Мезгил келсе силер жакка барабыз.
Ага чейин биз силерди эскерип,
Амандыкта бу дүйнөдө жашайбыз.
Бул жерде уктап жаткан маркумдар,
Тынч болсун түбөлүккө уйкуңар.
Эл силерди эч убакта унутпайт,
Эсен болуп, эстей жүргөн учур бар.
***
Айлыбыздын төш жагында мүрзө бар,
Бөз дөбөлөр дөмпөйүшөт улам арбып.
Кейитип кетти өмүрүдү басып аяныч
Кемпир чалдар бара жатат азайып.
Кем дүйнө карылык келет билинбей,
Кемпир чалга айланып биз баратабыз.
Арыбас ушул куу түшүктөн кутулуп,
Акыры биз да боз дөбөгө айланабыз.
4- БӨЛҮК
ЗАМАНДАШТАРГА ТАМАША– ЧЫН АРАЛАШ
Замандаштарга тамаша-чын аралаш
Короодогу кой, козу менен аралаш
Кара сөз ыр менен кетти аралаш.
Көөнөөрбөгөн күлкү учкуну табылбас,
Көңдөй элге тамаша, чын аралаш.
***
Тирүүлөр ыйманыңарды жоготпогула!
Ыйык нерсе силер менен өмүр сүрөт.
Жакшы адам жан дүйнөсүн булгабай,
«Жараткан» деп тазалыкты ала жүрөт.
Ыйманыңы көөгө булгап таштасаң,
Ошол күнү пенделигиң кор болот.
Тирүү эле өмүр сүрүп жүрсөң да,
Жер үстүндө адамдыгың жоголот.
***
Тажатып кээде адамды,
Тантыр-мунтур бу турмуш.
Тайсалдатып жолуңан,
Тайгак кечүү кечтирип,
Татаалдыгы бир укмуш.
Энтеңдете камчылап,
Элки-селки бул турмуш.
Эси оосо да эңсеткен,
Эртеңкиге ээрчиткен,
Эрктүүлүгү бир укмуш.
Алдыга айдап жүткүнткөн,
Апыл-тапыл бул турмуш.
Акү-чүкү бул турмуш,
Учур менен жарышып,
Утуш дагы уттуруш.
Арбын түйшүк тарттырган,
Алчы-таасы калчалган,
Алышкан адам чарчаган,
Албууттугу бир укмуш.
Оодара тартып белиңден,
Опон-топон бул турмуш.
Оңой конбос башыңа,
Олжо болуп бакыт куш.
Оокаттын жүрүп артында,
Оо, дүйнөгө жеткизген.
Оомал-төкмөл бу турмуш,
Оопасыз ал бир укмуш.
Жел кайыкта сыздырган,
Жеңил-желпи бу турмуш.
Желпилдеген учкаяк,
Жеткен чеги бир укмуш.
Ар жазмышта жазылган,
Андай-мындай бурулуш.
Ар кыл тагдыр кабылган,
Ачуу-туттуу бу турмуш.
***
А дейбиз да, бу дейбиз
Эртеңкиге кам жайбыз.
Эртең эмне болоорду,
Эмнегендир сезбейбиз.
А дейбиз да, бу дейбиз,
Алыска жол издейбиз.
Алыбыз саал экендигин,
Аны неге сезбейбиз.
А дейбиз да, бу дейбиз
Байлыкка жол издейбиз.
Жан дүйнөбүз жакыр экенин,
Жашоодо биз сезбейбиз.
А дейбиз да, бу дейбиз,
Көп дүйнөнү издейбиз.
Алышып жүрүп акыры,
Жок болоорду билбейбиз.
Аппак булут көчтү го
Аттиң ай, өмүр өттү го.
А дейбиз да бу дейбиз
Абалкы кезди эстейбиз,
Бу өмүрдү кошкун,– деп,
Бурулуп бир күн кетеербиз.
МЕН ЖАШАГАН
1979-1984 ЖЫЛДАРДАГЫ ЖЕРДЕШТЕРИМИН
ЭЛЕСТЕРИ.
Азыркыны ырдасам
Ак санаадан бата алам.
Айдың чачкан түбөлүк,
Ак жашоо өзү калкыган.
Биз өтөгөн бу турмуш,
Бир кезекте эскирет.
Күүгүм убак жакындап,
Күн да батып кеч келет.
Анда эмесе туугандар,
Суунун нугун кубалап,
Балык издеп куугандар,
Азыркы кезди ырдайлы.
Мезгил сызып баратат,
Мемиреп жөн турбайлы.
Жердештерим жердеген,
Жериме жетип барайын.
Жамактатып кеп таштап,
Жалпысын ырга салайын.
Жол улаган Жолдубай,
Жомогу көп момундай.
Жоргосунун жонун жоорутуп,
Жолдо калган жоругу ай.
Жүгөнүн чечип бош таштап,
Өтүктү жыртып шалпылдап,
«Келатам» дейт лакылдап.
Кана эмесе баянчым,
Баяныңды баштап бер.
Мезгил сызып баратат,
Мемирөөдө элет жер.
Ала күүгүм эскирет,
Акырындап түн келет.
Окуйлу деп дастанды,
Окуучум күтүп телмирет.
Карааны тоодой бел тирек,
Канчалаган тааныш бар.
Айылдын жерин мекендеп,
Аман болсун эми алар.
Белден келген жолочунун,
Белгилүү жалгыз болбосу.
Жакшылык чачып аларга,
Жараткан болсун колдоочу.
***
Адырда жүргөн аркардын
Ак май эти толо элек.
Жааны тартып кырлардан,
Жамаке мерген өтө элек.
Курбуда жүргөн кулжанын
Куу эти азыр толо элек.
Жайылма деген төрдү өрдөп,
Жамаке мерген көчө элек.
***
Сазда жашайт көп өрдөк
Сайроодо жүрөт малыбыз.
Көп эл билет биздерди,
«Көнөчөк» болот айлыбыз.
Көптөгөн журтка тараган
«Көзгө чабаар» дайныбыз.
***
Жолдо такыр тынч албай,
Жорголой бер торпогум.
Улама кепти улаган,
Улана бер жомогум.
Бабалар жолун баяндап,
Баштап айтчы болгонун.
***
Жар боорунда жагалмай,
Жарды учат аралай.
Анда эмесе туугандар,
Агала жоолук таштамай.
Алдынан кыя баспаган,
Айылдан алыс качпаган.
Алгач кепти Көңдөйдөгү,
Адамдардан баштамай.
***
Куу турмуш өзү курусун,
Күйүктүрүп кууп келет.
Куудул абам Кусмидин,
Кубандырып шык себет.
***
Селсебетте иштеген
Секретти төп билген.
Кара сумка асынган,
Кагазынын бетине,
Калкынын аты жазылган,