Иши күндө оңолсун
Байлыгы көккө оболосун.
***
Көкүш аба минген көк жорго
Басыгы сонун жол жорго.
Көркөмү улам ачылып,
Көйкөлүп сызат чоң жолдо.
Башына кийген тебетей,
Башкача болуп калдаят.
Жонуна кийген чепкени,
Жорунун канатындай далдаят.
***
Ыскак аба минген тор жорго
Ыргыштап сызат чоң жолдо.
Дайны улам айтылып,
Даңкан чачат оң-солго.
Үстүн кийген пальтосу,
Делбирей кетип баратат.
Этек жагы токтобой,
Шамалдап улам далпактайт.,
Келишимдүү денеси,
Келин-кызды карантат.
***
Арак ичип алганда
Жердешим батат арманга.
Жемелей берет аялын
Жемирип жеп кайта да.
Аялы деле не кылмак.
Болоор иши болду да.
Кезинде өткөн ошол иш
Келмек беле оордуна.
Кежирлик кылып кемирсе,
Кеткен кез азыр келеби.
Кымбаты кайра кыңшылап,
Кыз болуп чыга келеби.
***
Арак саткан тааныш болгон
Арбын тапкан пайданы.
Даамын татып арам оокаттын,
Далай ирет хайлады.
Арамдык деген арамдык,
Акыры жүрүп жакпады.
Алдырып арам буюмун,
Аңгырап үйү ээн калды.
Чыгым болгон оокатына,
Чыркырап жүрөт балдары.
Күлдөй учкан акчасына,
Күйүп кетти аялы.
***
Бозргон жардын бетине
Боз таркылдак уялар.
Боордо турган уяны,
Боз балдар көрүп суктанаар.
Боор ылдый жалама,
Боордо турган уяга.
Боз балдар жетпей тим калаар.
«Уяма жетпей калды»– деп,
Учкан кушум кубанаар.
***
Контракт деп бакылдап,
Кап-кара жапалак.
Жарыя айтып лакылдап,
Музоо алганы келатат.
Ал келсе бизди оңдурбайт,
Эгерим эки болтурбайт.
Жалбарсак да сөздү укпайт,
Айрылсак жалгыз музоодон,
Бөбөктөрүм ыйлашат,
Катыксыз кантип жан багат.
«Кеткин кара, кет ары
Музообуз жок келбегин.
Жалгыз кара музоого
Жамандык кылып тийбегин».
«Жаман кары жапалак,
Жарыя айтып бакылдап,
Тай алганы келатат
Ал келсе, биди курутат,
Аянычтуу сөздү укпайт.
Үйрүнөн бөлүп кармаган,
Үйрөтүп жүргөн башынан.
Инимдин жалгыз тайы бар,
Иним тайын алдырса,
Жабагадан айрылса,
Мончоктоп жашын агызат,
Мокочодон жан чыгат.
Ак чач болгон энебиз,
Соорото албай кайгырат.
Кеткин кара кеткиниң,
Тайыбыз жок келбегин.
Жалгыз кара жабагага,
Жамандык кылып тийбегин».
***
Райкомду көрсөң жүгүрүп,
Баш урасың бүгүлүп.
Көргөндө сенден үшүймүн,
Үтүрөйгөн жүзүңдөн.
Үлп эткен жел өтө алгыс,
Үйүп жыйган дүйнөңдөн.
Билимиң деле жок эле,
Сатып алдың кагазды.
Кайрымы жок пендеге,
Кагаздан акыл чыгабы.
Сендейлер элди башкарсаң,
Журттун күнү не болот.
Калкы калат жакырлыкта,
Караңгылык анда орнойт.
Бузук адам эл башкарып,
Буудан минип чочоңдойт.
Жегич адам эл башкарса,
Жер үстүнө чөп чыкпайт.
Жону жука жакыр эл,
Жокчулуктан кайсалайт.
Чекеге бүткөн жалгыз тайды,
Дал ошентип алдырат.
Айлалары улам куруп,
Абышкалар жалдырайт.
Партиянын заманы,
Дал ошентип өтүп кеткен,
Партия менен биригип,
Жапаровдор кошо кеткен.
Өтүп кетти закымдап,
Андан бери көп заман.
Желе жортуп такымдап,
Чарк уруп жер айланган.
***
«Байке», «байке», «байке»– деп,
Чуркап алгам артынан.
Арбын жыл бирге жашадык,
Айланса болот жакындан.
Эсил жылдар кетсе да,
Элеси эсте кайрадан.
Шамалдай деген агамын,
Шарданына таянгам.
Ак чач болуп баштары,
А да карып калыптыр.
Татына болчу тиштери,
Такыр эле калбаптыр.
Калбаса да мейличи,
Токсон жашка барса экен,
Кадыр деген инисине,
Караан болуп жүрсө экен.
Калаабат өмүр сүрсө экен.
***
Тууганга тууган сый чачып,
Туурадан жылдыз жаркысын.
Ортосунда алардын,
Оргуштап таза суу аксын.
Көрүнгөн жолду көрсөтүп,
Көктө жылдыз нур чачсын.
Жакындарды алыстатпай,
Жаман санаа баспасын.
Жалындаган жашоону,
Жаркын үмүт каптасын.
Жашообуз өзү- шам чырак,
Жакшылыктар жайнасын.
***
Акмакты акмак дегенде
Ачуусу келип каарданды.
Акмак эмей эмне эле,
Ачуусу келип калса эле,
Акылман боло калабы.
Акылман деп аны атасам,
Башкалар ага ишенбейт.
«Акмактарга жакын болгон
Көк мээ шүмшүк адам»– дейт.
***
Бир жеңекем бар эле,
Таштай албай аракты.
Аны менен бирге өткөрдү
Аруу таза жаш чакты.
Катып келет бөтөлкөнү
Бөлтөйтүп алып чапанына.
Андан кийин шимирет,
Абайлатпай балдарына.
Айтканы такыр төп келбей,
Айныгансыйт акылдан.
Эмнеге мындай болгон деп,
Эсим чыгып таң калам.
Догдур келип текшерсе,
Дени соо тунук баардыгы.
Бирок жаман жоругу,
Кетирип турат айланы.
Анын көрүп абалын,
Капаландык баарыбыз.
Не кылаарды биле албай,
Катып турат башыбыз.
***
Качкын деген агам менен
Жылмайып келип көрүштүк.
Кусалыкка батыппыз,
Кучакташып өбүштүк.
Кечөөгүнкү жаш жигит,
Абышка болуп калыптыр.
Кайра-кайра ойго батып,
Огеле токтоо тартыптыр.
Эске сала баштадым,
Өткөн өмүр баардыгын.
Жалындап от жанган,
Жаш жигит эле жайнаган.
Жеңелери ашык болуп,
Карап турчу тигиле.
Ушундай сонун жаш жигит,
Карыбай койсо эмине?
Жараткан аны карытты,
Бизде өчү бар беле.
Качкын байкем мели карысын,
Март байкем кошо карыптыр.
«Булар эмне картайды»– деп,
Жиним келип калыптыр.
Ак ала топу кийгенсип
Ак чач болуп алыптыр.
Көрүп алып ак чачын,
Жиним келди аябай.
Ким карытты буларды,
Урушкум келет аянбай.
Таяк алып жерди сабап,
Ыйлап жаттым аябай.
Бала чакта буларды
Карыбайт деп эсептегем.
Көз кысып жеңелерине,
Көркөмдүгү калат дегем.
Колуман келсе аларды,
Кармап дайым жаштыкта.
Карылыкка карматып,
Салбайт элем азапка.
Кыздарга ашык кылып,
Кылым боюу кармамакмын.
Жалындата от чачып,
Жаштык менен сыйламакмын.
Абаларымы карылыкка алдырып,
Мен тагдырга таарынып.
Жаш баладай өкүнүп,
Ыйлагым келди өкүрүп.
***
Кагылайын Асегим
Караан болчу тентегим.
Кагып-согоор эрмегим,
Жаныман карыш жоголсо,
Жалгызсырайм ошондо
Жакырдыкты тартамын,
«Жаныма кел» деп айтамын.