Жаңылбаган кенедей.
Кара сөздүн чебери,
Беккулунун чечени,
Кара Көңдөй элине,
Кайран эр келип бир өткөн,
Калың журтка кадырлуу,
Кадыр ага бу өткөн.
Өзүн алга сүрөсө,
Тартынбастан бек жүрсө.
Далай жерге сапар бармак.
Кыргыз элин башкаркмак
***
Эки кап силос артынап,
Эчен-эчен киши өттү.
Жармы төгүн, жармы чын,
Жарандардын көөнү үчүн,
Жабырата кеп таштап,
Кебин уккан адамдар,
Күлө берчү шарактап.
Ыржайтып киши күлдүрүп,
Иляс куудул бу өттү.
Тамаша айткан жарандар,
Такыр өлбөй калса эмне?
Такыр өлбөй калса да,
Экөө болуп калса эмне?
Бирөө өлүп калганда,
Берки тирүү калганы,
Калк аралап арада,
Журтту жүрмөк күлдүрүп.
Жулмуңдап киши сүйдүрүп.
***
Теңтуштун көөнүн жай кылып
Тебетей кийип калдайып.
Карааны тоодой көрүнүп,
Карач атадай барбайып.
Иймек менен чаптырып.
Ит агытып, куш салып,
Ырысы тоодой көрүнүп,
Ысмайыл ата бу өттү.
Шамалдуу сайды аралай,
Шамалы согот сабалап.
Шаңдуу күлүп шарактап,
Шаттуу кырчын чагында,
Шамы өчкөндөй заматта,
Шашып өттү Шамшыбек.
Ак жайыктын бери жагына,
Ак боз жорго салдырган.
Артынан чаң ызгыган,
Айылчы аба бу өттү.
Илмейген тоонун жанына,
Илбирс түнөп жай алган.
Иш бүткөрүп, мал багып,
Ишенбек ага ал өткөн.
Айдарым желдүү өтөккө,
Абыр-шабыр жаан төктү.
Ат бороюн салдырып,
Ак боз күлүк алкынтып,
Аңгеме айтып бакылдап,
Айылчы байке бу өттү.
Булар менен биргип,
Апа менен жеңе өттү.
Туу тутуп жүргөн берилип,
Тууганга салып күйүттү.
Булар өтүп кеткенде,
Баарыбыз тең кайгырдык.
Убайымга улам батып,
Ушул ырды чыгардык.
***
Башкарып чоң чарбаны,
Тирүүсүндө чарчабады.
Акылы менен эл баккан,
Ачык айрым бакылдап.
Ак эмгектен баар тапкан,
Мектепке бала окуткан,
Оңойм деп журттун турмушун,
Эрте туруп, эл тескеп,
Элден кийин уктаган,
Усөн ага табылбас,
Ал замандар кайрылбас.
Кайрылса да жаңырбас.
***
Кайда кетти Мукамбет, Мыйса аталар?
Карааны жок карасам да көрүнбөдү.
Бул дүйнөдө өмүр сүрүп закымдап,
Шамал, күнүм улуу тоолор өлбөдү.
Кайда кетти Калый, Бүкөй энелер?
Көп карадым такыр эле көрүнбөдү.
Бир гана бул жашоодон кол үзбөйт,
Кеч менен таң, күн менен түн бүлбүлдөйт.
Кайда кетти Төлөмүш, Сакен жеңелер,
Көп карадым жолдо сапар өтпөдү.
Өмүр сүрүп жашап келет биз менен
Жымжырттык, куш үндөрү кебелбеген.
Кайда кетти Өмүрбек, Эсенгул инилер?
Күлүк минип узун жолдо сапар өтпөдү.
Ай нурунда аккан суу агат шарпылдап,
Асылдар не келбеди бул жакка сапарлап.
Адамды ушунчалык таң калтырып,
Колду жуумп эсеп менен санатып,
Капаланып кайгырганда не чара,
Кайран өмүр берилиптир аз гана…
***
Майданда элин коргогон,
Өз элине чеп болгон.
Кагаз жазып чийме чийип,
Балдарга чачып илимин,
Сырын билип ар кишинин.
Элине чачып эмгегин.
Аруун деген аба өттү,
Ал өтпөсө ким өттү.
Акылы тунук эс менен
Ал агамды эскерем,
***
Мамыр баскан жайлоодон,
Малын айдап малчы өттү.
Жайылманын төрүнө,
Жайдын күнү жаан төктү.
Ырын төгүп жамактатып,
Ырыстуу бир атак алып,
Абды атадан, Ыдырыс
Түркүн-түркүн чөптөрдүн,
Түрүнөн дары жасаган.
Адырашман, чалкан чөп,
Алыс жактан алдырган.
Уу коргошун, тыйынчек,
Чайга демдеп салдырган.
Бачым жана сарамжал,
Баардык ишти шай кылган.
Адамдарды дарылай,
Албаш ишке жараган.
Туулган жери жөнүндө,
Турмушта далай ыр жазган.
Өкүнүч салып баарыбызга,
Өтүп кетти бул адам.
Өкүнүч экен шум жалган.
***
Анын арты жагынан
Эмгекчил эр өткөн.
Элине арнап кызматын,
Эринбестен шаң төккөн.
Өмүр боюу тынбастан,
Өрнөк болуп баар тапкан
Жер сугарып, эгин айдап,
Жергеми сонун гүлдөттү.
Көөнөрбөс эмгек сиңирип,
Көк жорго деген ат минип,
Көнөчөктүн айлында,
Көркөмдүү сонун жайында,
Көбөк деген эр өттү.
***
Анын арты жагынан,
Кайгуулда күзөт күзөтүп,
Кайран уулдар дагы өтүп…
Болот, Эсен эки окуучум бар эле.
Элестери, кыял, жорук , турпаты,
Өкүм мезгил, өткөндү эске түшүргөн,
Көз алдыдан алар такыр кетпеди.
Кеткен бойдон кайра артына келбеди.
Он гүлүнүн бири ачылбай,
Жыпар жыты аңкып чачылбай.
Жылгадагы жыттуу гүлдөрдү,
Жылдыздуу маалы табылбай.
Эр жигитке мекен коргоо парзы да,
Эң улуу иш буюрган экен балдарга.
Түйшүк тартып баатырларча жок болгон,
Түбөлүк даңк, улуу урмат аларга!!!
***
Чүкө ойноп сайдын жээгинен,
Абдан ынак болчубуз.
Коктулардан мааратып,
Козуну бирге жайчубуз.
Ыраакка бирге барчубуз,
Ышкын терип төрлөрдөн,
Тай минип чаап өтчү элек,
Тараша баскан бөксөдөн.
Таштарды терип жылмакай,
Тап таза сууну кешчү элек.
Таңда койду айдачу элек
«Ата» деп айтып чакырып,
Артында жалгыз туягы.
Текебайдын Түйтөсү,
Теңтушум учуп дүйнөдөн.
Мындай шумду ким көргөн?
***
Арпа Тектир жайлоонун,
Арасын сылап жел өттү.
Алынып дайым мал менен
Ак жашоо өтүп шаң менен.
Жок эмес, бар менен
Жан дүйнөсү кеп –кенен.
Айлында жүрүп түбөлүк,
Ак бата алып элинен.
Агарып туулган жеринен.
Балдары тың чыгып,
Ата атын даңктантып
Амантур деген эр өттү,
Эр өтпөсө ким өттү.
Эл ичинен жээн өттү.
***
Солто, Өмүрбек инилер
Сонолотуп куш салып.
Созултуп жылкы айдашып,
Согон өтөк жайлашып.
Созулуп катар бастыңар,
Сонун бекен оо дүйнө,
Сонуркап неге шаштыңар.
Сырларын айтпас балдар!
Сыбызгыны какпайт балдар!
Сырдуу өтөктөн өткөн балдар!
Сырттан кайып болгон балдар!
***
Кагылайын Канат, Өмүш иним
Кечөө эле бар элеңер.
Арабаны айдап алып,
Арабызда жүрчү элеңер.
Айланамды карасам,
Көрүнбөдү карааныңар.
Болуп өттү не шумдук,
Болумушка таң калдым.
Бүгүн силерди жоктойбуз,
Капа жана күйүнмөй.
Ажырашып кетүү бул,
Арман тура бүтүндөй.
Медияндын чөлүндө,
Мен эмнеге келатам.