары-бери чуркап жүргөн жигиттер. Үнү заңкылдаган жар чакырып жүргөн пенделер. Бир аздан кийин аксакалдар кудайдан бата тилеп аргымактар коё берилди. Алыска талыбас куштай закымдап учкан аргымактар. Ээрге бекем минип, башына ак жоолук байланган тың чыкма чабандестер. Күлүктөр закымдап учкан куштай кетип баратат. Ал арада балбан күрөш, ордо атыш, төө чечмей, кыз куумай, улак тартмай дагы, дагы толгон оюндар болуп өттү. Күлүктөр эмне болду деп тынчы жок жер тыңшаар маамыттар жата калып, тура калып жерди тыңшап жатышты. Аңгыча жер дүңгүрөй көчүп, бир топ убакыт өтүп, туяктар тапырата жерди сабаган тулпарлардын дабышы жакындап келатты. Жер тыңшаар маамыттар айтып жатты:

– Аргымактар келатат, буудандар келатат,– деп жарыя айта башташты.

Дүрбү салган адамдар дүрбүсү менен оң имерип бир карап, сол имерип бир байкап жатты. Алдыда Баатыркандын Кара аты кеалатат. Жарыктыктын буту жерге тийбей асмандап учуп күйүп келаткандай сезилет. Анын артында Байсейиттин Актуягы куйрук улаш келатат. Анан биринин артынан бири болуп ээрчише келаткан күлүктөр. Чаң уюулгуп улам жакындап аш берген жакка келаткандай. Күлүктөрдүн дабышынан жер дүңгүрөп тынбай көчөт. Жер тыңшаар Маамыт бутун тыбырчалатып, жата калып жерди тыңшап « Бирде кара ат алдыга чыкты десе, бирде Кула аргымак алдыга чыкты» деп жарыя кылып жатты. Чабандестер кызыган аттарын эми накта камчылап, жер өлчөмүн так аныктап, кээ бири атынын тизгинин тартса, кээ бири акырын солгундата тартып келатат. Кара көйнөктүктөр дүрбүсүн алып караса эч дарек жок. Алардын жан дүнөсүн кубаныч аралабай шаабайлары сууп калды. « Ушундай да болобу, жок дегенде бир атыбыз чыгып келбей калабы» деп, дендароо болуп турушту.

Баамчыл Түмөнбай менен Эсенгул:

– Балдар ат тизгинин коё береер чак келе элек экен.

– Ошондой кылсын азыр коё бергенде болбойт. Алар чарчап марада башкаларга алдырып жибериши мүмкүн.

– Бир аздан кийин ат тизгиндерин коё беришет.

– Балдар туура аныктап жатышат.

– Иши кылып Беккулу атанын талы колдоп, биздин күлүктөр чыкса экен.

– Ошондой десең, Беккулу атанын арбагы, Мүйүздүү эненин касиети жар болсун!

– Ой, ким билет Баатыркандын күлүктөрү тың сыяктанат. Анын жылкылары дабан жарган мыкты күлүктөр эмеспи.

– Байсейит байдын күлүктөрү да мыкты.

Түмөнбай, кара мурутун сылап, калпагын оңдоп кғийип, ойлоно айтты:

– Менин баамымда Баатыркандын күлүгүнүн үч сууту кем экен. Кандай болоор экен марага чукул алардын жүрүшү жайлайт го.

Эсенгул Түмөнбайдын баамчыл ары аяр, ары сынчы экенин билчү. Ал ичинен ойлоп жатты «Буюрса Түмөкемин айтканы эле келет го» деп.

– Ошондой эле болсун Түмөке Беккулу атанын талы колдоп биздин күлүктөр чыгып кетсе гана.

Перейти на страницу:

Похожие книги