Бериден атын желдирет
Бердугул менен Сагындар.
Калбай ошол көч жолун
Карагыла баарыңар!
Жагымдуу ырга бөлөнүп,
Жакшы ырды таап алыңар!
Кызыл-тазыл ушул көч,
Кырдан ашып баратат.
Сабак айтып биздикилер,
Салтанатты жаратат.
Бабалардын элеси,
Биз менен кошо баратат.
Колот өрдөп жөнөгөн,
Кой кошулуп баратат.
Колоктогон жаш балдар,
Койду тосуп алганы,
Колот өрдөп чабыңдар.
Шаршембинин Казагы,
Жамгырчынын Жакыбы,
Жаманактын Абдысы,
Боогачыдан Коёнаалы,
Желдеңдин Ысмайылы,
Токторбайдан Орозо,
Султангазынын Эшени,
Байшериден Турдубай,
Карап жаттым бу көчтөн,
Карааны ыйык чалдарды,
Кадыры бар жандарды.
Оозу бозо жыттанып,
Жеңелерге көз салып,
Кадыркул байке келатат.
Койгулап кара атын,
Конок байке чаптырат.
Артынан анын такымдап,
Алыбай байке жакындайт.
Жар чакырып бакылдап,
Жапас байкем келатат.
Бүркүтчүнүн колунда,
Каардуу бүркүт талпынат.
Ысмайыл ата боз кушун
Илбесинге агытат.
Жол жомогун улаган,
Жомокчу ушул балдар ай,
Торпок минип топурашып,
Өз алдынча кобурашып,
Марыбас жерден кеп баштап,
Манас айтып келатат,
Маңгибай менен Чаңгибай.
Келиндер келатат,
Бешиктерин. өңөрүп.
Тайчан балдар жарышат,
Бөктөрүнчөк бөктөрүп.
Ак бозунун үстүндө,
Кээ биринде үргүлөп,
Бир сөздү айтып күбүрөп,
Максүт жезде келатат.
Тайчан чабат жаш балдар,
Ал балдардын арасында,
Аңкай менен Шаңкай бар.
Ойноок далай балдар бар.
Кана баарың болуңдар!
Көчтү узатып жөнөтүү
Байртадан салтыңар!
Беккулунун көчү өрдөп,
Кара Тоону айланат.
Астыда жол тайгалак,
Ал жактан да аша алат.
Далай кылым ата көчү
Жолун улап келатат.
Көч көчүргөн аталар,
Ак элечекчен энелер,
Көчтү алдыга сүрөгөн,
Көч менен келген абалар,
Баарыңар аман болгула!
Ата-баба өмүр сүргөн
Журтка барып конгула!
Сапар алган улуу көчтү
Беккулу ата колдоп алсын.
Элечекчен Бугу эненин элеси,
Биз менен бирге жашасын.
Ар дайыма жардам берип,
Арбактар эми жар болуп!
Жараткан болуп колдоочу,
Пайгамбар болсун коргоочу.
***
Бул китепти ким окуса,
Ал да калат арманда.
А ким калса окубай,
А да батат арманга.
Жашоонун оор экенин,
Окугандар анык сезет.
Ата-баба тарыхын
Аз да болсо эскирет.
А ким калса окубай,
Бабаларын билбей калат.
Баш аягы чоң арман
Бабаларсыз кантип жашайт.
Ошол үчүн өмүр сүрүү
Айтып бүткүс чоң арман.
Жарыкка келбей калганың
Аның дагы бир арман.
ЭРТЕҢ МЕНЕН
Жан энекем уй саап жатат эшикте,
Таңкы сууктун илеби улам сезилет.
Төр тараптан салкын аба дем бере,
Төмөнкү айыл коюн айдап өтө элек.
Жапыз үйдөн кең талаага жыт тарап,
Жаш көчөттү турган кези жел термеп.
Окуранат аркандалган жалгыз ат,
Ортоңку айыл койун айдап өтө элек.
Уйчуман уйун айдайт чогултуп,
Мурап болсо, сууга кетти бир кезек.
Жон-жондордон таза салкын жел уруп,
Жогорку айыл коюн айдап өтө элек.
Биринчи айыл бапыраган өзүммүн
Экинчи айылым кыштактагы кандаш элим.
Үмүт чачып айга-күнгө умтулган,
Үчүнчү айылым алдымдагы туулган жерим.
Гүлдөр каптап кең мейкиндин аймагын,
Ошолорду ырыма кошуп жазайын.
Асман-айга кеңейтип аймагын,
Аман болсун кагылайын үч айлым.
Бай кыштак
Акын элем ак баракка ыр жазган
Адам менен көңүл бөлүп сырдашкам.
Эмне үчүн көңүлүмө кут конбой,
Эмнегендир чүнчүп кетип баратам?
Туулган жерге бара албай калгамын,
Тыйыным жок такыр эле жардымын.
Жолдор узун, мени кимдер алпарат,
Жол кире жок баардыгы бүт кымбат.
Турмуш татаал мен бара албай калсам да,
Туулган жерим жүрөгүмдө толкун чачат.
Тербип көккө барчын болуп канат жаят,
Темир Канат көңүлүмдө толкуп жатат.
Теңирим болуп жан дүйнөмдө бай кыштак.
Жергеме
Кыл куйрук учса кырлардан
Кыйкырсам үнүм жетпеиир.
Кара боор учкан жарлардан,
Жаңыртсам үнүн жетпестир.
Көңдөйдө өткөн балалык,
Көөнүмдөн такыр кетпестир.
***
Жаз келгенде жергеме
Жаш балдар жарышат.
Качма топ ойноп бапырап,
Тоонун гүлү мандалак,
Топ-тобу менен ачылат
***
Бир жеңекем бар эле,
Ал жөнүндө баян айтам.
Ошону ырга салганы,
Ойлонуп кетип баратам.
Суурулуп колго карматпай,
Басанаак болчу жашынан.
«Акча-тыйын тапканы,
Алыс жакка аттанган.
Алыс сапар барса да,
Оңдуу эчтеке таба албайт.
Майда тыйын-тыпыр таап,
Мааниси жок кайрылат.
Эмне бекер туруптурбу,
Ал жеңеге акча деген.
Бир мааниси жок жерден,
Билинбей кирип иштеген.
Тентип-кетип сапар улап,
Жеңекем үйгө жолобойт.
Билинбей жүрөт белгисиз,
Бир кеткен соң жоголот.
Үйдө оңдуу тамак жок,
Какшып калган казаны.
Азап тартып көп ыйлайт,
Ачка болуп балдары.
Күйөөсү дайым аракта,
Мас болуп келет күнүгө.
Мынтип ичип отурса,
Ак молдо жетет түбүнө.
Мындай тентип жүргөнүнө
Он жылга жакындаган.
Айтканына жеңемдин,
Агам кантип чыдаган.
Басанаак ошол жеңемдин,
Буту сынып калса экен.
Үйүнөн такыр чыга албай,
Үңкүйүп үйдө жатса экен.
***
Кыйкуулап көлдүн ак куусу,
Кыялап көлгө конгону.
Кыроо басса, муз тоңуп,
Күз бүтүп, кыштын болгону.
***
Көңдөйүмүн ар бир кокту- колоту,
Китеп болот мага арнап жазылган.
Жөө кыдырып нечен ирет талыбай,
Жөлөк издеп ар биринен ыр табам.
Темир-Канат сырдуу китеп өзүмө
Дагы далай көп кыдырып басмакмын.
Китепти окуп ошол Көңдөй жеринен,
Кайра өзүнө китеп арнап жазмакмын.
Күлүктөрдү күүлөндүрүп,
Күн тийбеске айдадым.
Зоолорун көрүп жергемин,
Сорок Таштан кайрылдым.
***
Топ айыл көчтү бет алып,
Тоо жакка кайра камданып.
Жийделүү белди өрдөшүп,
Жигиттер кетти жол чалып.
***
Тоо боорунда айылга,
Торжорго минип баратам.
Тоолуктарды ырга салып,
Толгон баян жаратам.
***
Эртең ашуу ашабыз,
Кантеер экен малыбыз.