Ар бир жандын өмүрү,
Өзүнчө бир санжыра.
Санжыралап жердештерди
Баян айта кетейин.
Кайран өмүр өткөнүн,
Кайтадан бир эстейин.
Жердештерим санжырада,
Кала берсин эскерилип.
Айныбас өмүр өтөт го
Ар бир ырым эстелик.
***
Араба айдап келатат,
Ак көңүл агам Шалтабай.
Араба барат токтобой,
Аттар такыр чарчабай.
Биз дагы өмүр боюу,
Араба айдап келатабыз.
Аттар баспай калдыбы,
Астыга карай жылабыз.
Араба качан токтогондо,
Өмүр жылбай аяктайт.
Ашыккан өмүр чаалыктыбы,
Армандуу болот ошол чак.
***
Дүйнө алтын, байлыкка
Чынгыз ханда тойгон жок.
Албан журтту караткан,
Аксак Темир тойгон жок.
Наар татыбай дүйнө деп,
Наполеон да тойгон жок.
Искендер да жөн турбай,
Далай жерди жойлоду,
Сугун артып дүйнөгө,
Сулайман султан тойбоду.
Жердин жети түбүнө,
«Жетемин»– деп ойлонду.
Чөмүлүп Кум-Төр алтынына,
Байлык менен катынга.
Баарын берип тууганга
Бакийип дунган тойгон жок.
Калың журтту талатып,
Каркырадай жерин сатып,
Акайип каапыр тойгон жок.
Арман күн ай алыска,
Алар качып жоголду.
Опаасыз дүйнө экен го
Ошондой эле болмогу.
Алар тобой койгон соң,
Биз тоймок белек дүйнөгө
Ачылган оозу жыйылбас,
Арман тура бул дүйнө.
Тың жүрүп эл ичинде,
Аман-эсен жашайлы.
Биримдикте күч болот
Бир-бирибизди сыйлайлы.
Кыргыз эли аман болсун.
Дал ошону ойлойлук
Журт ичинде бар болуп,
Биз да аман бололук!
***
Алтынга бергис карылар
Алар да өтүп кетиптир.
Күүдөн тайбай уланып,
Күлүк мезгил безиптир.
Андан кийинки абалар,
Алар да карып калыптыр.
Арасында калып бир экөө,
Аларды оору басыптыр.
Агылып мезгил өтүптүр,
Агын суулар ташкындап.
Билинбей артта калыптыр,
Бир кездеги жалын чак.
Кечөөкү эле байкелер,
Ак чач болуп алыптыр.
Улгайгандык жөнүндө,
Улама кеп башташыптыр.
Биз да өтөөрбүз дүйнөдөн,
Бизден кийин ким калат?
Жалындаган күчү тың,
Жаштар өсүп келатат.
***
Байтак, байтак, байтак жол
Байтак жолдо эл көчөт.
Бай өзөндү аралап,
Байтал минген бала өтөт.
Курбу, курбу, курбу бел,
Курбуларга жол жөнөйт.
Куудулданып ыр ырдап,
Кунан минген бала өтөт.
***
Артуу, артуу, артуу бел
Ашуудан согот салкын жел.
Айланыш жолдун өзүнө,
Айланып конду биздин эл.
Аман болсоң өзүңө,
Аттанып бир бараармын.
Алыста калган балалыкты,
Айланып келип табаармын.
***
Агабыз биздин Муратбек,
Санжыраны жазыптыр.
Ырлары да бар экен
Ыргакты сонун ачыптыр
Арыбас ушул өмүрдө
Арбын жашка барса экен.
Сабалатып санжыраны
Дагы далай жазса экен.
Тагынып чыгаар төшүнө,
Ордендери бар экен.
Аккан арыктан суу агат,
Суктанып аны эл карайт.
Атасындай агабыз,
Ардактап аны сыйлайбыз
Айтылып элде калса экен.
Таанылбаган дагы көп,
Талант жолун ачса экен.
***
Жолугуп калдым Жамансартка
Өткөндө барып жолугуп.
Өткөн-кеткен баянды,
Маек курдук отуруп.
– Кандай досум, ак молдону,
Чертесиңби баштагыдай?
– Мен аны небак таштап
Стаканды калгам кармабай.
Такыр эле калгамын,
Ботолкени карабай.
Көңүлүм айныйт карасам,
Качтым ошол каапырдан.
Мас кылган наадандан
Кайта андан сурадым:
–Ак молдонун оордуна
Эмне ичип жүрөсүң?
Мындай деди жообума:
– Карандай чайга сүт кошуп,
Кымыран ичип калгамын,
Кымырынып өтө сакмын.
Ошол оңбос каапырды
Өлгөнгө чейин таштадым,
Кымыран такыр мас кылбайт,
Ичсен соң чатак чыгарбайт.
Бирөө менен сүзүштүрүп,
Чоң жаңжалды баштатпайт.
Бекер жерден көлдөтүп,
Акчаны такыр чачпаймын.
Аялымдан жеме укпай,
Күлүп-жыргап жайнаймын.
– Мезгилдин шарты ошол
Кымыран ичип аман бол!
Артта калган качанкы,
Унутпай эсте балалыкты.
Анан эстен чыгарба
Жыргап ичип жүргөн чакты.
Алыста калган качанкы.
А мен болсо сен үчүн,
Ден соолугуң өмүрүң үчүн
Жүз грам ичип койомун.
Баягы жыргал чагыңдай
Сенчилеп мас болоормун
Бактылуу болсун туугандар,
Дал ошону ойлоймун
Көз жиберсең бир кезге
Мен келем сенин эсиңе.
Кандай сонун бала чак,
Кабагы ачык жаркылдак.
Андан кийин сендей болуп,
Ичкенди такыр таштаймын,
Кымыран иче баштаймын.
Тиштер түшүп карыдык.
Кымыран ичип калалык.
Аялдардан жеме укпай,
Аман-эсен жашайлык.
***
Мыкый үкүк деген куш
Мындайраакта үн салат.
Анын салган доошуна,
Айдың тоолор жаңырат.
Арпа Тектир тараптан,
Атыр жел улам согууда.
Мыскылдата сөз салган,
Мырзалар аман болгула!
Күн Тийбес деген тараптан,
Күкүк кушум үн салбай.
Уларлар кончу конушка,
Уялап алган чакчыгай.
Доомат койбой көңүлгө
Дооштор улам жанууда.
Доорго сонун күү кошкон,
Достор аман болгула!
Кыйладан бери салт ушул,
Кыз беришип алышмай.
Бийиктикти парс тутуп,
Бири-бирин сыйлашмай.
Үзүлүп кайра уланып,
Үмүт оту жанууда.
Кудуңдашып бел туткан,
Кудалар бар болгула!
Акбоз атчан алыска,
Айбыкпай кетип баратат.
Ашууларда сапарлаар,
Астыда далай жол жатат.
Жакшылык келип жакындап,
Жаркын илеп согууда.
Жанды койбой сыйлашкан,
Жаралгандан бакыт арнашкан
Жаркындар аман болгула!
Эне деген кеткен соң
Экинчи кайра жаралбайт.
Ыйык туткан туугандын,
Ысмын эч ким баса албайт.
Туу көктө учкан ыйык куш,
Тууруна келип конууда.
Туу тутуп күндө сыйлашкан
Туугандар аман болгула!
Куу дүйнөнүн аягына,
Куусак дагы жетпейбиз.
Куруп кетсин бул турмуш
Куушуп бир күн кетеербиз.
Конок болуп жашоодон,
Коштошуп биз кетебиз.
Кубулма экен бул жашоо
Кууралы жыргал болууда.
Кудуңдашып сыйлашкан,
Кудайдан бакыт арнашкан
Кудалар аман болгула!
Алым сабак акыл айтып,
Адат менен белгилеп.
«Жетик бол!»-деп турмушта,
Жемелеер кезде жемелеп,
Айдыңы тоодой көрүнүп,
Арбын үмүт кошууда,
Алдыга дайым жол тапкан,
Апалар аман болгула!
Ата-энеси балага,
Жем издеген таранчы.
Баласына «чачсам»-дейт,